Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:08

Светтик өлкөдөгү муфтият менен блогердин чындыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын блогер Айнура Сагынбаева тууралуу билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикир жаратты.

Муфтият Сагынбаеваны дин жөнүндөгү айрым пикири менен "исламды ачык бурмалап жатат" деп айыптаган. Мындай сөздөрүн токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылышарын эскерткен.

Коомчулукта, социалдык тармактарда блогерди айыптагандар да, колдогондор да бар.

Ошол эле маалда муфтият буга чейин айрыкча аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулукка, зөөкүрлүккө, төбө чачты тик тургузган окуяларга үн катпай келип бир блогердин сөзүнө маани бергенин сындагандар, Кыргызстан светтик өлкө экенин айткандар да болууда.

Социалдык тармактарда өзүн косметолог, психолог жана сексолог катары таанытып жүргөн блогер Айнура Сагынбаева соңку кездери дин тууралуу пикирин, түшүндүрмөсүн айтып, кеп-кеңеш берген чакан видеолорду жарыялай баштаган. Акыркы видеолорунун биринде эркектер никесиз жыныстык катнашка барса күнөөгө жатпасын белгилеп, ал ириде анын "саламаттыгы үчүн керек" дегендей оюн айткан.

Мындан көп өтпөй Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сагынбаева тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына чакан билдирүү жазган. Анда блогердин дин тууралуу пикири "исламды ачык бурмалоого жатарын" белгилеп, эгер мындай сөздөрдү токтотпосо тиешелүү органдарга кайрылышарын эскерткен.

"Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелерине жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгер аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз", - деп эскерткен муфтият.


Айнура Сагынбаеванын Инстаграмдагы баракчасына 740 миңден ашык адам катталган, ал эми Фейсбукта ага 64 миң адам жазылган. Ютубдагы видеолорун миңдеген адам көрөт.

Блогер муфтияттын эскертүүсүнөн кийин "жазган билдирүүлөрүн өчүрүп, ТикТокту жабарын" билдирген.

"Бирок аны менен чындык жабылбайт. Чындык ошол бойдон калат. Мага эмне түрткү болду? Коомдогу көп нерсеге көзүм ачылды, бирок үн чыгарбай коюшка мүнөзүм жол бербеди. Психологияны изилдөөнү токтотпойм, мындан дагы катуу изилденем. Курандын дагы арабча оригиналын өзүм котортуп окуйм. Чынында менин оюм коомго ушунча таасирдүү, маанилүү экенин билген эмесмин", - деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.


Сагынбаева "Настоящее время" сайтына берген комментарийинде жыныстык катнаш тууралуу видеосунда "күнөө эмес" деген сөзү ката, ашыкча болгонун мойнуна алды. Муфтияттын ал тууралуу билдирүүсүн "өзүн пиар кылгысы келген адамдардын аракети" деп сыпаттады:

"Мен башында психолог катары блог алып бара баштагам. Акырындап отуруп биздин өлкөдө үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу бир топ маселе бар экенин, ажырашуулар көп болуп жатканын түшүндүм. Бул тармакта төрт жылдан бери алектенем. Мага төрт жылдан бери жеке кат куржунума көп эркектерден кайрылуу келет. Биринчи кезекте сексуалдык сабатсыздыктан улам ушундай маселелер бар экенин түшүндүм. Азыр бул тармакта менден башка эч ким кыргыз тилинде мындай маалымат бербейт. Муфтияттан ушундай реакция болорун боолгологом. Кайсы бир өзүн менин эсебимден пиар кылгысы келген адамдар өз максатына жетип, муфтият ушундай чарага барууга аргасыз болду деп ойлойм. Мисалы, мага байланыштуу муфтиятка кайрылган адамдардын бирине жекече кат жазып кайрылдым, ага жолугуп, бул жагдайды талкуулоону сунуштадым. Ал мага жооп берген жок, блоктоп салды. Мындан улам алардын максаты адамдарды ишенимге чакыруу эмес, пиар кылуу экенин түшүндүм. Мен азыркы жагдайды талдап жатып "күнөө эмес" деген сөздөн жаңылганымды түшүндүм. Чынында эле динге ишенген адамдардын аң-сезимине өтө этият мамиле кылуу керек. Балким, мен "күнөө эмес" дегендин ордуна "керек" деп айтып койсом жетиштүү болмок".



Соңку окуя ириде блогерлерге байланыштуу маселени дагы козгоду жана аларды "ээнооздукка" байланыштуу айыптагандар болду.

Дин жолунда жүргөн ишмер Айжан Акылбекова Фейсбуктагы баракчасына динге байланыштуу ар ким кийлигишпей турган чек бар деген оюн жазды:

"Ар ким, өз оюн эркин айтууга укуктуу, албетте. Бирок кийлигишпей турган чектер бар. Мисалы, Кыргызстандын Конституциясынын бир беренесин ар ким каалагандай өзгөртүп, жарандарга аткарбай коё бер, же мыйзамга баш ийбей эле жашай бер дей албайт да. Ошол сыңары, ислам динин тандап жашап жаткан мусулман адамга Курандын өкүмдөрүн каалагандай өзгөртүп колдоно бер деп эч ким кенеш же көрсөтмө бере албайт. Маселе ушундай жөнөкөй эле".

Блогердин да, муфтияттын да жоопкерчилиги

Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова блогерлердин жоопкерчилигине токтолду:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

"Социалдык тармак аркылуу коомчулукка, эл алдына чыгып сүйлөгөндөр, эл алдында жүргөндөр, эл арасында пикир жаратам дегендер жоопкерчиликти да түшүнүшү керек. Ар сөзүнө так болуп, ар бир сөзүнүн далили болушу керек. Бирөөнүн абийирине, улутуна, динине жана жынысына шек келтирбей, өз пикирин айтууга үйрөнүшү керек. Атайын билим албай туруп дин тууралуу маалымат таратканда коомдо туура эмес пикир жаралып, туура эмес тыянак чыгарылып калышы мүмкүн. Ошондуктан биздин блогерлер кайсы бир теманы көтөргөндө, аны чындап ар тараптап изилдеп, ошол темада изденип, окуп жүргөн адамдар менен макулдашып, алардын пикирин угуп, тажрыйба топтогондон кийин гана оюбузду айтып чыксак туура болмок".

Атыр Абдрахматова ошондой эле муфтиятка айтылып жаткан сын-дооматтарга токтолду. Кыргыз коомунда айрыкча аялдарга, балдарга жасалган зомбулук, зөөкүрлүк өңдүү окуяларда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы үн катпай келгенин белгиледи.

"Азыр аялдарга, кыз-келиндерге жана балдарга карата зордук-зомбулук катталып жатат. Тилекке каршы, айрым учурларда молдо деп жүргөн адамдар дагы катышкан фактылар болуп жатат. Жашы жете электерге нике кыйган учурлар, зордук-зомбулукту жаап-жашырган жагдайлар тууралуу маалыматтар да чыгып жатат. Муфтият динди туткан адамдардын кебете-келбети жөнүндө сөздөргө эле реакция кылбай, динде болгон аялга, балага карата урмат тууралуу үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти, бири-бирине кол кабыш кылууну, сабырдуулукту, тилектештик тууралуу дагы үн катып турса жакшы болмок. Даават учурунда же жума намаздардагы баяндарда дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Президент бизге таандык, кыргыз элинде илгертен келаткан салттуу дин тууралуу айтып кетпедиби, ошондуктан бири-бирибизди сыйлаган, сабырдуу, тең укуктуу диндин эрежелерин түшүндүрсө жакшы болмок".

Талдоочу Орозбек Молдалиев Муфтият билдирүүсүн жылуу-жумшак түшүндүрүүдөн башташы керек деген ойдо:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Чара көрөбүз дегендей билдирүүсү чынында муфтиятка жарашпаган сөз. Муфтий болобу, жөнөкөй жаран болобу, мусулман киши сылык-сыпаа жооп бериши керек. "Бул жаңылыштык, бул шариятты билбейт окшойт, мындай сөздөр шариятка туура келбейт, ишенбеңиздер" деп эле коюш керек эле. Анан алардын чара көрөбүз дегени түшүнүксүз болуп жатат. Сотко берсе, блогер "оюмду билдирдим" деп коёт да. Ошондуктан алардыкы туура эмес. Экинчиден, ошол кыз кишини "келиңиз, пикир алышалы" деп чакырып алып деле түшүндүрүп коюшса болмок. Бизде, маселен, "Мутакалим" деген мусулман аялдардын жакшы коому бар. Анын жетекчиси Жамал Фронтбек кызына айтып коюшса деле жакшынакай кылып түшүндүрүп бермек. Блогер жазса эле жаштар аны ээрчип кетпейт да. Бул жерде муфтияттын билдирүүсү бир аз одоно болуп калды. Жакында эле силердин сайтка динди кагып-силкпей түшүндүрүш керек деген блог чыкты го. Ошондуктан бул жерде кагып-силкпеш керек. Куранда да бар: динге жакшы ниет, жылуу мамиле менен чакыргыла деген".

Кыргызстанда буга чейин дагы блогерлерге байланыштуу бир катар окуялар катталып, алардын айрымдарына иш козголуп, камалган учурлар дагы болгон.

Президент Садыр Жапаров жыл жаңырар алдындагы куттуктоосунда "блогердин арасында калктын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар экенин билдирген. Муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалагандар да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG