Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Ташкенде кыргыз дипломаты арак саткан деп айыпталууда


Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.
Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.

Өзбекстандын бир катар маалымат сайттары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери Канатбек Шаршенбек Ташкенге аракты мыйзамсыз ташыганын жазып чыгышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги учурда окуя такталып жатканын, дипломат Бишкекке чакырылганын билдирүүдө. Айрымдар бул окуяны коңшу өлкөнүн Кыргызстанга карата чагымчыл аракети дешсе, кээ бирлери кыргыз дипломаттары чын эле чектен ашып кеткендигин айтып жатышат.

ТИМ окуянын чоо-жайын териштирүүдө

Өзбекстандын маалымат каражаттарында жарык көргөн кабарларга ылайык, окуя мындан 10-15 күн мурдараак болгон. Алар жазгандай, Ташкендин Юнусабад районунун милиция кызматкерлери кымбат баалуу, импорттолгон спирттик ичимдиктерди мыйзамсыз сатып жаткан Аюба Янва аттуу жергиликтүү тургунду кармаган. Тергөөдө ал аракты ага Тимур Алимов деген жаран алып келип берип турганын айткан.

Иликтөөдөн кийин бул иштердин баарынын уюштуруучусу катары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин биринчи катчысы Канатбек Шаршенбек экени аныкталган. Кабарларда өзбек милициясы окуя боюнча дагы иликтөө жүргүзүп жатканы айтылат.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги болсо окуя такталып жатканын айтып, жагдайга кененирээк түшүндүрмө бере элек. Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков кыскача мындай комментарий берди:

- Өзбекстандын маалымат каражаттарынын көбүндө ушул окуяга байланыштуу кабар таркап жатат. Ушуга байланыштуу маселени иликтеп, кырдаалды билүү үчүн аталган кызматкер Бишкекке чакырылды. Тышкы иштер министрлиги окуянын чоо-жайын аныктап, абалды тактагандан кийин гана жыйынтыктуу маалымат беребиз.

Июлдун ортосунда болгон окуя айдын аягында таралып жатканы анын атайын даярдалганынан кабар бергенсийт. Маалымат каражаттарындагы кабардын тексттери да бирдей үлгүдө, бирдей форматта жазылган. Бул кайсы бир деңгээлде кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, андагы чыр-чатактарга жана Ошто газ кризиси курчуган мезгилге туш келип олтурат.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев кыргыз дипломаттарына карата жасалган бул маалыматтык чабуулду Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы соңку мамилелер менен байланыштырат:

- Акыркы мезгилде Өзбекстан Кыргызстанга карата өтө жагымсыз, достукка, кызматташтыкка кепил келтирбей, тескерисинче ага терс таасирин тийгизе турган кадамдарга барып атканы бул жашыруун деле эмес. Мисалы экономикалык багытта да - газды бербей койгону, биздин өкмөттөн барган каттарга жооп бербей, теңине албагансып, дипломатиялык багытта ачык эле каршы иш жасап аткандай болуп турат. Албетте, бул факты дагы Өзбекстандын бизге карата көп жылдан бери келаткан саясатынын логикалык уландысы болуп жатат.

Жекшеев ошондой эле кыргыз бийликтери бул маалыматтардын чын төгүнүн аныктап, ачык маалымат берип коюусу керектигин айтат:

- Эгерде биздин элчиликте иштеген кызматкерибиз ошол шектүү иштерге аралашканы чын болсо, ал сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек. Ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бирок кандай болгон күндө да бул жерде саясий негиз жокпу деген жаман ой кетет экен. Ошон үчүн бул ишти өтө кылдат, өтө этияттык менен иликтешибиз керек. Күнөөсү жок адамдын убалына калып, жаманатты кылып албай, элчиликте иштеп аткан жигиттерибиздин намысын сакташ үчүн, Кыргызстандын имиджи үчүн биз бул окуяда чындыктын түбүнө жетишибиз керек.

Кыргыз дипломаттары тартипсизби?

Дипломат Канатбек Шаршенбек мурда да өзбек маалымат каражаттарынын каарманы болгон. Ал өткөн жылы өзбекстандык “тез жардам” кызматкерлери менен кайым айтышып, улутчул маанайдагы сөздөрдү айтканы, кийинчерээк Ташкендеги коңшу-колоңдору менен чырдашканы жөнүндө өзбек маалымат каражаттары кабар тараткан. Ал маалыматтарды Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги эки өлкөнүн достук мамилесине доо кетирүүнү каалаган күчтөрдүн атайын чагымы деп баалаган. Элчиликтеги быйылкы чыр да ушул эле дипломатка байланыштуу болгону кыйла шек туудурат.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул өнөкөттөрдү дипломаттардын өздөрүнүн жоопкерчиликсиздиги менен түшүндүрөт:

- Бул жерде "бөйрөктөн шыйрак" чыгарбаш керек. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле начарлап кетти, ошондуктан ушундай болуп жатат деген чындыкка жатпайт. Анткени буга чейин 5-6 жыл ичинде дипломаттарга байланышкан мындай фактылар көп эле болгон. Ошол эле Англияда кыргыз дипломаттары тамеки сатып кармалып, бул жактан аларга кылмыш иши козголду. Андан мурун Нью-Йоркто бир нече дипломаттык кызматкерлер бажы төлөмүсүз ичимдиктерди мыйзамсыз сатып жаткан жеринен кармалышты. Бул эмнеден кабар берип турат? Бул дипломаттардын ичинде тартипсиздик, мыйзамды сыйлабастык, жоопкерчиликсиздик өсүп кеткенинен кабар берип атат.

Буга чейин Бишкекте да өзбек дипломаттарына байланышкан чуулуу окуялар катталган. Маселен былтыр Кыргызстандагы өзбек элчилигинде консул болуп иштеген Мехридин Хайриддинов 23-август түнү Бишкекте мас абалында элчиликтин автоунаасын айдап баратып “Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшө кеткен. Андан соң өзбек дипломаты “Жигулинин” айдоочусуна кол көтөргөн. Буга байланыштуу жыл башында Хайриддиновго “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргыз дипломаты Канатбек Шаршенбекке байланыштуу окуяны Өзбекстан ушуга жооп кылды дегендер да бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG