Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Ысык-Көл: милиция көңүл бурган коркунучтар


2013-жылдын ноябрында Саруу айылында өткөн митинг.
2013-жылдын ноябрында Саруу айылында өткөн митинг.

Ысык-Көл облусунда алдыдагы айларда коомдук-саясий кырдаал курчуп кетүү коркунучу бар. Буга таасир этүүчү жагдайлар катары- диний радикалдашуу, күздөгү шайлоолорго даярдык жана уюшкан кылмыштуулуктун активдешип жатканы аталууда.

Ысык-Көл облусундагы коопсуздук маселеси вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиевдин катышуусунда талкууланды.

Тынчтык бербеген "каралар"

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, азыркы учурда Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топторунун 64 мүчөсү каттоодо турат. Мекеменин жетекчиси Эмил Салиев кылмыш топторунун активдүүлүгү азыркы күнгө чейин басаңдабай жатканын моюнга алды. Өткөн жылы эле уюшкан кылмыш топторунун алты мүчөсү ар кандай кылмыштар менен кармалып, сот жообуна тартылышкан. Күч түзүмдөрүнүн аларга каршы иш-аракеттери да жыйынтык бербей жаткандай. Облустук ички иштер башкармылынын жетекчиси Эмил Салиев:

- Уюшкан кылмыштуу топтордун материалдык-финансылык базасын кыйратууга аракеттер көрүлүп жатат. Бирок бул багытта көптөгөн кыйынчылыктар болууда. Муну моюнга алышыбыз керек. Каттоодо тургандардын көбүнүн үй-бүлөлүк мүлктөрү көп учурда башкаларга катталгандыктан, оорчулуктарды жаратып жатат.

Сирия маселеси-көңүл чордонунда

Ысык-Көлдөгү диний абалды талкуулаган жыйын. 11-март, 2015-жыл
Ысык-Көлдөгү диний абалды талкуулаган жыйын. 11-март, 2015-жыл

Экинчи маселе- диний радикалдашуу. Маалым болгондой, азыр облуста 733 диний мкеме-уюмдар иш алып барат. 2014-жылы диний ишмердиктерин туура эмес жүргүзгөн 38 адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Учурда болсо “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 79 мүчөсү каттоодо турат. Ал эми Сирияга кеткендер былтыр 35ти түзсө, облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, азыр да кетүүгө даярдык көрүп жүргөндөр бар. Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков диний радикалдашуу тууралуу буларды айтты:

- Сирияга кетүү, негизи эле Сирия маселеси биздин мыйзамдарга ылайык тыюу салынып, соттун чечими чыккан экен. Бул биздин Ислам динине, биздин ишеним-акыйдага да каршы келгендиктен, муну радикалдашуу деп эсептейбиз.

Шайлоонун "шайтан оюндары" алыс эмес

Буга кошумча алдыдагы жазгы саясий активдешүү, аны менен катар парламенттик шайлоолор алдында коомдук-саясий кырдаал курчуп кетпейт дегенге кепилдик жок дейт облустук ички иштер башкармылыгынын жетекчиси Эмил Салиев.

- Мен буга эч кандай кепилдик бере албайм, анткени алдыда көп саясий оюндар бар. Ал эми бүгүнкү күндө коомдук-саясий кырдаалды сактап турасыңарбы дегенге келсек, бизде азыр өзүбүздүн иш-пландар жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү кызмат ээлери менен иш алып барып жатабыз. Бирок анча–мынча күчтөр келерин да айтышыбыз керек.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Дубандагы коопсуздук абалына кабатырлана турган жагдайлар бар экенин вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев да четке какпайт. Бирок жогорку жетекчилерди кооптондуруп жаткан ал кандай жагдайлар экенин ачыктоодон баш тартты.

- Чоң чечимдерди кабыл алдык, эми анча-мынча кооптоно турган жагдайлар бар. Биз ошол жагын талкуулап мамлекеттик мекеме жетекчилерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, күч түзүмдөрүнүн башчыларына тапшырмаларды бердик. Кооптончу нерселер бар, бирок мунун бардыгы айтылбайт да.

Чындап эле дубандагы абал күч түзүмдөрүнүн жетекчилери окуган докладдар менен төп келбей турганын коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев моюнга алды. Андыктан ал өзү тейлеген тармактын кызматкерлеринин иш жыйынтыктарын кагаз менен эмес, иш жүзүндө көргүсү келерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG