Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Алайлык Гүлдана асманда көз жарды


22-январда Санкт-Петербург шаарынан Ошко келаткан учактын бортунда көз жарган Гүлдана Шерикпай кызынын ден соолугу жакшы.

Учакта төрөлгөн ымыркай ушул күндөрү Ош облустук төрөтканасына келгендердин баарынын кызыгуусун жаратууда. Баланын апасы 23 жаштагы Гүлдана Шерикпай кызы Алай районунун Согонду айылынын тургуну. Ымыркай анын экинчи баласы экен.

Асманда көз жарган келин учакка отурганда өзүндө төрөттүн эч кандай белгилерин байкаган эмес. Учак жарым жолго жеткенде анын толгоосу башталган. Буту менен келген ымыркайды экипаждын командири Алексей Романюк төрөтүп алган. Бала жарык дүйнөгө келгенден соң, бир жарым сааттан кийин учак Ошко конгон:

- Менин эсебимде кийинки айларда төрөшүм керек болчу. Баланын канча айлык экенин так билчү эмесмин. Курсагым да чоң эмес эле. Кыргызстанга кетем деген күнү эртең менен душка түшкөм, ошол учурда белим бир аз ооругандай болгон. Мындай учур мурда деле болгондуктан маани бербептирмин. Учакка отураарда, жүгүмдү тапшырып жаткан кезде да белим ооруду. Анда деле толгоо башталып жатат деген ой келбеди. Асманга көтөрүлгөнүбүздө көңүлүм айныды. Ичимдеги бала кыймылдай баштады. Ажатканага кирдим. Анан эле толгоо башталды.

- Жаныңызда тааныштардан бирөө-жарым бар беле?

- Жок, эч ким жок эле. Менин толготуп жатканымды көрүп, жанымдагылар айткан окшойт, учактагы командир Алексей Романюк жардамдаша баштады. Дагы бир-эки стюардесса кыз көмөктөштү, бирок негизги жардамды Алексей берип, ошол киши төрөтүп алды.

- Отурган эле ордуңузда төрөдүңүзбү же башка жакка алып барыштыбы?

- Адамдардын арасында эле, өзүм отурган орундукта төрөдүм.

Гүлдана Санкт-Петербург шаарындагы дүкөндөрдүн биринде сүт азыктарын сатып иштечү экен. Эреже боюнча ай-күнү жакын айымдардын учакта учуусуна уруксат берилбейт. Гүлдана боюндагы баласы канча айлык экенин так билген эмес, анын үстүнө курсагы да чоң болбогондуктан, билет алууда кыйынчылык жаралбаганын айтты. Анын божомолунда баласы кийинки айларда төрөлүш керек эле.

Эки жарым килограмм салмакта дүйнөгө келген ымыркай азыр реанимация бөлүмүндө жатат. Аэропорттон төрөт үйүнө келгенге чейин үшүп калгандыгына байланыштуу ден соолугу начарлаганын облустук төрөткананын жетекчи орун басары Асылкан Асанова айтты:

- Менин практикамда учакта төрөп келген учур алгачкы жолу кездешүүдө. Ошол күнү мен төрөтканада нөөмөтчү элем. Таң атайын дегенде Тез жардам машинесинде алып келишти. Учак таңкы саат төрттөрдө конгон экен. Келиндин абалы жакшы, ден соолугунда эч кандай маселе жок. Бала буту менен төрөлгөндүгү жана шарты жок жерде жарык дүйнөгө келгендиги үчүн кыйналып калган. Анын үстүнө төрөтканага келгенге чейин үшүп да калыптыр. Андан сырткары ай-күнүнө бир аз жетпей төрөлгөн. Ошого байланыштуу ден соолугу начарлап турат. Реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Качан гана абалы дурус боло баштаганда, үйгө алып кетүүгө уруксат беребиз.

Авазкан Жакыпова
Авазкан Жакыпова
Эне-бала Ош аэропортунан төрөтканага келер замат келиндин үй-бүлөсүнө кабар берилген. Гүлдананын кайненеси Авазкан Жакыпова алгач бул маалыматка ишенбегенин айтты:

- Телефон чалып, "эне, мен учакта төрөдүм, азыр төрөтканадамын" дегенде ишенген жокмун. Себеби ай-күнү жете элек болчу да. Кантип төрөгөнүн сурасам учкуч төрөткөнүн айтты. "Асманда да кантип төрөсүн" деп бир топко чейин ишенбей, анан ынандым. Төрөттү кабыл алган ошол учкучка ыраазымын, өмүрү узун болсун. Неберем буту менен төрөлүптүр, бул аябай татаал төрөт. Алексейге рахмат.

Ымыркайдын атасы азыр Орусияда. Балага ат коюла элек. Төрөттү кабыл алган учкуч бөбөккө өзүнүн ысымын берүүнү суранган. Бул боюнча Гүлдана үй-бүлөсү менен кеңешип, анан бир чечимге келишээрин айтты.

Төрөт кабыл алынган учак Орусиянын "Россия" авиакомпаниясына тийиштүү экен. Акушердик кылган учкуч Алексей Романюк азыр мекенинде болгондуктан аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгөн жок.

XS
SM
MD
LG