Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Жер ортолук деңизине дагы мигранттар чөгүп кетти


Италиянын жээк күзөт кызматы 4800 мигрантты куткарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Италиянын жээктеги күзөт кызматы 4800 мигрантты куткарды

Ливиядан келаткан 4800 мигрант ишембиде жана жекшембинин таңында Жер ортолук деңизинде куткарылды. Он адамдын сөөгү суудан табылды.

Италиянын жээк коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматы билдиргендей, Ливиядан жыгач жана үйлөтүлгөн желим кайыктар менен келаткан мыйзамсыз мигранттар куткарылып, Италиянын портторуна жеткирилди.

Ишембиде башталган куткаруу операциясы жекшемби кечке чейин уланды. Расмий бийликтер адам аткезчилиги менен алектенгендер Жер ортолук деңизиндеги жагымдуу шарттан пайдаланып калууну чечишкен деп айтышууда.

Куткаруу операцияларына Франциянын жана Италиянын 17 аскер кемеси тартылды.

Өткөн айдын соңунда эле Евробиримдиктин лидерлеринин шашылыш жыйынында Жер ортолук деңизиндеги мыйзамсыз мигранттарды куткаруу операцияларын каржылоону үч эсеге көбөйтүү макулдашылган. Чукул жыйындын өтүшүнө 19-апрелдеги каргаша түрткү болгон. Анда Европага мигранттарды мыйзамсыз алып келаткан кеме Ливия жээгинен оодарылып кетип, ичиндеги 800дөй адам чөгүп өлгөн.

Алар Сириянын, Эритреянын, Сомалинин, Сьерра-Леондун жана Сенегалдын жарандары экенин Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Качкындар агенттиги ырастаган. Арасында 10-12 жаштагы өспүрүмдөр да болгон.

Италия бийликтери оодарылып кеткен кеменин капитанын жана экипаж мүчөлөрүн адам өлүмүнө себепкер болду жана мыйзамсыз миграцияга катыштыгы бар деген айып менен камакка алган.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск европалык лидерлер жакын арада мыйзамсыз мигранттарды ташыган кемелерди жок кылуунун жолун карап көрөөрүн билдирген.

Ал эми Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогору өкүлү Федерика Могерини "Биз эч качан кайталанбайт деп көп жолу айттык элек. Евробиримдикке бул трагедиялар боюнча токтоосуз чара көрө турган мезгил келди”- деп айткан.

Италия өткөн жылы өзүнүн “Маре нострум” деп аталган издеп-куткаруу операциясын токтотууга мажбур болгон. Анткени Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү, анын катарында Британия да бул операция үчүн Италия бийликтерине каражат бөлүүдөн баш тарткан.

Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан чыккан мигранттар жумушсуздуктан, Сирия меннен Ливиядагы уруш аймактарынан качып, Европага, анын ичинде Италия менен Мальтага эптеп жетип алууну көздөшөт. Анткени бул эки өлкөнү Африкадан Жер ортолук деңизи гана бөлүп турат.

Мигранттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген кемелер коопсуздук эрежелерин такыр сактабай, адамдарды шыкап салып алгандыктан, кемелер жээкке жетпей оодарылып кетишет. Жыл башынан бери БУУнун маалыматы боюнча 1800дөн ашык миргант деңизге чөгүп, набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG