Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

"Кыргызстандагы терс көрүнүштөр инвестицияга кедергисин тийгизет"


Штефан Майстер
Штефан Майстер

Германиянын Тышкы мамилелер боюнча кеңешинин эксперти, изилдөөчү Штефан Майстер расмий Берлиндин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга карата саясаты тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Майстер: Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан кийин Германиянын, жалпы эле Евробиримдиктин мурдагы советтик өлкөлөргө карата саясаты, көз карашы түп тамырынан өзгөргөнү айтпаса да түшүнүктүү.

Коопсуздук, тынчтык маселеси баарынан алдыга чыкты. Орусиянын Евразиядагы ролу өзгөрүп, ал коопсуздукту камсыздоочу эмес, коопсуздукка коркунуч келтирген тарапка айланды. Мындан улам Борбор Азиянын да ролу өзгөрдү. Коопсуздуктан улам бул чөлкөмдүн азыр транзиттик багыт катары таасири күчөдү. Аймактагы мунай, газды Орусия аркылуу ташып өтүү мүмкүн болбой калгандыктан, жалгыз эле энергия булактарын эмес, металл жана башка керектүү табигый заттарды Азиядан Европага ташууда Борбор Азиянын транзиттик ролу маанилүү болуп чыга келди.

Ошондуктан акыркы кездери европалык расмий чабармандар Борбор Азияга улам каттап, чөлкөмгө мурдагыдан көбүрөөк көңүл бурулуп жатканы да ошондон.

- Борбор Азия өлкөлөрү көп жагынан Орусия менен байланышып калганы белгилүү. Акыркы кезде аймактагы компаниялар Орусияга санкцияларды буйтап өтүүдө да жардам берип жатканы камтамачылык жаратууда. Кыргызстан, маселен, башкы энергоресурстарды Орусиядан алат. Жалпы эле Москвадан экономикалык, энергетикалык көз карандылыкты азайтуу үчүн Борбор Азияга Евробиримдик, Германия эмнелерди сунуштай алат?

- Ооба, Орусия азыр санкция салынган товарларды ташуу жагынан Борбор Азияны колдонуп жатканы көп сөз болууда. Бул жагынан регион АКШ, Евробиримдик тараптан дагы кошумча басымга кабылышы мүмкүн жакын арада. Германия, Евробиримдик Борбор Азияга эмне сунуштай аларын айтуу кыйын, анткени инвестицияларды көбөйтүү, жаңы долбоорлорду ачуу жагына келгенде, Евробиримдикте макулдашкан жалпы жол-жобо, эрежелер бар.

Инвестициялар үчүн тийиштүү шарттар болушу керек, бул жагынан Борбор Азияда коррупция, бийлик бутактарынын түзүлүш-балансы, элди башкаруу маселесинде көйгөйлөр арбын. Ошентсе да, суу ресурстарын башкаруу, инфраструктура жагынан жаңы инвестициялар болот деп Германиянын президенти Штайнмайер жарыялап койду. Кыргызстанда да Европа өлкөлөрүн кызыктырган табигый кендер бар, бирок мамлекет өзү чакан болгондуктан, Кыргызстандын Европаны кызыктырган негизги тармактардагы ортомчулук, логистикалык, хаб катары кызмат көрсөтүү ролун күчтөндүрсө болот.

- Президент Штайнмайер Кыргызстандын бийликтери, президенти менен катар жарандык активисттер, ар түркүн азчылыктардын өкүлдөрү менен да жолугары айтылды. Германия, Евробиримдик кайсыл өлкөгө кандай инвестиция салуу, кандай жардам көргөзүүгө келгенде ал жактагы адам укуктары, сөз эркиндиги, демократиялык өнүгүү маселелерине басым жасалабы?

- Менимче, аларга сөзсүз артыкчылык берилет. Штайнмайер Борбор Азияга аттанарда негизги көңүл чөлкөмдүн инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция салуу маселелерине бурулат деп билдирди. Бирок Германия ар дайым инвестиция маселесин ал өлкөдөгү адам укуктары, көз карандысыз маалымат каражаттарынын абалы, мыйзам үcтөмдүгү, жарандык укуктар менен байланыштырып келет. Адам укуктары урматталып, өкмөт адилеттүү башкарып, мыйзам үстөмдүгү орнотулбаса, инвестиция салууга кайдан шарт болсун?

Кыргызстанда азыр талкууланып жаткан бейөкмөт уюмдар, маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам долбоорлору бул жагынан өлкө артка кетип баратканын көргөзүп, эл аралык коомчулук тынчсыздануусун билдирүүдө. Жалпысынын Кыргызстанда абдан негативдүү тенденциялар күчөп баратканына көнүл бурулуп жатат азыр.

- Атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз тилине караганда немис тилинде көбүрөөк басылып чыкканы бизде көп айтылат. Советтер Союзу маалында бизде немис тилин окугандар көп болгон. Азыр деле аз эмес. Азыркы Германияда Кыргызстан, Борбор Азия тууралуу маалымат айтылабы?

- Азыркы немистер Кыргызстан тууралуу көп биле беришпейт. Географиялык жактан алыс, көпчүлүк маалыматта Орусия, мурдагы СССР менен байланышы бар экени белгиленет. Кыргызстандын маданияты, жаратылышы тууралуу уккандар бар. Өзүңүз айткандай, Чыңгыз Айтматовду кыргыз жазуучусу катары билгендер дале бар. Борбор Азия көбүнчө туризм багытында айтылып жүрөт. Казакстан, Өзбекстан тууралуу деле маалымат аз. Негизи чөлкөм маалымат жагынан дале мурдагы Советтер Союзунун мурасынан чыга албай келаткандай деп айтсак болот.

- Азыркы тапта Германияда он миңден ашуун кыргызстандык окуп, иштеп жашап атышат. Алардын арасында немис тилинде билим алган догдурлар, инженерлер, IT адистери арбын. Бул Кыргызстан менен Германияга бирдей пайдалуу көрүнүшпү же өнүгүп келаткан өлкөдөн акылдуу адамдардын агылып кетип жатканы кыргыз коомчулугун тынчсыздандырышы керекпи?

- Менимче, бул эки жак тең үчүн пайдалуу көрүнүш. Анткени азыр Германияда жашап аткан кыргызстандыктар мекенине кайтып барат, каттап турат. Алар бул жакта топтогон билимин, тажрыйбасын жайылтат. Кайтпай калып калчулар Германия үчүн пайдалуу. Биздин өлкөгө билимдүү жаштар азыр абдан керек. Баары бир Германияда жашап аткан кыргызстандыктар силердин мамлекет, эл тууралуу маалымат таратат, тааныштырат дегендей. Жөн эле Кыргызстандагы туугандарына, жакындарына акча салгандан тышкары алар Германияда кыргыз тарыхы, маданияты, каада-салты менен тааныштыруу ишине салым кошот. Кыргызстанда жашап, иштөөгө Европадагыдай шарттар түзүлсө, баары кайтып барат эле, азырынча андай болбой жакшы иш тапкан көпчүлүгү бул жакта калат деген ойдомун.

Жалпысынан алганда, Германия, Евробиримдик Борбор Азияга мурдагыдан көбүрөөк көңүл бурушу керек деп ойлойм. Билим берүү, илимий изилдөөлөр жаатында орток кызыкчылыктар үчүн биргелешкен иштерди жүргүзсө болот. Башкы максат – жарандар жакшы жашоону алыскы жактардан издебей, өз өлкөсүндө өнүгүп-өсүп, мамлекетинде тынчтык, прогресс болушуна салым кошо тургандай программа, долбоорлорго басым жасоо керек.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG