Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

Намысты бийик көтөргөн үч кыз


Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.
Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди.

- Бул бир эле менин жеңишим эмес, жалпы кыргыз элинин жеңиши. Ата-энемдин, машыктыруучумдун жана баарыңыздардын ишеничиңиздерди актаганыма кубанып турам, - деди балбан кыз журналисттерге берген маегинде.

Дүйнө кубогу: Кыз-келиндер күрөшү: 68 кг. Финал. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) - Адела Ханзликова (Чехия).

Ушуну менен 20 жаштагы балбан кыз Мээрим Жуманазарова акыркы эки айда экинчи алтын байгесин утуп жатат. Буга чейин алган жараатына байланыштуу мелдештерге катыша элек болчу.

Күрөш боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталган. Алгач грек-рим күрөшү боюнча таймаш өтүп, 14-декабрда кыз-келиндер килемге чыккан.

Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова аталган мелдештин баш байгесин уткан.

Айсулуу: Менин капчыгымда бир гана Олимпиаданын байгеси жок

62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди. Ал беттеш учурунда атаандашы Анастасияны жерден дээрлик толук көтөрүп, далысы менен жерге чапты. Бул ыкмасы үчүн беш упай берилди.

Дүйнө кубогу: Кыз-келиндер күрөшү: 68 кг. Финал. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) - Анастасия Григорьева (Латвия).

Айсулуу бул Дүйнө кубогунда төрт жолу беттеш өткөрүп, төрт атаандашын тең ири (10:0, 10:0, 13:2, 14:0) эсеп менен утту. Алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени (10:0), чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду (10:0) уткан. Жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген.

"Бул мелдеште мен өзүмө ишенип турдум, толкундаган жокмун", - деди балбан кыз " эмнеге беттештерди жеңил уттуң?" деген журналисттин суроосуна.

"Менин капчыгымда бир гана Олимпиаданын байгеси жок. Аны утуу үчүн болгон аракетимди жумшайм. Азыр биздин башкы максатыбыз - олимпиадалык байгени утуу. Биз командабыз менен буга дыкат даярданып жатабыз. Буюрса келээрки жылы өтө турган Олимпиадага жакшы даярдык менен барабыз", - деди Айсулуу Тыныбекова.

Айперинин коло байгеси

76 килограммага чейинки салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду.

Айпери Медет кызы бул мелдеште жалпысынан үч беттешке чыкты. Алгач чейрек финалда болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде уткан. Жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокенге жеңилген.

Жыйынтыгында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы эки алтын, бир коло байге утуп алды. Кыздардын жеңиши спорт ышкыбоздорунун көңүлүн көтөрдү.

"Кыздары кыйын кыргыздын!"

Социалдык тармактарда балбан кыздарды алкап, алардын ийгилигине кубангандар көп. Алардын бири Марат Тагаев кыздардын өзүн эле эмес, алардын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун эмгегин баса белгилеген.

"Айсулуу, Мээрим, Айперинин машыктыруучусу Нурбек Изабековго даңк! Мындан бир канча жыл мурда кыздар күрөшү улуттук сыймык болгонду кой, күрөшкөн кыздар бар экенин көбүбүз билчү эмеспиз. Нурбек Изабеков тарыхты жаратуучу! Улуттун сыймыгы!!!", - деп жазды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

Балбан кыздардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков: "Кыздар күрөшүнө коомчулуктун көз карашын өзгөртө алдым",- деди "Азаттыкка" берген маегинде.

"10 жыл мурда кыздарга, аялзатына мамиле башкача болчу. Бүгүнкү күндө алардын спортко катышуусуна коомдун көз карашы өзгөрдү. Мен кыз-келиндер күрөшүнө коомчулуктун ой пикирин жакшы жагына өзгөртө алдым. Албетте, мунун баары чоң эмгек менен келди. Кыйынчылыктар коштоду. Ыза болгон күндөр болду. Бирок бүгүнкү кыздардын жеңиши биздин 10 жылдык эмгегибиздин акыбети кайтканын көрсөттү", - деди Нурбек Изабеков.

Нурбек Изабеков балбан кыздар менен.
Нурбек Изабеков балбан кыздар менен.

Дүйнө кубогуна кыз-келиндер күрөшүнөн төрт кыз катышты. Алар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Нураида Анаркулова.

12-декабрда башталган күрөш боюнча Дүйнө кубогу 18-декабрда аяктайт. Алгач грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медал тагынса, Руслан Царев (72 кг) менен Калы Сулаймановго (63 кг) коло медал буюрду. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштарда байге ээлери аныкталат.

XS
SM
MD
LG