Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Орусия: жоокерлер жашыруун көмүлүүдө


Бир нече күн мурда орус армиясынын он десант аскери Украинада туткунга түшкөнү кабарланган.
Бир нече күн мурда орус армиясынын он десант аскери Украинада туткунга түшкөнү кабарланган.

Украинада туткунга түштү делген же дайынсыз жоголгон орусиялык жоокерлердин үй - бүлөлөрү жана укук коргоо уюмдары алардын тагдырын тактай албай убара тартууда.

Жаз башында орус президенти Владимир Путин эч нерсеге карабай өз жоокерлерин Украинанын Крым жарым аралына жайгаштырып, аймакты тезирээк аннексиялап алууну көздөгөн. Бир айча дегеле аскер киргизилгенин четке кагып келген Путин кийин камырабастан «жашыл кийимчендер» орусиялык жоокерлер экенин моюнга алган.

Ошентип Кремл Крым жарым аралын аскер күчү жана эл аралык коомчулук тааныбаган референдум аркылуу оңой-олтоң эле аннексиялап алды.

Эми болсо орус жоокерлердин өлүмү, туткунга түшкөн десантчылардын украин телеканалдарынан көрсөтүлүшү жана набыт болгондордун жашыруун көмүлүшү орусиялыктардын арасында ар кандай суроолорду жаратууда.

Украинада туткунга түшкөн 10 костромалык десанттын туугандары алар жөнүндө маалыматты интернеттен алганын билдиришти.

Алардын биринин энеси Ольга Почтоева уулунун ВКонтакте социалдык тармагындагы сүрөттөрүн алып, жергиликтүү бийлик өкүлүнө барганда, “бул провокация” деген сөздү уккан.

«Мен бул сүрөттөрдү көрсөтсөм алар ишенишкен жок. Фотошоп дешти. Мен абдан өкүнөм, себеби уулум фотошоп колдонгонду билбейт» - дейт ал.

Орус президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин өкүлдөрү Тергөө комитетине он жоокердин өлүмүн тактап берүү өтүнүчү менен кайрылды.

«Биздин уюмдардан ата-энелер талап кылып сурап жатышат. Алардын уулдары кайда жана эмне себептен алар менен эч кандай байланыш жок? Эмнеге белгилүү бир датадан кийин алар менен байланыш үзүлүп калды. Маселен, 15, 19, 20-августтан кийин байланыш жок - дейт аталган кеңештин өкүлү Элла Полякова.

Ал арада бул маалыматты Ставрополь аймактык "Жоокерлердин энелери" комитети ырастап, дагы төрт жүзгө жакын орус аскери Украина аймагында өлтүрүлгөн же жарадар болгон деп боологолошот.

Украинада туткунга түшкөн жоокер Сергей Смирновдун ата-энеси.

"Биз уулубузду күтөбүз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Айрым маалымат каражаттары Орусиянын түндүгүндөгү Псков шаарында орус жоокерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнаттары өтүп жатканын жазып чыгышты.

Дүйшөмбүдө Псков аба-десанттык дивизиясынын жоокерлери Леонид Кичаткин жана Александр Осипов жерге берилди. Бир аз мурда украин маалымат каражаттары бул адамдардын жеке документтери согуш жүрүп жаткан Украина аймагында табылганын кабарлаган.

Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан, албетте, бул акыркы сапарга узатуу зыйнаттары көрсөтүлгөн жок. Ал эми ага барган көз карандысыз журналисттерге белгисиз бирөөлөр сес көрсөткөн.

“Алар бизге мындан ары көрүстөнгө барып, бул окуяны казуунун кереги жок экенин билдиргиси келди. Ал адамдар журналисттердин артынан келишкенби же мурда эле көрүстөнгө келгендерби азырынча белгисиз. Биз полицияга айтсак дагы эч кандай комментарий болгон жок” - дейт "Планет” маалымат сайтынын журналисти Илья Васюнин.

Бир аздан кийин эки жоокердин мүрзөлөрүндөгү ысымдар жана алардын өлгөн датасы жазылган тактайча алынып калган.

Бир нече күн мурда Кичаткиндин ВКонтакте социалдык тармагындагы баракчасына анын жубайы күйөөсүнүн көз жумганын жазган. Бир аздан соң ал маалымат дагы өчүрүлдү. Ошондон бери маркумдун үй-бүлөсү интернетке байланышка чыга элек.

22-августа ошол эле Псков дивизиясынын командири Антон Короленко Воронежде акыркы сапарга узатылды.

Орусиянын Башкыртстан жумуриятынын жараны Марсел Араттановдун энеси көз карандысыз “Дождь” телеканалына уулун 28-августта жерге бергенин, жергиликтүү бийлик уулунун сөөгүн Ростовдон алып келгенин айтып берген.

“Ал набыт болгондо бул өлкөдө эмес болчу, ал Украинанын аймагында деп укканбыз» - дейт Венера Араттанова.

ИТАР-ТАСС маалымат агенттигине маек берип жатып президент Путиндин маалымат катчы Дмитрий Песков аскерлердин өлүмү жөнүндө суроого “тиешелүү мекемелер текшерип жатат” деп түз жооп берген жок.

28-августта НАТОнун өкүлү Украинада сепаратисттер тарапта миңден ашуун орус аскерлери согушуп жатканын билдирди. Орусиядагы “Жоокерлердин энелери” комитетинин жетекчиси Валентина Мельникованын айтымында, Украинадагы согуш талааларында жүргөн орус аскерлердин саны 15 миңден ашты.

Ал арада өзүн "көз карандысыз Донецк Элдик Республикасы" атап алган аймактын лидери Александр Захарченко козголоңчулардын арасында орус армиясынын өкүлдөрү бар экенин моюнга алган. Жикчил лидер орус жоокерлер эс алуу учурунда Донецкке баш багышат деп кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG