Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Сирия күрттөрү Түркияга агылууда


Түркияны көздөй агылган Сирия күрттөрү. 22-сентябрь, 2014-жыл.
Түркияны көздөй агылган Сирия күрттөрү. 22-сентябрь, 2014-жыл.

Түркия акыркы эки-үч күндөн бери сириялык күрттөрдүн 130 миңден ашууну өтүп келгенин билдирди. Түрк бийликтери “Ислам мамлекети” тобунан качкандардын саны дагы көбөйөт деп болжолдоодо. Бирок мындай кырдаал жана түркиялык 46 жарандын барымтадан бошотулушу деле Анкаранын “Ислам мамлекети” тобуна каршы сокку уруу аракеттерине батыл кошулуусун шарттачудай эмес.

Түркия өкмөтү “азыркыдан да жаман сценарийге”, башкача айтканда өлкөнү көздөй дагы жүз миңдеген качкындар агылышына даярданып жатканын премьер-министрдин орун басары Нуман Куртулмус билдирди.

Түркия–Сирия чегинен соңку эки-үч күндүн ичинде эле жүз миңден ашуун качкын өткөнүн БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты да ырастады.

Улуттар уюмунун качкындар мекемесинин Түркиядагы өкүлү Кэрол Бэтчелор кечээ Анкарада кабарчыларга буларды айтты:

- Биз акыркы эки-үч күндө чек арадан 100 миңден ашуун киши өткөнүн көрдүк. Үч жарым жыл мурда Сирияда жаңжал башталгандан бери мынчалык көп сандагы адам кыска убакыт аралыгында алгачкы ирет келип олтурат. Түркияда азыр бир миллион үч жүз элүү миңдей сириялык качкын бар. Сириялык качкындардын жана кээ бир ирактыктардын өмүрүн сактоо үчүн биз биринчи кезекте жардамга муктажбыз.

Сириялыктардын, атап айтканда сириялык күрттөрдүн Түркияны көздөй агылуусу суннит согушкерлеринин “Ислам мамлекети” тобу Түркия менен чек арага жакын шаарчанын айланасындагы ондогон кыштактарды ээлеп алган учурга туш келүүдө.

Түркияга өтүүнү үтүп турган күрт качкындары. 19-сентябрь, 2014-жыл.
Түркияга өтүүнү үтүп турган күрт качкындары. 19-сентябрь, 2014-жыл.

Күрттөр жашаган Кобани же арабчасы Айн ал-Араб шаарчасы “Ислам мамлекети” тобунун чабуулуна чейин салыштырмалуу тынч аймак катары саналчу.

Жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөнүн башка чөлкөмдөрүнөн качып келген 200 миңдей кишиге башпаанек берген бул шаарча Сириянын күрттөр байырлаган үчүнчү ири аймагы.

“Ислам мамлекети” тобун Кобаниге киргизбөө үчүн аларды сириялык күрттөрдүн согушкерлери каршы алып, эки ортодо айыгышкан уруштар жүрүп жатканы кабарланды.

Бул окуя сириялык күрттөрдүн Түркияны көздөй гана агылуусун гана эмес, түркиялык күрт жаштары Сирияны көздөй жөнөөсүнө да түрткү берген. Түркиялык күрттөрдү Сириядагы улутташтарына жардамдашууга тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы – ПКК үндөгөн.

Жергиликтүү күрттөрдү Сирия тарапка өткөрбөө үчүн түрк коопсуздук күчтөрү чек арадагы өткөөлдөрдү кайтарууну күчөтүп, чек ара бекеттеринин бирине чогулган демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Түркия-Сирия чек арасындагы чыңалуу Анкара “Ислам мамлекети” тобунун барымтасынан 46 жаранын бошотууга жетишкен учурга да туш келди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган барымтадан бошонгондор менен жолугушуп жатып, алардын өмүрүнө туулган коркунуч Түркияны “Ислам мамлекетине” каршы эл аралык коалицияга кошулуудан сактантып турганына токтолду:

- Биз коалицияга кошулууга макулдугубузду бере алат элек. Биз албетте дүйнө державаларына кошулабыз деп айта алат элек. Бирок биз дароо эле “ооба” дей алган жокпуз. Анткени 46 кишинин өмүрү тобокелчилик астында турган эле. Ушундан улам биз коалицияга бул проблема чечилмейинче кадам жасай албасыбызды айтканбыз.

Эрдоган барымтадагыларды бошотуу үчүн кун төлөндү деген айрым пикирилерди четке какты. Түрк бийликтери бул окуяны өлкөнүн атайын кызматынын ийгиликтүү операциясынын натыйжасы катары сыпаттоодо.

“Ислам мамлекети” тобу Түркиянын Ирактын Мосул шаарындагы консулдугунан 46 түркиялыкты жана ал жердеги үч ирактыкты быйыл июнь айында барымтага алган эле.

Бирок эми барымтадагылардын бошошу жана суннит согушкерлеринин түштүк-чыгыш чек арага жакын аймактарда чабуулун күчөтүшү деле Түркиянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалицияга батыл кошулуусун шарттачудай эмес.

Түркиядан Сирия тарапка өтүүнү көздөгөн күрттөр коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда. 22-сентябрь, 2014-жыл.
Түркиядан Сирия тарапка өтүүнү көздөгөн күрттөр коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда. 22-сентябрь, 2014-жыл.

“Рейтер” агенттиги өз анализинде белгилегендей, бул бир жагынан Сириядагы күрттөр Түркиядагы күрттөрдүн тыюу салынган – ПКК партиясы менен байланышы бардыгында.

Ысмы аталбаган түркиялык расмий өкүлдөрдүн бири Рейтердин кабарчысына Анкара “Ислам мамлекетине” каршы коалицияга жардамдашарын, бирок аскерий операцияларга аралашпай турганын айткан.

Мурдараак НАТО боюнча өнөктөш АКШ “Ислам мамлекети” тобунун Ирактагы турумуна сокку уруу үчүн Түркиянын аба базаларын сурап, бирок Анкара андан баш тартканы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG