Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Оппозициянын АКШга сапары


Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү бүгүн АКШга жөнөп кетти. Алардын бул сапары басма сөздө жана интернет коомчулугунда бир топ талкуу жаратты.

Оппозициянын АКШга болгон сапары парламенттеги оппозициячыл депутат Равшан Жээнбековдун жеке демилгеси болуп, сапардын чыгымдарын ар ким өз капчыгынан төлөмөй болду.

АКШга бараткан топтун курамында Кубатбек Байболов, Кубанычбек Кадыров, Адил Турдукулов өңдүү бийликке сын айтып келген саясатчылар жана жаш активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бар экени айтылууда. Равшан Жээнбеков оппозициянын бул сапары эч кимге жашыруун эместигин айтты:

- Кремлге бараткан саясатчылар жеке кызыкчылыгы менен барат, "мени президент кылып кой, өкмөт башчы кылып кой, менин партиям шайлоого баратат, акча берип кой, жардам кыл" деп барышат. Биз болсо АКШга "революция кылабыз же шайлоого жардам бергиле" деп акча сурап, бараткан жокпуз. Биз "мамлекеттин азыркы кыйын абалынан кантип чыгабыз, силерден кандай жардам болот мамлекетибизге, кандай колдоо көрсөтө аласыңар" деп, ушул маселени талкуулайбыз.

Жээнбековдун айтымында, АКШда оппозиция иштеп чыккан Кыргызстандын өнүгүү багыты жана Орусиядагы соңку кризистин таасирине туруштук берүүчү “Максаттуулук жана сабырдуулук” программасы талкууланат.

АКШга кеткен оппозициянын максаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:41 0:00

Анткен менен оппозициянын бул сапарын Украинадагыдай башаламандыкты уюштурууну көздөөдө, ыңкылап уюштуруу үчүн сырттан каражат издеп кетишти деген сыяктуу катуу сындар коштоду.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев оппозициянын бул кадамы Кыргызстандын Орусия түзгөн бирикмелерге кошулушу АКШга жакпай жатканы деп боолгоду:

- Менимче, ар бир таасирдүү өлкө башка өлкөдө өздөрүнүн сөзү өтө турган саясатчылар аркылуу кызыкчылыгын коргосо керек. Азыр Кыргызстандын Евразиялык шериктештикке кошулуп жатканы Батыш мамлекеттерине жакпашы мүмкүн. Булар ушул жаатта сүйлөшсө керек. Кыргызстандын ичинен колдоо таппагандар четтен колдоо издеп жатышат.

Депутат Кутушевдин пикиринде, азыр оппозиция кандай ыкмаларды колдонгон күндө да эл ичинде бийликке болгон ири нааразылык байкалбайт. Депутат Равшан Жээнбеков болсо оппозиция АКШдагы жолугушууларда өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча да маселе көтөрөрүн айтууда, ал учурда Орусиянын саясатын бир беткей жүргүзгөн ондогон медиалар эгемен Кыргызстандын элинин башын айлантып жатканы чоң коркунуч экенин айтууда.

Жээнбеков орус медиасына каршы турчу альтернативдүү медиалар зарыл деп эсептейт:

- Бүгүн Кыргызстанда Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн он чакты медиа бар. Эгемен, улуттук кызыктылыкты колдогон медиалар болгону бирөө же экөө. Аларга каршы ОРТ, Россия 1, Россия 24, НТВ, Спутник сыяктуу медиалар кыргыздын улуттук кызыкчылыгы үчүн эмес, Орусиянын улуттук кызыкчылыгынын үстүндө иштеп, биздин элдин башын айлантып жатат. Биз колубуздан келишинче улуттук кызыкчылыктагы маалымат каражаттарын көбөйтүшүбүз керек.

Равшан Жээнбеков азыркы бийликтин бир багыттуу Орусияга ыктаган тышкы саясатын, Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар улам азайганын жана президент Атамбаев авторитардык режимге ыктап баратканын сындап келет.

Табылды Акеров.
Табылды Акеров.

Саясат таануучу Табылды Акеров оппозициянын АКШга сапарын кубаттап, мындан чоң саясат издөөнүн зарылдыгы жок деген пикирин айтты:

- Буга чейин деле кыргыз саясатчылары АКШга барып, демократиялык ишмердик боюнча жолугушууларды өткөрүп келген. АКШ барган саясатчылардын баарына эле акча берип, ыңкылап уюштурат деген туура эмес. Алар демократия, жарандык коом куруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, жол көрсөтөт деп ойлойм.

Ошентип кыргыз оппозициясынын АКШга сапары башталбай жатып талаш-тартыш, талкуу жаратты.

Эксперттер азыркы президент Алмазбек Атамбаев “Манастагы” АКШнын транзиттик базасын чыгаруу чечимин кабыл алып, Орусияга биротоло ыктаган саясаты АКШнын көңүлүн суутту деп билдирип келишет. Буга мисал жакында эле кызматтык мөөнөтү аяктап кетип жаткан АКШнын элчиси Памела Спратлен айым Кыргызстандагы демократияны колдоо көйгөйүнө камтама болуп, соңку мезгилде кремлчил масс-медианын пропагандасы күч алганын, Кыргызстандын Орусия менен өрчүп бараткан өнөктөштүгү өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолун сактап калуусуна коркунуч келтирет деп билдирүү тараткан. Мындан көп өтпөй кыргыз оппозициясынын АКШга жөнөп калышы түрдүү күмөн ойлорду жаратты.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG