Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Нарын: төрөттөн каза тапкандар көбөйдү


Былтыр Нарын облусунда эки аял төрөттөн каза тапса, быйыл тогуз ай ичинде алардын саны сегизге жетип отурат. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Былтыр Нарын облусунда эки аял төрөттөн каза тапса, быйыл тогуз ай ичинде алардын саны сегизге жетип отурат. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Нарында жыл башынан бери эле сегиз эне төрөттөн көз жумду. Адистер буга аймактагы дарыгерлердин жетишпестиги жана ооруканалардагы тиешелүү шарттын жоктугу себеп дешет. Бирок каза болгон аялдардын жакындары кош бойлуулардын өлүмүн дарыгерлердин кайдыгерлигинен көрүшүүдө.

Нарын районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну, 39 жаштагы Миргүл Жумалиева быйыл апрель айында төрөттөн күтүүсүз көз жумду. 16-апрель күнү түшкө маал инисинин үйүнө достору менен келип, кош бойлуу келининин колунан чай ичип кеткен кайнагасы Эсенбек Садыбакасов кийинки күнү эле келининен ажырап калганына дагы эле ишене албай келет. Түштөн кийин ичи ооруп, ооруканага кечке маал түшкөн келин ичинде өлүп калган алты айлык баласын төрөй албай 17-апрелдин таңында өмүр менен кош айтышкан:

- Төрөт залына алып келишет. Анан келин түнкү үчтөн таңкы алтыга чейин каралбай калып, таңга жуук ошол жерден кайтыш болду. Дарыгерлер кирип-чыгып жаттык дешет. Кирип-чыккандары деле бар, бирок ошол баласы ичинен өлүп калган соң, алып салса деле болмок да. Жакшы карабай койгондуктан, ушундай кырсык болуп, кайтыш болду да. Алар эми “төрөтөлү деп күттүк, табигый жол менен төрөтөлү дедик” деген болбогон шылтоолорду айтышты. Артында алты баласы калды, улуусу жыйырмада, кичүүсү 3-класста окуйт. Энеси менен кайненеси, бири сексенде, экинчиси сексен бештеги эки кемпир калды. Жолдошу болсо ушул убакка чейин мөгдүрөп ыйлап жүрөт, байкуш. Анан эмне кылат?!,- деди Эсенбек Садыбакасов.

Эсенбек Садыбакасов келининин өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болду деп, териштирүү максатында укук коргоо органдарына, Саламаттыкты сактоо министрлигине, жадагалса вице-премьер-министр Элвира Сариевага чейин кайрылган. Бирок жарытылуу жыйынтык болбогонун айтты:

- Сөөктү союп текшеришти, анализ алды. Бирок жанагы соттук-медициналык экспертизадагылардын баары эле ошол Медициналык институтту бүткөндөр экен да. Кыргызда сөз бар эмеспи “Карга карганын көзүн чокубайт” деген. Ошондой эле болуп калды да. Эч бир жыйынтык болгон жок.

Миргүл Жумалиеваны кошкондо облуста жыл башынан бери сегиз эне төрөт учурунда көз жумган.

Кыргызстандагы төрөт үйлөрдүн бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Кыргызстандагы төрөт үйлөрдүн бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Алардын бири Нарын шаарынан, бешөө Жумгалдан, бирөө Кочкордон. Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаев аймактагы дарыгерлердин жетишпестиги жана ооруканалардагы тиешелүү шарттын жоктугу ушундай кесепеттерге алып келип жатканын белгилейт. Ал соңку сегиз өлүм боюнча талкуулар, кызматтык териштирүүлөр жүрүп, жыйынтыгында айрым кызматкерлер жумуштан алынганын билдирди.

- Беш башкы врачка сөгүш берилген. Жумгалдын ооруканасынын башкы врачы биринчи жарым жылдыкта кызматтан кеткен. Орун басарлар жана гинекологдор, Нарын шаарынан бир акушер-гинеколог кызматтан бошотулган. Жанагы сегиздин үчөө так ошол айыл жеринде жайгашкан участкалык төрөт жайларынан кетип жатпайбы - бирөө Кочкордон, экөө Кызарттан. Ошол жерлерде акушер-гинеколог, врачтардын жетишсиздигинен да болду. Негизи бул жалгыз гана Жумгалдагы эмес, бүт эле облустардагы көйгөй десек болот. Облус дарыгерлер менен болгону 60 пайыз эле камсыз болуп жатпайбызбы. Кызартта негизинен төрөт кабыл алгыдай шарт дагы, даярдалган кадр дагы жок .

Адистердин айтымында, соңку кездери кош бойлуу аялдардын арасында аз кандуулук, бөйрөк, жүрөк ооруларынын жогору болушу да өлүмдүн бир себеби катары каралууда. Мындан тышкары дарыгерлер энелердин өлүмүнүн азайбай жатышын миграция менен байланыштырат.

- Төрөттөн көз жумгандардын бир-экөө тээ Орусиядан келген, Бишкектен келгени да бар экен. Алар эч бир жергиликтүү дарыгерлерге көрүнбөй эле төрөөрдө келип калган да. Ошол себептер дагы каралып жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекованын айтымында, аялдардын өлүмү басымдуу катталган облустардын бири болуп Нарын эсептелет. Былтыр облуста эки аял төрөттөн каза тапса, быйыл тогуз ай ичинде сегиз аялга жетип отурат. Айгүл Бообекова энелердин өлүмү боюнча жалпы өлкөдөгү абалга баа берүү үчүн оболу соңку жылдардагы тенденция кандай болуп жатканын кароо туура деп эсептейт.

- Эл аралык уюм сунуштагандай, бул маселеде тенденцияны караш керек. Мисалы энелер өлүмү өткөн айда, бул айда же былтыр, быйыл канча болду деп санабаш керек. Бул жерде тенденция кандай болгонун кароо зарыл. Эгер ушундай жол менен карай турган болсок, анда негизинен Кыргызстан боюнча акырындап эне өлүмү азаюу жолунда. Аны дароо кескин азайтып жиберүү мүмкүн эмес. Бул деген социалдык-экономикалык абалдан, аялдын ден соолугунан, атайын жүргүзүлгөн иш-чаралардан көз каранды. Тилекке каршы өлүм, болуп калып жатат. Кээде сапатсыз жардам берилип калган учурлар бар же аялдын ден соолугу начар болуп калат. Ар бир окуя индивидуалдуу түрдө иликтенет. Мындан улам дарыгерлерди кызматтан алган учурлар бар, эл укук коргоо органдарына кайрылып жатат, кыскасы бардык багытта иштер жүрүүдө, - дейт Айгүл Бообекова.

Кыргызстанда энелердин өлүмү олуттуу маселелердин бири. Расмий маалымат боюнча, былтыр өлкөдө 61 кош бойлуу эне төрөттөн көз жумган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG