Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Коронавирус спортко жолтоо болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда чыккан коронавирус эл аралык спорттук иш-чараларга да таасир этип жатат.

Кооптуу тумоонун айынан бир катар эл аралык спорттук мелдештер белгисиз мөөнөткө жылып жатат. Алардын ичинде март айында Кытайда өтүүчү күрөштүн түрлөрү боюнча лицензиялык Азия турнири, ошондой эле бокс, жеңил атлетика боюнча эл аралык ири турнирлер бар. Натыйжада кыргызстандык спортчулар лицензиялык мелдештерге даярдык мөөнөтүн өзгөртүүгө аргасыз болууда.

Коронавирус Кытайдын ондон ашык ири эл аралык спорттук иш-чараларын токтотту. Алардын ичинде кыздардын баскетбол боюнча тандоо турнири, лыжа жана автоспорт боюнча бир нече мелдеш белгисиз мөөнөткө жылды. Теннис боюнча Азия/Океания аймактык турнири башка өлкөдө өтмөй болду.

Булардын арасында Кыргызстан үчүн эң эле маанилүү болуп саналган күрөш жана бокс боюнча лицензиялык турнирлердин башка өлкөгө жылышы курама командалардын даярдык графигин алмаштырууга алып келип отурат.

Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты.
Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты.

Боксчулар демин басты

Алсак, ушул күндөрү Кытайда бокс боюнча лицензиялык Азия турнири башталышы керек эле. Коронавирустун айынан Кытайдагы мелдеш март айында Иорданияда өтө турган болду. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев «Азаттыкка» билдиргендей, боксчулар бардык документтерди даярдап, Кытайга учууга камынып турган жеринен турнир башка өлкөгө жылганы тууралуу кабар келген.

«Эми кайрадан даярдык көрүшүбүз керек, - деди ал. - Биз Олимпиадага лицензия алабыз деген аракетибиз менен катуу даярдыкка өткөнбүз. Азыр бир айга жылып, турнир Иорданияда өтмөй болду. Айла жок, даярдыкты токтотпостон улантабыз. Мунун баары кошумча убакытты, кошумча каражатты жана күчтү талап кылат».

Ушундай эле кырдаалга кыргыз балбандары да туш келди. Март айынын аягында Кытайда өтө турган Азия чемпионатында балбандар лицензияларды толуктоого аракет кылышмак. Кытай бул турнирден баш тарткан соң Эл аралык күрөш федерациясы азырынча мелдешти уюштурууга башка өлкө таба элек. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев мындай дейт:

«Биз эми башка өлкөдө өтсө макулбуз, бирок эң негизгиси мөөнөтү жылбаса экен деп турабыз. Анткени биздин календардык планыбыз бар, бардык даярдык ошол пландын негизинде жүрөт. Ушул тапта Кыргызстандын курама командасына кирген балбандар даярдана баштады. Бирок турнирдин мөөнөтү жыла турган болсо, ал биздин даярдыгыбызга терс таасир этет».

Кыргызстандык балбандар Калы Сулайманов жана Акжол Махмудов.
Кыргызстандык балбандар Калы Сулайманов жана Акжол Махмудов.

Быйыл жайында Жапонияда өтө турган Олимп оюндарында Кыргызстан өз балбандарына өзгөчө үмүт артууда. Азырынча кыргыз балбандарында эки лицензия бар.

Футзалчылардын башы маң

Жогорудагылардан тышкары коронавирус илдети жеңил атлеттердин спорттук графигин да өзгөртүүдө. Кытай Хуачжоу шаарында өтө турган жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатын токтотсо, март айында Нанкин шаарындагы дүйнө чемпионатын 2021-жылга жылдырды. Кыргызстандын Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги бул мелдешке да кыргыз спортчуларынын катышуусу күтүлүп жатканын маалымдады.

Коронавирустун айынан Кытайдан башка өлкөлөрдөгү турнирлер да токтоп жатат. Алсак, февраль айынын этегинде Түркмөнстанда өтө турган футзал боюнча Азия чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылды. Ашхабадда 16 өлкө Азиянын биринчилигин талашмак жана анын арасында Кыргызстандын командасы да бар.

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Улан Байгазы уулу «Азаттыкка» билдиргендей, Азия биринчилигине даярданыш үчүн команда чет өлкөлөрдө бир катар жолдоштук матчтарды белгилеп койгон. Эми футзалчылардын графиги кандай өңүттө жүрөрү белгисиз болуп турат.

«Ушул учурда биз Сауд Арабиясында жүрөбүз. Атайын Түркмөнстанга даярдык катары эки жолдоштук беттеш өткөрдүк. Эми алдыда Өзбекстан менен, ошондой эле Казакстандын «Кайрат» клубу менен жолдоштук матчтарыбыз бар. Булардын баары Түркмөнстандагы Азия чемпионатына даярдык этабы болчу. Азыр Түркмөнстан чемпионатты белгисиз мөөнөткө жылдырганда кандай болорун билбей турабыз. Баары өз мөөнөтүндө болсо жакшы болмок, себеби март айында Кыргызстандын суперлигасы башталып калса, курама команданы жыйноо оор болуп калат».

Кыргызстандын футзал боюнча капитаны Улан Байгазы уулу (ортодо).
Кыргызстандын футзал боюнча капитаны Улан Байгазы уулу (ортодо).

Ал арада коронавирус Жапониядагы Олимп оюндарына да коркунуч туудура баштады. Эл аралык Олимпиада комитети коронавирус турмуштун бардык тармагына таасир этип жатканын, анын ичинде кесипкөй спорт да жапа чегип жатканын билдирди. Олимпиада комитети азырынча вируска көз салып турарын, ал эми кырдаал күчөй турган болсо тиешелүү чара көрөрүн кошумчалады.

Кытайдан чыккан коронавирус илдети 5-февралдагы маалыматтар боюнча 25 миндей адамга жугуп, 500дөй киши жашоо менен кош айтышты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, коронавирус жугузгандар катталбаганын кабарлоодо. Мекеменин маалыматына караганда, учурда ооруканаларда дарыгерлердин көзөмөлүндө 52 адам турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG