Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Зомбулук жазасыз калбаса...


10-декабрда Бишкекте эл аралык Адам укуктарын коргоо күнүнө карата Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында 19 300 желекче сайылды.

Расмий булактардын эсеби боюнча, бир жылдын ичинде эле 19 300 аял Кыргызстанда зомбулуктун ар кандай формаларынан жапа чеккен. “Аялдын укугу – адамдын укугу” деген бул инсталляция гендердик зомбулукка каршы багытталган 16 күндүк кампанияны жыйынтыктады.

Алгач Бишкектин тургундары бул жакта майрам өтүп жатат деп кызыгып келип, ар бир желекченин маанисин түшүнгөндө аябай таң калып турушту. 19 300 деген санды айтып коюш оңой, бирок желекчелерди көргөндө көйгөйдүн тереңдигин түшүнөсүң.

Желекчелердин баарын сайыш үчүн эртең мененки 7ден тарта 10го чейин 3 саат убакыт кетти.

9800 кызыл желекче – эркине каршы ала качылган кыздар, 2000 ак желекче - ала качуу учурунда зордукталгандар, 7500 кызгылт көк желекче – үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары.

Кара-Сууда өткөн акциядан бир көрүнүш, 15-октябрь, 2012-жыл
Кара-Сууда өткөн акциядан бир көрүнүш, 15-октябрь, 2012-жыл
Уюштуруучулар аялдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун чыныгы масштабын көрсөткүлөрү келишкен.

Айканыш Жээнбаева - "СКью" феминисттик демилгесинин түптөөчүлөрүнүн бири:

- Биз зомбулук канчалык тарап жатканын, андан канча аял жапа чеккенин жеткиликтүү кылып көрсөткүбүз келди.

19 300 деген сан Бириккен улуттар уюмунун атайын докладынын жана Аялдарга жардам көрсөтүү борбору даярдаган статистиканын негизинде айтылды. Бирок уюштуруучулар зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдардын саны алда канча көп болушу мүмкүн, себеби биздин коомдо зомбулук тууралуу айтуу оор, ал эми зомбулук өзү норма катары каралат дешет.

Мисалы, ар кандай иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, аялдар абагында отурган келиндердин 70% жакыны - күйөөсүн өлтүргөндөр. Бул сан үйдөгү зомбулук жазасыз калып, аялдарды эч ким укпай, алар акырында көп жыл бою уланып келаткан зомбулукту өздөрү токтотууну чечкендигинин көрсөткүчү.

Дагы бир кызыктуу көрсөткүч:

Сексуалдык зордукту башынан өткөргөн аялдардын көбү кылмыш үйдө, үйдүн жанында же жумушта болгонун айтышкан. Сексуалдык зордуктоону көбүнчө алардын күйөөлөрү, же алар менен чогуу жашаган эркектер (81%), мурдагы күйөөлөрү же жакшы көргөн адамдары (11%) жасаган. Ошол эле убакта алардын кесиптештери, туугандары же бейтааныш адамдар аз эле айтылат (3%).

“Аялдарды коргоо” борборунун кызматкери Алина Осмонова мындай иш-чаралардын негизги максаты - маалымат таратуу дейт. Кордукка тушуккан аялдар кайрылчу жерлерди билиши керек, эч кандай зомбулук жашыруун калбаш керек.

"СКью" феминисттик демилгесинин түптөөчүлөрүнүн бири Айканыш Жээнбаева Кыргызстанда аялдардын абалы начарлап бараткандыгын белгилейт.

- Буга бирден-бир себеп – өлкөнүн начар экономикалык абалы. Экономикалык абал начарлаганда биринчи сокку аялдарга тиет.

Айканын Жээнбекова аялдарды басынтуу, кордоо да көбөйгөнүн кошумчалады.
Коомчулуктун көңүлүн бурган бул иш-чаранын авторлору - бишкектик "СКью" феминисттик демилгеси жана Бириккен улуттар уюмунун аялдар боюнча программасынын өнөктөштөрү.

Инсталляция эртең мененки 10дон кечки 5ке чейин уланып, уюштуруучулар өтүп бараткан шаардыктарга, атайын келгендерге анын маанисин түшүндүрүп, зомбулукка каршы чакырыктар жазылган кагаздарды таратып жатышты. Кээ бир окуучу кыздар иш-чаранын маанисин билген соң өздөрү да ыктыярчы катары жардам беришти.

"Мен адегенде гүл эгип коюшуптур деп ойлогом. Мындай адамдар бар экенин биринчи жолу угушум. Эжемди да ала качып кетишкен, бирок ал апама чалып, апам милиция чакырып, сактап калганбыз", - дейт 17 жаштагы Жибек.

Желекчелерди көргөнү эркектер да келип жатышты.

- Аялыңызды урасызбы?
- Жок, кантип урайын?
- Ала качууга кандай карайсыз?
- Ала качуу - бул салт эмес. Мен ала качпайм.
- Аялдардын Кыргызстандагы абалы кандай?
- Начар, бирок жакшы болуш керек, ар бир аял – бул келечектеги эне да...

Талкаланган 19 300 тагдыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG