Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстан чабал өлкөлөр тизмесинде он баскычка оңолду


АКШдагы Тынчтык кору “мамлекеттүүлүгү бүдөмүк өлкөлөр” же чабал мамлекеттер индексинин 2012-жылдагы жаңы чыгарылышын жарыялады. Анда Кыргызстандын туруму акыркы жылы кыйла оңолгону айтылат. Бирок өлкө тобокелчилик жогору деген мамлекеттер тизмесинде кала берүүдө.

АКШдагы Тынчтык кору менен “Foreign Policy” журналы акыркы сегиз жылдан бери жарыялап келе жаткан индексинин быйылкы чыгарылышында 178 өлкөнүн абалын социалдык, экономикалык, саясий чөйрөдөгү 12 чоң, ага катар 100дөн ашуун майда көрсөткүчтөрдүн негизинде талдаган.

Талдоо учурунда коомчулук үчүн ачык документтер, маалыматтар, тигил же бул өлкө боюнча адистердин пикирлери эсепке алынган.

Эгер былтыркы индексте Кыргызстан чабал деген өлкөлөр тизмесинде 31- орунда болсо, быйыл 41-орунга жайгаштырылган. Индекс боюнча өлкөнүн орду канчалык алдыда болсо, ал ошончолук чабал дегенди туюндурат. Борбор Азиялык коңшулардын баары тизмеде Кыргызстандан артта.

Кыргызстандын туруму кыйла оңолгонун быйыл индекстин авторлору өзүнчө бөлүп көргөзүшкөн.

Анткен менен бул нукура реформалардын натыйжасыбы же 2010-жылдагы бийлик алмашуу жана аны коштогон улуттук аралык жаңжалдан кийин түзүлгөн кырдаалга салыштырмалуу гана оңолуубу?

Муну аныктоо үчүн акыркы бир жылда кайсыл көрсөткүчтөр оңолуп, кайсынысы ордунда калып же начарлаганын бөлүп кароо керек.

Индекс авторлорунун пикиринде, мамлекетке карата саясий жана социалдык басымдын деңгээлин чагылдырган көрсөткүчтөрдө олуттуу өзгөрүш жок.

Маселен саясий жактан мамлекеттин легитимдүүлүк көрсөткүчү бир аз жакшырды, бирок жарандардын көпчүлүгү азыр деле бийликти адилет жана өкүлчүлүктүү деп эсептешпейт.

Бийликке болгон ишеним деңгээли талаптагыдай эмес деген тыянакка жергиликтүү талдоочулар да кошулат.

Улуттук илимдер академиянын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору, Нурбек Өмүралиев “Азаттыкка” төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:


Нурбек Өмүралиев
Нурбек Өмүралиев
-Райондук бийлик органдарынын, башкача айтканда, акимдердин шайлануусу ишенимдин социалдык базасын кеңейтет. Жөнөкөй калк, райондук кеңештин депутаттары кадрдык саясатка таасир көргөзө аларын аңдап-биле баштайт. Мындан улам менимче, жер-жерлерде бара-бара бийликке болгон ишеним чыңдалат. Башка маселе - бийликке болгон ишенимге, этникалык принциптен караганда, өзгөчө түштүктө чоң суроо бар. Азыр президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен этникалык саясат жана коомду консолидациялоо боюнча жаңы концепция даярдала турган болду. Ал Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кезексиз 7- курултайында кабыл алынган жана “Ата Журт” фракциясы тарабынан даярдалган этникалык саясат концепциясынын жакшы жактарын алат. Бул концепция кандай болот, коомго, мамлекетке улут аралык саясаттын багыттарын кандайча түшүндүрөт? Көп улуттуу Кыргызстан калкынын башка топторунун бийликке ишеним деңгээли, менимче, ушуга көз каранды болот.

Чабал мамлекеттер индексин түзгөндөр Кыргызстанда улут аралык жана дин мамилелердеги чыңалуу көрсөткүчү мурдагы деңгээлинде деп эсептешет.

Алар ошондой эле башкаруучу саясий элитанын фракцияланышуусун чагылдырган көрсөткүч да өзгөрүүсүз калганын белгилешкен. Бирок окумуштуу Нурбек Омуралиев “Азаттык” менен маегинде бийликтеги саясий топтордун фракцияланышуусу алдыга жылууга салым кошуп жатканына токтолду:

-Фракциялык күрөш бийликтин жана адамдардын мурдагыдай эле ойлоп, кайсыл бир чечимди акырын өткөрүп кетүү механизмдерин ачыкка чыгарууга жардам берүүдө. Фракцияланышуу бул көрүнүштүн ашкерелеп, адамдардын көзүн ачууда.

Чабал мамлекеттер индексинин авторлору Кыргызстандын өзгөрбөгөн көрсөткүчү катары экономиканы аташкан. Башкаруучу коалициядагы “Ата Мекен” фракциясынын лидерлеринин бири Эркин Алымбеков “Азаттык” менен маегинде экономикадагы жылыш күтүлгөндөй ыргакта кетпей жатканын моюнга алып, буларды белгиледи:


Эркин Алымбеков
Эркин Алымбеков
-Өлкөнүн ичиндеги кыйынчылыктарды, коркунучтарды көрүп-билип турабыз. Бирок негизинен коом тазаланып, ага катар бийликтин жоопкерчилиги менен эффективдүүлүгүн бекемдөөчү чаралар көрүлүүдө. Андан сырткары азыр өлкөнүн алдында сот-укуктук реформа күн тартибинде турат. Сотту адилет жана эффективдүү системага айлантсак, ал адамдын, ишкерлердин, бизнестин укугун адилет коргоп турса, инвестициянын келишине, ишкерлердин жумушу алга жылышына көмөк болот.

Чабал мамлекеттер индексин түзгөн америкалык Тынчтык кору менен “Foreign Policy” журналы Кыргызстандын акыркы жылы оңолгон жана кыска мөөнөттүү көрсөткүчү катары демография жана качкындар маселесинде мурдагыдай чыңалуу жоктугун аташкан. Жогорудагы көйгөйлөр 2010-жылдагы окуялардын натыйжасында жаралган эле.

Мындан сырткары авторлор коомдук кызмат жакшырганын, бирок бул деле өкмөттүн инфраструктура жаатындагы кубаты артканынын аркасында эмес, мурдагыдай “гуманитардык кризистин” жоктугунун натыйжасы деп белгилешкен.

Оңолгон көрсөткүчтөр арасында ошондой эле коопсуздук аппаратынын жакшыруусу бар. Бул, индекс авторлорунун пикиринде, 2010-жылдагы трагедиялуу окуялардын алынган сабактын натыйжасы болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG