Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Өзбекстан Кыргызстанга кыр көрсөттүбү?


Өзбек тарап менен чек ара өткөрмө пункттары боюнча сүйлөшмөк
Өзбек тарап менен чек ара өткөрмө пункттары боюнча сүйлөшмөк

Өзбекстан менен чек ара өткөрмө пункттары боюнча Ташкенге сүйлөшүүгө барган Кыргызстандын өкүлчүлүгү кабыл алынган жок.

Ташкендеги жолугушууну эки күн бою күткөн кыргыз тараптын өкүлчүлүгү кайтып келүүгө мажбур болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Ташкендин дипломатияга туура келбеген мындай мамилесине байланыштуу Бишкектеги өзбек элчисинен түшүндүрмө талап кылды.

Үзгүлтүккө учураган жолугушуу

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы алдын ала макулдашуу боюнча Ташкенде 29-июлга эки тараптуу жолугушуу дайындалган. Анда чек ара өткөрмө бекеттери боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун шарттары талкууланмак. Бирок кыргыз өкүлчүлүгү Ташкенге учуп барган күнү өзбек тарабы чукулунан эле жолугушуудан баш тарткан.

Өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров өзбек тарап жолугушууну атайын үзгүлтүккө учуратканына токтолду:

- Макул болуп, бизди ал жакка чакырып алып, биз барган соң кайра жолугушпай коюшпадыбы. Болбосо биз баратабыз деген нота кеткен болчу. Биз ал жакка учуп кеткенден кийин алар бул жакка “биз төмөнкү деңгээлде гана сүйлөшөбүз, андай деңгээлдеги жолугушууга даяр эмеспиз” деген жооп жөнөтүшүптүр. Өзбек тарап өздөрү сунуштаган деңгээлдеги адамдар менен гана сүйлөшөбүз деп жолугушууга келбей коюшту. Биз барган өкүлчүлүктүн арасынан эле кандай деңгээлде болбосун сүйлөшүүгө даяр экенибизди айттык. Бирок жооп болбоду.

"Достук" чек ара пункттары
"Достук" чек ара пункттары

Буга байланыштуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов 31-июлда Бишкекте Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Анда өзбек элчисине Ташкенге бара турган кыргыз өкүлчүлүгүнүн курамы бекитилгенден кийин гана жолугушуунун форматын өзгөртүү сунушу келгени айтылды. Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты жолугушуу мындай форматта өтпөй турганы кыргыз тарапка алдын ала эле эскертилген болчу деп жазып чыкты.

Анткен менен дипломатиялык чөйрөдө расмий Ташкендин бул кадамы кыргыз тарапка кыр көрсөтүү катары кабыл алынууда. Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов бул туюк мамиле тууралуу мындай дейт:

- Негизи эреже боюнча эки тарап кандай форматта, кайсы жерде жана кайсы маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү алдын ала пландалат. Ошол маселелерди такташып алгандан кийин жолугушуу болот. Бирок ортодо кандайдыр бир пикир келишпестиктер болгон учурда да ал жактан келип, кыргыз өкүлчүлүгүнө жолугушуунун болбой калганын эскертиши кажет эле. Эми андай болбогон соң бул эки ортодогу мамиленин жакшы эместигинен кабар берет.

Өкмөттүн өкүлү жарым саат кармалды

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында дайындалган жолугушуунун форматы боюнча өзбек тараптын сунушу ушул жылдын 5-июнунда эле жөнөтүлгөнү кабарланган. Анда чек ара өткөрмө пункттары тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууну талкуулоого дипломаттардан сырткары чек ара, бажы жана транспорт кызматтарынын өкүлдөрү сунушталган.

Ошондой эле кыргыз тараптын 28-июлдагы жообунда жолугушуунун форматы боюнча расмий Ташкендин кызыкчылыгы эске алынбаганы көрсөтүлгөн.

Курбанбай Искандаров
Курбанбай Искандаров

Кыргыз өкүлчүлүгүн өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров жетектеп барган. Курбанбай Искандаров өзбек тарап Ташкенде алдын ала эскертмек турсун, чагым жасоого аракет кылганын айтты:

- Ал жактан бизге эч ким келип койгон жок. Бул эми дипломатиялык мамилеге деле туура келбейт да. Биз эки күн бою күттүк. Аягына чейин жолугушууну күтүп отуруп, артка кайтып келе бердик. Келе жатканда аба каттамы болбогондуктан автоунаа менен келдик. Бирок чек ара өкүлчүлүктүн курамын өткөрүп жиберип, менин паспортумду текшеребиз деп жарым сааттан ашуун кармашты. Бир чагым чыгарып, ошону менен мазактаганга аракет кылышты. Менимче алар мен буга бушайман болуп, кыйкырып-өкүрүшүмдү күтүштү окшойт. Бирок мен андай чагымга алдырган жокмун. Ошондон кийин анан паспортумду алып келип беришти.

Эксперт-дипломаттардын баамында, учурдагы кыргыз-өзбек мамилеси татаал жана курч мүнөздөгү абалда турат. Кыргызстандын Орусия баштаган Евразиялык экономикалык биримдикке кириши да өз ара татаал мамилени тереңдеткен. Дипломаттар мындай шартта эки тараптуу натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн кыйынчылыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG