Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Москвалык Еленанын кыргыз кызы...


Елена жана анын кызы Надин.
Елена жана анын кызы Надин.

Елена аттуу москвалык орус келин ата-энеси баш тартып, Москвадагы төрөт үйүнө таштап кеткен Наргизаны багып алып, чоңойтуп жатат.

Бул кара көздүү, кара чачтуу үч жарым жашар кыргыз кыздын аты Надин. Аны үч жыл мурун москвалык Елена Евина багып алган...

Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүрүп, биолог болуп иштеген 28 жаштагы Елена бош убактысында мигранттардын балдарына орус тилин үйрөтүп, Латын Америка бийлерине кызыкчу. Эне болууну эңсеген Елена ошол кезде жалгыз бой экенине карабастан бала багып алууну чечкен.

Беш айлык Наргизаны Москвадагы балдар үйүнөн биринчи жолу көрүп, керектүү документтерди тез арада чогултуп, үч айдан кийин асырап алган.

- Наргизаны ата-энеси төрөт үйүнө таштап кетишкен. Алардын улуту – кыргыз, мен курактуу эле жаштар. Мен алардын мындай кадамга эмне үчүн барганын билбейм. Балким алардын материалдык каражаты жок же олуттуу себептери болсо керек. Мен аларды сындагым келбейт.

Елена кызы Надин менен
Елена кызы Надин менен

Балдар үйүндө тарбиячылардын “али жашсың, азият улутундагы баланы албай эле кой, кийин турмушка кантип чыгасың?” дегенине карабай, Елена өз чечиминен кайткан эмес. Орус коомундагы расалык көз караштарга кол шилтеп өзү кыздуу болсо, Наргиза энелүү болуп отурат.

- Кыздуу болгондон кийин жашоом жакшы нукка өзгөрдү. Жаңы төрөгөн энедей болуп, акырындык менен баарына өзүм эле үйрөндүм. Бала багып алган ата-энелер үчүн мектепте өткөрүлгөн сабактардын пайдасы дагы тийди. Балалуу болгондо балаң менен бирге жашоонун жаңы барагын ачат экенсиң. Бала чоңоюп, ар бир кадамы менен дүйнөнү тааныйт. Аны менен сен дагы жаңы нерселерди үйрөнөсүң. Надинка жокто үйдө эле отурчумун. Азыр болсо көп сейилдеп, саякатка чыгабыз...

Эне-бала бири-бирине бат эле көнүп кеткен. Надин жоош болгондуктан Елена үйдө окуучуларга сабак өтүп, оокат кыла башташкан. “Надин мендей болуп бир жаш эки айында басты, анан ал аябай сүйлөөк кыз, кичинесинен эки манжасын соргонду таштабай койду”, - деп күлөт Елена.

Надин
Надин

Азыр Надиндин Москвада чоң үй-бүлөсү бар. Чоң ата, чоң энеси, атасы жана кичинекей иниси болуп бирге турушат. Елена эми күйөөсү менен кеңешип, дагы бир эркек бала багып алууну чечкен:

- Айрымдар эмне үчүн өзүм төрөбөй жатканымды кызыгып сурашат. Мен бала төрөөгө каршы эмесмин. Балким кийин өзүм дагы төрөйм. Бирок азырынча жашообуз ушундай. Үй-бүлөдө бакма бала болгондо, ата-энеси канчалык жакшы көрбөсүн ал баары бир өзүн бөтөн сезиши мүмкүн. Биз Надин жалгыз болбосун деп экинчи баланы багып алууну ойлогонбуз. Балдар үйүнөн кыргыз улутундагы эркек уул дагы тапканбыз. Бирок аны тарбиячылар бизге бербей, Кыргызстанга кетиребиз, ал жактан балдар үйүндө болот дешти. Мен мындай чечимдер туура эмес деп ойлойм. Баланы багып алууну каалаган үй-бүлө турса, аны жетимдер үйүнө берүү туура эмес.

Елена коомдогу расалык көз караштардан балдар кандай кысымга дуушар болорун жакшы билет. Ал “Жарандык көмөк” уюмунда качкындар менен мигранттардын балдарына сабак берип жүрүп, алардын окуяларын көп эле уккан. Бирок Елена кичинекей Надин андай кысымдан жапа чегет деп анча деле чочулабайт:

- Биз азыр кандай коомдо жашап жатканыбызды жакшы билем. Бирок баары бир бардыгы жакшы нукка өзгөрөт деп ишенем. Биздин өлкө көп улуттуу, бул жакта ар кандай түстөгү адамдар жашайт. Жашоо бир орунда турбайт, адамдар бири-бирине жылуу мамиле кылганга көнүшөт. Ал дагы болбосо Надинди өзүн өзү коргоо курстарына катыштырабыз. Атасы бокс менен машыккан, ал өз ыкмасынан үйрөтөт.

Азыр Елена үчүн кызынын бактылуу жана дени сак болушу баарынан маанилүү. Ал энелик сезимден рахат алып, кызынын келечегинен кам санабайт. “Эгер качандыр бир кезде Надин өз тамырына кайрылып, кыргыз тили менен кыргыз маданиятын үйрөнгүсү келсе, мен эч качан каршы болбойм”, - дейт сөз соңунда бактылуу жылмайган Елена.

Орусияда төрөт үйүндө ташталган мигранттардын балдары тууралуу кабар жалпыга маалым. Былтыр кыргыз өкмөтү кыргызстандык мигранттар баш тарткан 50 ымыркайды Орусиядан алып келген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG