Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

"Селсаяк деп карашкан эмес". Эл артистинин жубайы кайдыгерликтен каза тапты


Раиса Атагелдиева. (Жакындарынан алынган сүрөт)
Раиса Атагелдиева. (Жакындарынан алынган сүрөт)

Бишкекте эки ай мурда машине коюп кетип каза болгон аялдын жакындары милиция жана медицина кызматкерлерин шалаакылыкка айыптап, жоопко тартууну талап кылууда. Алар 75 жаштагы аялга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлгөндө аман калмак деп айтып жатышат.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кызматкерлердин үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек. Каргашалуу окуя былтыр ноябрда болгон.

"Апамды "селсаяк" деп карабай коюшуптур"

Бишкектин 75 жаштагы тургуну Раиса Атагелдиева 25-ноябрга караган түнү дайынсыз жоголгон. Жакындары ооруканага түшүп калган аял палаталаш кишинин телефонунан чалганда гана анын кырсыкка кабылганын угушкан.

"Апам 75 жашта болгону менен, тың эле. Башка үйгө көчөм деп даярданып жаткан, ошондон уламбы, таштанды ыргытуу үчүн сыртка чыгыптыр. Бул окуя 25-ноябрда таңкы саат беш-алты аралыгында болуптур. Өзүнүн айтуусунда, аны машине коюп кетиптир. Апамды эс-учун билбей жаткан жеринен белгисиз бирөө көрүп калып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) жеткириптир. Анткени апам РИИБнин жанында эжем менен жашачу. Апам эсине толук келбей, аты-жөнүн айта албаган окшойт, милиция кызматкери аны "селсаяк" деп ойлоп, "Тез жардам" чакырат. "Тез жардам" аны Улуттук хирургия госпиталына жеткириптир. Ал жерде медицина кызматкерлери да апамды "селсаяк" деп карабай, эч кандай медициналык жардам көрсөтүшпөптүр. Апам эртеси күнү гана эсине келип, палатадагы кошуна кишинин телефонун алып, бизге чалган. Биз ага чейин апабызды издеп, оорукана, өлүкканаларды кыдырып жүргөнбүз. Госпиталга барсак, апабыз "ичеги-карын" бөлүмүндө палатада жатыптыр, ага "үшүп калган" деген диагноз коюп, "селсаяк" катары каттап коюшуптур. Эч кандай медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Жардам эмес, атүгүл кароо болбогон. Анткени апамдын сол колу сынып, шалактап жүрүптүр, ал эч кандай аппараты жок эле кадимкидей көрүнүп турду. Мен ошол жерден нөөмөтчү дарыгерди, башкы дарыгерди издеп таппай койдум. Баары эле ийин куушуруп, "билбейбиз" менен кутулушту. 4-ооруканадагы тааныштарыма чалып, апамды ошол жакка алып кеттик. Госпиталдан апама эч кандай кагаз да жазып бере алышкан жок", - деп айтып берди маркумдун уулу Эмил Атагелдиев.

Эмил Атагелдиев
Эмил Атагелдиев

"4-ооруканадагы дарыгерлер апамдын абалын көрүп эле нес болушту. Себеби апамды машине коюп кеткенде, сол колу, буту, моюн омурткасы сынып кетиптир, кабыргалары эки тарабынан тең жараат алган экен. Дарыгерлер апам буга кантип чыдап жатканына таң калып, "өтө оор жараат" деп мүнөздөштү. Ал жерде дароо апамды томографияга тартып, жандандыруу бөлүмүнө алышты. Кан басымын жөндөп, операция жасашты. Апам операциядан чыгып, үч күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан соң, өзүн жакшы сезип калганда палатага которулган. Бирок ошол эле күнү кечинде кайрадан абалы начарлап, кете берди. Апабыздан айрылып калдык".

Маркумдун жакындары буга өз ишине шалаакы мамиле жасаган милиция жана медицина кызматкерлерин айыптоодо.

"Биринчиден, Биринчи Май райондук милициясы апамды "таап" келген кишинин тек-жайын тактаган эмес, ал киши өзү каршы болуп койгон имиш. Эми ал адамды азыркы күнгө чейин издеп жатышат. Анын үстүнө апамдын үстүндө калың кийимдери, бут кийими болгон эмес. Күн суук эле болчу, ал көчөгө жеңил кийим менен чыкмак эмес. Бул дагы табышмактуу болуп жатат. Милиционерлер апам эс-учун билбей жатса, булганган кийимдерине карап эле, "селсаяк" деп тыянак чыгарып коюшкан. "Тез жардам" болсо колу-буту сынып шалактап жүргөн апамды Травматологиялык борборго эмес, №2 Улуттук госпиталга жеткирген. Демек, алдын ала кароо болгон эмес. Ал эми Хирургиялык борбордун дарыгерлери апама эч кандай медициналык жардам көрсөтүшкөн эмес. Алар да апамды "селсаякка" чыгарып, анын эртерээк өлүшүн күтүшкөн. Ким болгон күндө да булар колдоруна адам түшүп жаткан соң, ал тууралуу кам көрүүгө милдеттүү болчу да. Апамдын колу-буту, моюн омурткасы сынып кетиптир", - деп түтөдү Эмил Атагелдиев.

Мунарбек жана Раиса Атагелдиевдер
Мунарбек жана Раиса Атагелдиевдер

Маркум Раиса Атагелдиева өмүрүн жаш жеткинчектерге скрипка үйрөтүүгө арнап, музыкалык окуу жайда сабак берген. Анын күйөөсү Кыргыз Республикасынын эл артисти Мунарбек Атагелдиев да белгилүү скрипач болгон. Жубайлар учурунда узак жылдар бою Кыргыз мамлекеттик телерадионун симфониялык оркестринде эмгектенишкен. Мунарбек Атагелдиев 1971-жылдан тарта Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин концертмейстери болгон. 2014-жылы 65 жашында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

"Кызматтык чара көрүлдү"

Эмил Атагелдиев апасынан айрылгандан кийин ага тиешелүү жардам көрсөтүп, дарылабаган медицина кызматкерлерине чара көрүүнү талап кылып, Саламаттык сактоо министрлигие кайрылган. Министрлик бул окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн, №2 улуттук хирургия борборунун дарыгерлерине сөгүш берилип, айрымдары бир айга кызматынан четтетилгенин маалымдаган.

Раиса Атагелдиеванын өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жообу.
Раиса Атагелдиеванын өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жообу.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча "Азаттыкка" комментарий бере элек. Министрликтин басма сөз кызматы кат менен кайрылуубузду өтүндү.

Жабырлануучулар буга чейин кызматкерлердин шалаакылыгы үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылган эмес. Эмил Атагелдиевдин сөзүнө караганда, ал 1-февралда ИИМдин Ички иликтөө башкармалыгына арыз жазган. ИИМдин басма сөз кызматы "Азаттыкка" бул иш боюнча иликтөө башталганын, жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берилерин билдирди.

Адам өмүрүн сактоонун жоопкерчилиги

Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт, көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова 75 жаштагы аялдын өлүмүндө милиция кызматкерлеринин да жоопкерчилиги бар деп эсептейт.

"Аялды жашаган үйүнүн жанынан, Биринчи Май райондук милициясынын алдынан машине коюп кетип жатат. Милиция эмнеге чукул чара көргөн жок? Аларда толтура видео камералар болушу керек эле. Жок болгон күндө да саналуу мүнөттөрдө эле аялдын тек-жайын, эмне себептен мындай абалга кабылганын аныктап койсо болмок. Анткени ИИМде техникалык мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн алыскы айылдарда адам эмес, жоголгон малды соцтармактар аркылуу таап жатышат. Биздин милиция деле аялдын сүрөтүн, өң белгилерин өз бутактары, соцтармактар аркылуу тарата калып, бир нече минутта кимдигин аныктап койсо болмок. Издөө жарыялаш керек болчу. Бул жерде милициянын аракетсиздиги, иштегиси келбегени көрүнүп турат. Ошол эле учурда дарыгерлер укук коргоо органдарын угуп, аларга көз каранды болуп жатканы да чоң көйгөй".

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

Барыктабасова саламаттык сактоо системасындагы чечилбеген маселелер адам өмүрүн алган кайгылуу окуяларга жеткирип жатканын белгилейт.

"Медицина бул көйгөйдү толугу менен мойнуна алышы керек. Анткени бизде кынтыксыз тез жардам көрсөтүү системасы жөнгө салынган эмес. Шаардагы ооруканалардын ар бири адамдардын ар кайсы органдарын дарылоо боюнча адистештирилип бөлүнгөн. Ошондой эле алар нөөмөтчү болуп да бөлүнөт. Окуя болгон күнү кайсы оорукана нөөмөтчү болсо, "Тез жардам" бейтапты ошол ооруканага алып барат. Кээде "Тез жардам" бардык ооруканаларга алып барып, эч кимиси бейтапты албай койгон учурлар бар. Акыры бирөөгө калтырып кетүүгө мажбур болот. Тилекке каршы, буга чейин да ушундай мамиленин айынан адамдар өлүмгө дуушар болгон учурлар катталган. Мисалы, белгилүү акын Элмирбек Иманалиевди да ооруканалар албай коюп, ал жолдо үзүлгөн. Мына ушул бизде чоң көйгөй. Саламаттык сактоо министрлиги муну ондогон жылдардан бери жолго коё албай келет. Канчалаган долбоорлор аркылуу канча акча кетти. Канчалаган буйруктар чыкканы менен, система жөнгө салынган жок. Стационарлар бири-бирин укпайт, менчик "Тез жардам" кызматтары алып келген бейтаптар ооруканага кабыл алынбаган учурлар толтура. Эгер бейтап улгайган адам болсо, аны ооруканалар жөн эле албай коюшат. Улгайган бейтаптарга жасалган мындай мамиле - өлкөдөгү экинчи чоң маселе. Министрлик бир эле буйрук менен улгайган адамдарды кабыл албай коюу адатын тыйса болот".

Кыргызстанда тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн адам өмүрү кыйылган окуялар көп кездешет. Былтыр ноябрда Бишкектеги шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон 38 жаштагы бейтаптын өлүмүнө байланыштуу бөлүм башчы жана бөлүмдүн дарыгери кызматынан четтетилген.

Жыл аягында Бишкекте стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калган. Клиника убактылуу жабылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кийинчерээк кызга наркоз сайган анестезилог дарыгер камалган. 31-январда Бишкек шаардык соту шектүүнү үй камагына чыгарган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алиянын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш догдур кызматтан бошотулганын билдирген.

Быйыл январда Бишкектеги Балдардын "Тез жардам" ооруканасында чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Акыйкатчы институтунун маалымдашынча, былтыркы он айда мекемеге медицина тармагына нааразы болгондордон 47 арыз түшкөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG