Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Орусия: ишеним чексиз эмес


26-мартта оппозициялык маанайдагы “Тилектештик” кыймылы өкмөт башчы Владимир Путин тууралуу жарандар кандай көз карашта болгонун билүү максатында Орусиянын бир катар шаарларында сурамжылоо өткөрдү.

46 шаарда уюштурулган бул иш-чара митинг менен башталып, көчөлөрдө сурамжылоо өткөрүлгөн. Сурамжылоого катышкандарга “Владимир Путиндин президенттик, андан кийин премьер-министр болуп тургандагы иш жолуна кандай баа бересиз?” деген башкысуроо узатылды.

Мындан тышкары “коркпой-үркпөй жашай турган мезгил келдиби?”, “мыйзамдуулук үстөмдүк кылуудабы?”, “аткаминерлерге ишеним артасызбы?” деген суроолор узатылды. Жакында бул сурамжылоонун негизинде “Путин. Жыйынтык. Эл оозундагы кеп” деп аталган тасма интернетке жайгаштырылары кабарланды.

26-мартта Владимир Путиндин жогорку бийликке келгенине 11 жыл толду.

Ордо калаада өткөн митингде “Тилектештик” кыймылынын лидерлеринин бири Михаил Шнейдердин айтымында, башкы максат – Путинди кызматтан кетирүү:

- Он бир жыл ичинде коопсуздук маселеси колго алындыбы, аны сездиңерби? Коррупция азайдыбы? Өлкөбүз мыйзам жолунан чыкпай жашап атабы? Сиздерге бийлик чындыкты айтабы? Эгерде бүгүн шайлоо өтсө добушту Путин үчүн берет белеңиз?

Митинг маалында оппозиция “Путинсиз Орусия”, “Өкмөт башчы кызматтан кетсин” деген жазуулар бар плакаттарды кармап турду.

“Левада” борбору да мартта сурамжылоо жүргүзүп, Путин-Медведевдин тандемине калктын ишеничи азайганын аныктаган. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү “өлкө кайсы жолдо жана кайда бара жатканы белгисиз” деп жооп беришкен.

XS
SM
MD
LG