Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:53

ИМдин видеосун Британия иликтөөгө киришти


10 мүнөттүк тасмада беткапчан бейтааныш жакын арада Британияда террористик чабуулдар болорун эскертет.
10 мүнөттүк тасмада беткапчан бейтааныш жакын арада Британияда террористик чабуулдар болорун эскертет.

Британиянын чалгын кызматтары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жекшембиде жарыялаган үрөй учурган видеону иликтеп, анализдөөгө киришти.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жекшембиде жарыялаган видеодо британиялык атайын кызматтардын кызыкчылыгына иштеген деп шек менен беш адамды өлүм жазасына тартканы көрсөтүлөт. 10 мүнөттүк тасмада беткапчан бейтааныш жакын арада Британияда террористик чабуулдар болорун эскертет. Ал ошондой эле кайрылуу Британиянын премьер-министри Девид Кэмеронго багышталганын кошумчалайт. Кызгылт-сары түстөгү кийимчен беш адам өз күнөөсүн моюнуна алды деп, ээн талаада желкеге атып өлтүрүлгөнү көрсөтүлөт. Ага чейин туткундалгандар Ракка менен Сириядан келишкенин жана алардан Британиянын атайын кызматтары маалымат алып турушканын айтышат.

Туткундар жантаслим болгондон кийин алты-жети жаштагы аскер кийимчен бала “каапырларды” жок кылуу мындан ары дагы улана берерин айтат. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу буга чейинки үрөй учурган видеолорунда дагы тестиер балдарды бир нече ирет колдонгон.

Oшондой эле видеодо курал кармаган беткапчан согушкер “Ислам мамлекетине” каршы чыккан премьер-министр Кэмеронду мазактап, алардын аймагына кирген британиялыктар аман калбай турганын эскертет.

Британ премьер-министри Девид Кэмерон экстремисттик топтун жаңы видеосун согушкерлердин айласы түгөнгөндүгүнүн белгиси катары сыпаттады:

- Бул жийиркеничтүү топтун аргасы калбагандыгынын белгиси. Биз бүгүн ошондой нерселердин бирине күбө болдук. Алар өз карамагындагы жерлерди алдырып, ишенимин жана колдоосун жоготууда, - дейт Британ өкмөтүнүн башчысы. Кэмерон “Ислам мамлекетинин” согушкерлери Британияны чечкиндүү жана айбаттуу аракеттери үчүн жек көрөрүн кошумчалады:

- Өзүңөр деле байкасаңар, алар бизди өнүккөн, сабырдуу, демократиялуу, көп улуттуу өлкө болгонубуз үчүн жек көрүшөт. Ошол себептен алар ушундай кадамга барышууда. Британияны мындай террорчулук актылар менен коркутуу мүмкүн эмес, биздин баалуулуктарыбыз кыйла күчтүү. Канча убакыт болбосун, биз акыры аларды баары бир жеңебиз.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон
Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон

Видеодогу баш кесерлердин бири британ акценти менен сүйлөгөнүнө көңүл бурушкан чалгын кызматтары ал Сирия менен Ирактагы согушка кеткен британ жарандарынын бири болушу ыктымал деп боолголошуп, тек-жайын аныктоого киришти. Ошондой эле видеодогу тестиер баланын англис тилиндеги акцент менен сүйлөп жатканы дагы из кубарлардын кызыгуусун жаратууда.

Адистер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз катарында чыккынчылар болушу мүмкүн деп чочугандыктан улам, башкаларга сабак үчүн дал ушундай үрөй учурган видеолорду тартып таратууда деп эсептешет.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия менен Ирактын басымдуу бөлүгүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына 750дөй Британиянын жарандары кошулуп кеткен. Расмий Лондондун маалыматына караганда, алардын 60 пайызы кайра кайтып келишти. Жакында эле британиялык үч мектеп окуучусу Сирияга бараткан жолдо Түркияда кармалып, артка кайтарылган.

XS
SM
MD
LG