Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

"Суу дамбаны жырып, үйлөрдү жууп кетти". Борбор Азияны жүдөткөн сел


Селдин кесепетин жоюу иштери. Ош, Кара-Суу. 22-апрель, 2024-жыл.
Селдин кесепетин жоюу иштери. Ош, Кара-Суу. 22-апрель, 2024-жыл.

Акыркы жумаларда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана ансыз да ташкындан жапа чеккен Казакстандын аймактарында сел жүрүп, бир катар чыгымдарга алып келди.

Кыргызстан: 300 үйдүн жашоочусу көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунда жааган жамгырдан улам Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колоттордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, үч үйдүн ичине кирип кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында автоунаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды.

Мунун алдында ушул эле райондун Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралганын билдирди. Ушундан улам айылдын тургундарын эвакуация кылуу чечими кабыл алынып, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жаткан.

Аталган кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылып, кооптуулук жаралган аймакта жашаган жарандарды коопсуз жайга эвакуциялап, тактоо жумуштарын колго алды.

Сел жүргөн жерге райондук жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 29 инженердик техникасы тартылып, кооптуу жагдай убактылуу жоюлду.

22-апрелде облустун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаев табият кырдаалынан жаралган абал менен таанышып, тийиштүү ыкчам чара көрүү тапшырмаларын койду.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.

Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда өзгөчө кырдаал катталган аймактарда комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Талас районунда болсо Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, бир көпүрө жабыркаган. Аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тиешелүү буйрукту район акими кабыл алды.

Казакстанда тургундар күч менен эвакуацияланды

Казакстанда сел каптаган аймактарда абал кооптуу бойдон калууда. Жекшембиде Батыш Казакстан облусунун Орол шаарында Жайык дарыясынын деңгээли 8,5 метрден ашканы кабарланды. Ушул эле күнү суу ташкыны Оролдун четинде жайгашкан дачаларды жууп кетти.

Куткаруучулар жана милиция кызматкерлери эвакуацияга баш ийбеген тургундарды күч менен чыгара баштады.

Ташкын Жайык жана Чаган дарыяларынын жака белиндеги кичи райондорго да жетти.

22-апрелдин таңында суунун деңгээли дагы 10 сантиметрге жогорулаганы кабарланды.

"Жайык дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу калктуу конуштардын тургундарын кечикпей, өз убагында жакынкы эвакуация пункттарына же туугандарынын жанына көчүп кетүүгө чакырам", - деп билдирди Батыш Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын расмий өкүлү Нуржан Толеуиш.

Суунун чоң толкуну Орол шаарынын Зачаганск облусундагы дачалардын жанындагы дамбаны жырып кеткен. "Азаттык" радиосунун казак кызматынын аймактагы кабарчысынын айтымында, суу ташкыны буга чейин топурак, кум менен тосулган чептерди бир заматта талкалап кеткен.

Кооптуу аймакта калып, эвакуацияга баш ийбеген тургундар күч менен чыгарылып жатканын Батыш Казакстан облусунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Руслан Касыбаев жекшембиде билдирди.

"Дача тургундары менен тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок айрым тургундар коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле жасап, көчүүдөн баш тарткан. Буга байланыштуу алар өзгөчө кырдаалдар жана укук коргоо органдары тарабынан күч менен эвакуацияланууда. Бардык зарыл ресурстар менен камсыздалган атайын пункттар эвакуациялангандарды кабыл алууга даяр", - деп эскертти казак аткаминер.

Ал эми 22-апрелде Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Орол шаарын суу ташкындан коргоо үчүн кошумча күч жөнөтүлөрүн билдирди.

"Вице-премьер-министр Канат Бозумбаев суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн Батыш Казакстан облусуна Маңгыстау жана Актөбө облустарынан, Астана жана Алматыдан дагы 500 аскер кызматкерлери менен куткаруучу жөнөтүүнү тапшырды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрлигинен 200 адам Оролго барып, ишке киришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жээктерди бекемдөө иштерине жалпысынан облус боюнча 16 миңден ашык адам, эки миңден ашык техника тартылган. Ай башында казак өкмөтү батыш аймактарды суудан коргоо үчүн 10 миңден ашуун аскер мобилизацияланганын билдирген.

Ал эми облустук бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарына окуя болгон жерден маалымат берүүгө тыюу салды. Буга чейин Батыш Казакстан облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Карабалаев брифинг учурунда журналисттерге суу каптаган аймактарга барууга тыюу салынганын билдирген.

Алар мындай эрежени журналисттер менен операторлордун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралбашы үчүн жасалган чара катары түшүндүрүшкөн.

Ошондой эле бул аймакты дрон менен видеого тартууга да тыюу салынды.

Батыш-Казакстан облусунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматында, 22-апрелге карата аймактан жалпысынан 13 миңден ашуун киши эвакуацияланган. Эвакуация борборлорунда 2,5 миңдей адам баш калкалап турат. Быйыл март айынан бери өлкөнүн батышында жана түндүгүндө 118 миңден ашуун киши эвакуацияланды.

Өзбекстан: Самаркандда көчөлөрдү суу каптады

Ал тапта дем алышта Өзбекстанда нөшөрдөн улам бир катар шаар жана айылдарда катуу сел жүрдү.

Самарканд облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлү Илхoм Бокиев "Азаттыктын" өзбек кызматына кабарлагандай, аймакта 20-апрелде катуу жаандан жабыркаган жарандар катталган эмес.

"Кыска мөөнөт ичинде нөшөрдүн кесепетинен суу каптаган учурлар болду. Мисалы, Ургут районунун аймактарында жамгырдын суулары арыктарга батпай ташып кеткен", - деди расмий өкүл. Бирок ал сел кайсыл шаар жана айылдарды каптаганын так айткан жок.

Ишембиде социалдык тармактарда Самарканд облусунун Ургут районунун борборунда жана айылдарында катуу сел жүрүп жатканы тууралуу видеолор байма-бай тараган. Анда көчөлөрдө суу автоунааларды агызып, арыктардан ашкан суу үйлөргө, дүкөндөргө каптап жатканын көрүүгө болот.

Ооганстан: селден 33 өмүр кыйылды

Ооганстанда бир нече күн катары менен тынбай жааган нөшөрдөн улам башталган суу ташкын 33 кишинин өмүрүн алды. Баш калаа Кабулду жана башка аймактарды каптаган селден жүздөгөн үй кыйрады.

“Тилекке каршы 33 адам набыт болду, 27 киши жараат алды. Айыл-кыштактарда 600дөн көп үй талкаланды”, - деди талибдердин өкүлү, молдо Жанан Сайик.

Гилменд провинциясында Баст айылынын тургуну “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, суу ташкындан улам мал-жанынан, үй-мүлкүнөн айрылгандар көп.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG