Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Беслан каргашасына он жыл


Түндүк Осетия -- Беслан каргашасынын он жылдыгын эскерүүгө чогулгандар. 1-сентябрь, 2014
Түндүк Осетия -- Беслан каргашасынын он жылдыгын эскерүүгө чогулгандар. 1-сентябрь, 2014

2004-жылы Бесландагы №1 мектепке жасалган террордук чабуулда Надежда Гуриева эки баласынан айрылган. Бул каргаша жүздөгөн адамдын өмүрүн алып, көптөрдүн жашоосун жабыркатты. Ал алааматты баштан кечиргендер андан бери он жыл өтсө да ушул күнгө чейин өзүнө келе албай жүрүшөт.

Надежда Гуриева эки баласын кучактаган бойдон мектептин спорт залынынын полунда катып калды. Алардан бир нече кадам алыс жерде жардыруучу зат коюлган. Улуу балдары Борис менен Вера улуттук кийимин кийип, билим күнүнө арналган майрамдык салтанатка даярданып турушкан эле.

Беслан каргашасында каза тапкан Борис менен Веранын мектептин мемориал тактасындагы сүрөтү.28-август, 2014.
Беслан каргашасында каза тапкан Борис менен Веранын мектептин мемориал тактасындагы сүрөтү.28-август, 2014.

Вера менен Борис Бесландагы №1 мектептеги террордук чабуулдун көптөгөн курмандыктарынын бирине айланышты. Алар эки күн барымтада отурушту. Ал апаатта жалпысынан 334 адам набыт болду, алардын 186сы балдар эле.

Надежда Гуриеванын багына кичүү кызы Иринанын аман калганы бул каргашанын запкысынан чыгууга жардам берди.

“Башка айлам жок эле. Колумда наристем калды. Ал улам келип, ыйлаган жокпу деп көзүмдү карайт. Ошентип бугумду да толук ыйлап чыгара албай калдым”, - дейт көзү жашка толгон Гуриева.

Он жыл мурда, 2004-жылдын 1-сентябрында куралчан согушкерлер мектепти басып алып, 52 саат бою мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин, бардыгы болуп 1100 адамды барымтада кармап турушкан. Гуриева бул коркунучту башынан кечиргендердин өмүрү ал каргашадан кийин таптакыр башка нукка өзгөрүлгөнүн айтат.

- Айрымдар көчүп кетишип, жашоосун толугу менен өзгөртүштү. Башкалар өмүрүн ошол окуяны изилдегенге арнашты. Кээ бирөөлөр мага музей иштерине жардам берип атышат. Айрымдар болсо ушул күнгө чейин көз жашын тыйбай көрүстөндү аралап жүрүшөт.

Азыр Гуриева 54 жашта. Ал №1 мектепте 36 жылдан бери сабак берип келатат. “Бардыгы ичимде. Кайгымды сыртка чыгаргым келбейт. Өмүр бою аза күтүп келем”, - деген аялдын көз алдында уулу менен кызы согушкерлердин колунан набыт болгон.

Ошол күнү эртең менен чечен жана ингуш согушкерлери барымтагылардын баарын мектептин короосунан жардыруучу заттар коюлган спортзалга айдап киришет. Барымтадагылардын өмүрү үчүн террористтер орус аскерлеринин Чеченстандан чыгып кетишин талап кылышат.

Спортзалга акыркылардан болуп киргизилген Гуриева анын үч баласы тең залда экенин билет.

Беслан каргашасы, 2-сентябрь, 2004.
Беслан каргашасы, 2-сентябрь, 2004.

- Он жыл өттү. Кантип баарын башыбыздан кечирдик, билбейм. Мен жардырууларды айткан жокмун, ошол жерде өткөргөн 52 саатты айтам. Ал чыныгы тозок болгон.

Адегенде эле кыйкырык, ызы-чууну токтотуш үчүн согушкерлер баарынын көз алдында барымтадагылардын бирин атып салган.

Башында балдарга дааратканага барганга, суу ичкенге уруксат беришкен. Муздак суу спортзалдын ичиндеги үптөн жана ысыктан бир аз да болсо дене сергиткенге жардам берип аткан.

Ал күнү 14 жаштагы Бористин денеси ысып, дааратканага жетүүгө да алы келбей турду.

- Согушкерлер биз суу ичпеш үчүн бардык суу түтүктөрүн жарактан чыгарышты. Балдар суу алып келиш үчүн көйнөктөрүн сууга чылап, айрым балдар энелерине оозуна суу толтуруп алып келип атышты, - деп эскерет Гуриева.

Экинчи күнкү сүйлөшүүлөр согушкерлер күткөндөй жыйынтык бербегенде, алар балдарга дааратканга барууга да тыюу салышат.

Үчүнчү күнү түшкө маал спортзалда негизинен тынчтык өкүм сүрүп турган. Барымтадагыларды тынчтыкта кармап туруу үчүн согушкерлер үстү жакты көздөй маал-маалы менен ок атып коюшат.

Бесландагы мектеп каргашадан кийин, 4-сентябрь, 2004.
Бесландагы мектеп каргашадан кийин, 4-сентябрь, 2004.

Саат бирден кийин катуу жардыруу болду. Бутуна тургандардын баары жабыла чуркап калышты.

- Согушкерлер чуркап бараткан балдардын артынан ок жаадырышты. Алардын арасынан бир секелек суу түтүгүнө жетип жабышты. Ошол жерден снайпер аны жок кылды. Экинчи жардыруудан кийин чатыр кулап түштү. Имаратты от каптады. Мен көзүмдү ачканда кызым Вера тирүү эместигин билдим. Ал 11 жашта эле. Анын көз карашы, өңү кудум ушул сүрөтүндөгүдөй экен. Ушундай эле күлүмсүрөп турду. Болгону көздөрү жумулуп, жүзүнөн кандуу көз жаш агып турду. Колдорун бооруна алып, ошол жерден таап алган чырымын мыкчып алыптыр, - дейт колуна кызынын күлүмсүрөгөн сүрөтүн кармап, токтоно албай жашын төккөн Надежда.

Борис менен Веранын сөөктөрү таанылгыс болуп күйүп кеткен. Канжалаган Борис алгач дем алып аткан эле. Ок тийгенде анын ичин тешип кеткен. Ок тийбей калган кичүү кызы Иринаны качырганга үлгүргөн Гуриева уулу менен залда калат. Аны спортзалдан алып чыгууга алы келбей, Бористи оор жаракат алгандардын арасына алып келип кошот. Тегерек четтин баарында адамдардын денелеринин калдыктары жаткан эле. Аңгыча согушкерлер Гуриеваны спортзалдан ашканага түртүп чыгарышат. Ал өзү менен кошо бир кичинекей кызды жетелей чыгып, экөө ашкананын жанынан тоңдурулган тоок этинен аккан сууну жата калып шимиришет.

Орустардын атайын жоокерлери мектепке чабуул баштаганда Гуриева терезеден качып чыгууга үлгүрөт. Кызы Ирина да аман калат.

- Бул коогалаңдан өткөн ар бир адам жашоосун улантыш үчүн андан ары бир жол табышы керек эле. Болбосо ошол эле көрүстөнгө барып өлүшүң керек. Күйүтүнө чыдабай бизде орто курактагы көп эркек кишилер өз жандарын өзүлөрү кыйышты, - дейт Гуриева.

Беслан кризисинин кандуу аякташына ким күнөөлүү? Акыркы салгылашууну орус аскерлери баштаганбы же согушкерлерби? Бул суроолордун жообу ушул күнгө чейин ачыкталбай, бүгүнкү күнгө чейин көптөрдүн тынчын алып келет.

Гуриеванын айтымында, анын күйөөсү Станислав күйүтүнөн улам ичкиликке берилип, бир жарым жыл мурда 46 жашында жарыкчылык менен кош айтышкан.

Надежда өзү болсо теракттан эки ай өткөн соң мектептеги ишине кайтып келген.

- Эң биринчи сабагым уулум окуган класска туш болуп калыптыр. Мен коридордо баратсам, бир кыз чуркап келип “Ой, Надежда Ильинична, сиз келгениңиз жакшы болгон турбайбы. Боря келдиби?”- деп сурады. Ал убакта ким өлүп, ким тирүү калганын баары биле элек экен. Биринчи сабактарды биз ый аралаш өткөрүп аттык.

Ошентсе да мугалимдик кесиби Гуриевага кайрат, күч берди. «Сага жагабы же жакпайбы, жүрөгүң ооруп, онго бөлүнүп кетчүдөй болуп турса дагы ишке чыгып, балдарга билим беришиң керек. Мектептеги сабактарымдан башка дагы, он балага үйүнө барып сабак өтчүмүн. Аларга кирээрде үшкүрүнүп алып, жылмайып кирип барып, чыккандан кийин башка баланын үйүнө жеткиче ыйлап барчумун. Анткени алардын абалы аябай оор эле», - деген чачын ак баскан аял өзүнүн агартуучулук кесибин театрдагы актердукуна окшоштурат.

№1 мектептин бет маңдайында курулган мектептин алдында “Биз жаңы жашоо баштайбыз!”- деген жазуу илинип турат. “№1 мектептин тарыхы биздин тарыхыбыз. Теракт да биздин тарых. Ал аябай каргашалуу, кандуу, оор окуя болсо да ал биздин тарых. Биз аны унутпайбыз. Жаңы мектепке көчүп киргени биз жаңы жашоо баштабайбыз. Биз өз жашообузду улантабыз”, – деген Гуриеванын айтымында, 10 жыл мурунку каргашалуу окуя бесландыктардын эсинен эч качан чыкпайт.

XS
SM
MD
LG