Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Палестина эл аралык коомчулуктан жардам сурады


Израил өкмөтү Газа тилкесинен болгон ракеталык чабуулдарды токтотуу үчүн кошумча чара көрөөрүн билдирди.
Израил өкмөтү Газа тилкесинен болгон ракеталык чабуулдарды токтотуу үчүн кошумча чара көрөөрүн билдирди.

Израил куралчан палестин топтору ок чыгарууну токтотпосо, Газа тилкесиндеги аскерий операциялар улана берерин билдирди. Ал арада Палестина автономиясы эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Бириккен улуттар уюму эки тарапты тең атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөргө чакырды

13-июлда Израилдин атайын даярдыктагы аскерлери менен ХАМАС тобунун куралчан жоокерлеринин атышуусунан 4 аскер жеңил жарат алды. Бул тууралуу Израилдин аскерий жетекчилиги маалымдады. Газа тилкесиндеги бул операция Израилди көздөй от чыгарып жаткандардын уюгун жок кылуу максатында жасалган.

Ишемби күнү Израилдин учактары палестиналыктардын аскерий объектилерине сокку урду. Анда бир аял менен үч жашар наристе мерт кеткенин Палестинанын расмий өкүлү билдирди. Акыркы алты күндө Палестина тараптан бери дегенде 149 адам набыт кетип, алардын басымдуу бөлүгү жайкын тургундар экени белгилүү болду.

Бир аз мурда Израил өкмөтү Газа тилкесинен болгон ракеталык чабуулдарды токтотуу үчүн кошумча чара көрөөрүн билдирген.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху эл аралык уюмдардын тынчтыкка чакыруусуна карабастан, Палестинадагы согушкерлер атышууну токтопосо Израил авиа жана денизден артиллериялык соккуларды уланатаарын билдирди:

- Бул аскерий операция качан аяктаарын айта албайбыз, бул көп убакытка созулушу мүмкүн, биз силердин колдооңорго муктажбыз. ХАМАС Газанын жашоочуларын тирүү калканыч катары колдонууда, андан аймактын тургундары запкы тартууда. Газанын бейкүнөө тургундарынын өлүмүнө биз терең кайгырабыз, бирок буга ХАМАС жана анын өнөктөштөрү жоопкер.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 12-июлда эки тараптан тең атышууну токтотууну талап кылып, маселени түз сүйлөшүүлөр аркылуу, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Израил Газа тилкесинде 6-июлда авиасоккуларды баштагандан бери бул БУУнун биринчи билдирүүсу болду.

Бул юридикалык жактан эч нерсеге милдеттендирбеген, ошол эле маалда эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун көрсөткөн билдирүү.

Билдирүүдө ХАМАСтын же израил аскерлеринин авиасоккулары жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Анда Газадагы кризис боюнча эл аралык коомчулуктун камтамасы айтылып, “эки тарап тең жөнөкөй жарандарды жана эл аралык гуманитардык укукту коргоосу керек” деген сөздөр бар.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пилай Израилдин Газадагы аскерий операциялары эл аралык мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүп жатканынан күмөн экенин айткан.

Пилай 11-июлдагы билдирүүсүндө Израилди аскерий объекттер менен жайкын тургундар жашаган аймактарды так айырмалап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүдөн сак болууга чакырды.

Пилай ошондой эле ХАМАСты жана башка Палестинада баш калкалаган куралчан топторду Газада эл жыш жайгашкан аймактарда атышууну токтотууга чакырып, ал жактан аскерий күчтөрүн чыгарып кетүүнү суранды.

Ал арада Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас буларды билдирди:

- Палестина жетекчилиги анын ичинде борбордук жана аткаруучу комитеттердин өкүлдөрү үзгүлтүксүз жыйындарды өткөрүүдө. Бүгүн эл аралык коомчулуктан Палестинаны жана элин коргоо үчүн жардам суроо чечими кабыл алынды. Израилдин палестиндерге каршы соккусу өтө тереңдеп баратат жана муну токтоштуш керек.

Ал эми Газада отурукташкан ХАМАС кыймылы аскерий операциялардын аякташы жөнүндө азырынча сөз кылуу мүмкүн эместигин айтты.

Соңку тиреш өткөн жумада палестин өспүрүмү өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кетти. Андан мурда Йордан дарыясынын батыш жээгинен үч жөөт өспүрүмдүн сөөгү табылган. Израил ал балдардын өлүмү үчүн өч алуу максатында палестин өспүрүмдү өлтүрткөн деген версия да каралып жатат.

XS
SM
MD
LG