Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Бала асыроо ишинде кайрадан жаңжал


Токмок шаарындагы балдар үйүнөн америкалыктар асырап кеткен Элли-Аймана Латтэм ата-энеси, байкеси менен. Теннесси штаты, 2011-жыл.
Токмок шаарындагы балдар үйүнөн америкалыктар асырап кеткен Элли-Аймана Латтэм ата-энеси, байкеси менен. Теннесси штаты, 2011-жыл.

Кыргызстанда бала асырап, башка өлкөгө алып чыгуу ишин жүргүзгөн чет элдик компанияларды тандоого байланыштуу дагы бир чыр чыкты.

Башкы прокуратура чет элдик компанияларга бала асыроого уруксат берүүдө Социалдык өнүктүрүү министрлиги одоно мыйзам бузууларга жол бергендигин ырастоодо. Ага ылайык, Социалдык өнүктүрүү министрлиги буга чейин тандалып алынган уюмдардын ишмердигин токтотту.

Буга чейин да аталган министрликтин башчысы Равшанбек Сабиров бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан пара алды деп айыпталып, камакка алынган болчу.

Документ бар, уруксат жок

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы башка мамлекеттерге бала асырап, алып кетүү ишин уюштуруучу чет өлкөлүк фирмаларга берилген уруксат кагаздарын жокко чыгаруу сунушун Социалдык өнүктүрүү министрлигине жолдоду. Башкы көзөмөл органдын маалымат катчысы Сейит Апышов буларды айтты:

- Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча чет элдик органдарды жана уюмдарды аккредитациядан өткөрүүнүн тартип-жоболору жана талаптары одоно бузулгандыгы текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталды. 2011-жылдын 27-августунда чет элдик уюмдарды каттоо боюнча токтомдун шарттары бузулган. Анын жыйынтыгында Социалдык өнүктүрүү министрлигине мыйзам бузууларды жөнгө салуу боюнча эскертүү жана каттоодон өткөн чет элдик он компаниянын уруксат кагаздарын чакыртып алуу боюнча сунуш бердик.

Тандап алуудагы алешемдиктерди көзөмөлдөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылгандардын бири - “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова. Анын маалыматы боюнча, америкалык фирмага Ички иштер, Тышкы иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин тыянактары жоктугуна карабай уруксат берилсе, испаниялык фирма да ТИМдин маалыматы жок уруксат алганы айтылууда. Айтматова комиссиянын иши айкын жүргөн жок дейт.

- Эмне үчүн кээ бир уюмдар уруксат алып, ал эми айрымдары албай калат? Бул эч бир логика сыйган жок. Уруксат алгандардын ичинде да татыксыздары болгон.

Комиссияга жалпысынан 24 фирма документ тапшырып, анын ичинен 10 уюмга уруксат берилген. Алардын бири менен байланышканыбызда маек куруудан баш тартты. Ал эми документ тапшырып, бирок уруксат ала албай калган чет элдик компаниянын өкүлү Чынара Абдылдаева “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биздин фирманы "документтерди толук даярдаган эмессиӊер" деп каттабай коюшту. Чындыгында баарын эле тапшырганбыз. Эми андан бери алты ай өткөн соӊ ачык эле айта алам. Мисалы, биздин фирманы документ толук эмес деп каттабай койгон соӊ деле "юристтерге барып сүйлөшүп көр, балким бир нерсе ойлоп табабыз" дешти. Эгер чындыгында эле документ толук эмес болсо, кантип эле бир нерсе ойлоп табууга болсун? Ушунун баары эле бизден бир нерсе өндүрүүгө болгон аракеттер деп ойлойм.

Кайрадан мораторийби?

Чет элдик фирмалардын бала асыроо ишинде так эместиктер жана алешемдиктер бар экендигин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да 17-июлда билдирип, эки аптанын ичинде муну жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын Социалдык өнүктүрүү министрлигине берген. Өкмөт башчы зарылчылык болсо, кайрадан мораторий киргизүү зарылдыгын да айтууда.

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, комиссиянын төрайымы Гүлнара Дербишева Башкы прокуратура чет элдик компаниялардын таржымалы боюнча Тышкы иштер министрлигинен маалымат албастан, аларга уруксат бергенди мыйзам бузуу катары карап жатканын айтты:

- Негизи мыйзамда Тышкы иштер министрлиги эки айдын ичинде карап, бизге маалымат бериши керек. ТИМ “эки айда бере албайбыз, алты-сегиз ай да бизге аз” деп айтып жатышкан болчу. Ошондуктан көп компанияларды биз Тышкы иштер министрлигинин корутундусу жок эле карап жаткан элек. Ошон үчүн Башкы прокуратура “силер ТИМдин корутундусу жок карап койдуңар” деген дооматтарды айтып жатат.

Ал эми 6-июлда аталган министрликтин жетекчиси Равшанбек Сабиров бала асыроо иши боюнча документ тапшырган чет элдик компаниядан пара алды деген шек менен эки айлык мөөнөткө камалган болчу. Бирок Гүлнара Дербишева министрликте жемкорлук бар дегенге кошулбайт.

- Жок, мен андай сөздөргө кошулбайм. Министрдин күнөөсү бар-жогун сот чечет. Бирок биз комиссияда иштеп, андайды эч байкаган жокпуз.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги Башкы прокуратуранын эскертүүсүнөн кийин уруксат алган компаниялардын баарынын ишмердүүлүгүн эки айга токтотту. Ушундай эле мезгилге комиссиянын иши да токтоду.

Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын айрым депутаттары 2008-жылы бир нече коррупциялык схемаларды таап чыгып, анын негизинде башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстандан бала асыроосуна мораторий жарыяланган. Ал тыюу 2011-жылдын май айында алынган болчу. Ага ылайык, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында мекемелер аралык комиссия түзүлүп, өткөн жылдын октябрь айынан быйылкы жылдын май айына чейин бала асыроону уюштуруу боюнча 10 чет элдик фирма тандалган. Адистердин айтымында, Кыргызстанда чет өлкөлүк ата-энелерин күткөн 300дөй бала бар.

XS
SM
MD
LG