Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

“Вечерний Бишкек” президентке ачуу сын айтты


"Вечерний Бишкек" гезити.
"Вечерний Бишкек" гезити.

«Вечерний Бишкек» басма үйү президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, анда акаевдик-бакиевдик бийлик учурундагыдай башкаруу калыптана баштады деп билдирди.

Кайрылууда апрель ыңкылабынан кийинки жолугушууда президент Атамбаевдин “Вечерний Бишкек” Александр Кимге тийиштүү экенин, ал Бакиев бийлигинин рейдерлик басып алуусунан кутулганын айтканын эске салып, бирок акыркы учурда президентке жакын адамдар чабуулду күчөтүп жатканы айтылат:

- Бүгүн Акаев, Бакиев тушундагыдай башкаруу режими калыптанууда. Эгер Акаевдин убагында бардык ишти анын күйөө баласы Адил жана уулу Айдар, Бакиевдин тушунда Максим менен иниси Жаныш башкарып келсе, азыр бардык мамлекеттик иштердин артында сиздин мурдагы айдоочуңуз Икрамжан Илмиянов, мурдагы жансакчыңыз Эркин Мамбеталиев турат, - деп жазылат ачык катта.

Басылмага караштуу vb.kg порталынын башкы редактору Дина Маслованын айтымында, жамаат президентти гезит айланасындагы маселеге көңүл бурууга чакырды:

- Биздин кайрылуунун негизги тезиси катары президентти гезит айланасында жүрүп жаткан сот жана андагы башаламандыкка көңүл бурууга чакырдык. Мурдагы бийликтер учурунда мыйзамды көзүнө илбей, ар кыл иштерди каалашынча чечкен адамдар болгон. Мындай адамдар учурда Атамбаевдин айланасында да пайда болду. Ошондуктан президентти өзүнүн айланасындагы адамдарга көңүл буруп, мыйзамдын сакталышына көзөмөл кылууга чакырдык.

Мындан сырткары Жогорку Сот жогору жактын айтканын аткарганы, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго маалыматтык ресурс, аты аталган эки адамга акча керектиги жазылган.

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Буга байланыштуу басылманын жамааты Орусия, Казакстан, Беларус президенттери Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенкого кайрылары белгиленген.

“Вечерний Бишкектин” кайрылуусундагы дооматтарды өлкө башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов четке какты. Ал “Азаттыкка” кайрылууда айтылгандарды жалган жалаа катары сыпаттады:

- Бул кезектеги жалган жана фантазиясындагы ыплас дооматтарды эптеп алып чыгып, каралап жатат. Мен Александр Кимдин далбастап жатканын түшүнөм. Бирок ушинтип жалган маалымат таратып, өз жамаатынын артына туруп алып, аларды колдоно берүү туура эмес.

Ал эми басылма атын атаган Президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов, өлкө башчынын мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев бул боюнча комментарий бере элек.

Эксперттер болсо чатак ырбап кетти, сөз эркиндигине шек келтириши мүмкүн деп жатышат. "Медиа полиси” институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, бул маселени абдан тыкыр иликтөө зарыл:

- Албетте, “Вечерний Бишкек” өлкөнүн медиа айдыңындагы альтернативдүү маалыматты берген ири оюнчулардын бири. Гезит айланасындагы резонанстуу иштин социалдык мааниси да бар деп айтса болот. Ошондуктан бул маселени чарбалык талаш катары гана карабаш керек. Аны абдан дыкат иликтеп, тең салмактуу мамиле жасоо зарыл. Жеке менде бир катар күмөндүү суроолорду пайда кылып жатат. Ошентсе да шайлоонун алдында гезит айланасында дал ушундай кырдаалдын жаралышы көптөгөн суроолорду жаратууда.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Атамбаев айланасындагы адамдар боюнча айтылган дооматтарды териштирип, тиешелүү чечим кабыл албаса, абалдын начарлашына себеп болот деп эскертүүдө:

- Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө да, сыртта деле Илмияновдун айланасында көптөгөн сөздөр айтылып келет. Алар "Кыргызстандын өкмөтү, өкмөт башчысы же президенттик аппараттын жетекчиси эч нерсени чечпейт. Көп маселени президенттин мурдагы шоопуру Икрамжан Илмиянов деген адам чечет" деп айтып калыптыр. Муну коңшу өлкөлөрдүн журналисттери, аналитиктери да айта баштаптыр. Эми “Вечерний Бишкектин” айланасындагы маселе муну тастыктап жатат окшойт. Бул жерде президент Атамбаев терең ойлонуп, мурдагы бийликтердин катасын кайталабашы үчүн бул боюнча чечкиндүү чечим кабыл алышы керек. Илмияновдун парламенттик шайлоодо ар кыл иштерге аралашуусуна жол бербеши зарыл.

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Александр Рябушкин ошондой эле "он беш жылга жакын мыйзамдуу үлүшүмдү бербей келген" деп “Вечерний Бишкектин” кожоюну Александр Кимден 15 миллион доллар доо талап кылып, сотко кайрылган. Ким баштаган жамаат бийликтин кийлигишүүсү менен Рябушкин бул ирет деп жеңип чыгат деген ишенимде болууда.

“Вечерний Бишкек” Кыргызстандагы орус тилдүү көп нускалуу гезит. Анын тутумунда МСН, “Жаңы Агым” гезиттери бар. Өлкөдөгү жарнамалык базардын көпчүлүгү да ушул гезитке жарыяланат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG