Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Таңкы тинтүү: Журналисттер суракка алынып кетти


Азамат Ишенбековдун жана Тыныстан Асыпбектин үйүндөгү тинтүү. (Солдон оңго карай) Коллаж.
Азамат Ишенбековдун жана Тыныстан Асыпбектин үйүндөгү тинтүү. (Солдон оңго карай) Коллаж.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

Кыргызстанда көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин үйлөрү жана алар иштеген кеңселер тинтүүгө алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) үйүн тинтип, суракка алып кеткен журналисттердин тизмеги:

Маалыматка караганда ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызынын Бишкектеги үйүндө тинтүү болуп, милиция кызматкерлери аны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетти.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунда иштеген дагы бир журналист Сапар Акунбековдун да Бишкектеги үйүндө тинтүү болуп, милиция кызматкерелри аны да суракка алып кеткени кабарланды.

Бул команданын дагы бир кызматкери Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү болуп, ал да суракка алынып кетти.

Милиция дагы бир эркин журналист, “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду да суракка алып кеткени белгилүү болду.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган. Ушул тапта чет өлкөдө жүрөт. Ал 2023-жылы декабрь айында Ички иштер министрлиги анын командасын каралоо аракеттерин көрүп жатканны билдирип, министр Улан Ниязбековго байланыштуу бир нече иликтөөлөрдү чыгарган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторов мунун баарын “курулай жалаа” деп баалаган.

Ушул эле күнү ИИМдин кызматкерлери көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйүн тинтип, өзүн суракка алып кетти. Бул тууралуу басылманын директору Дилбара Алимова билдирди.

“Арча Медиа” (мурдагы Next TV медиасы) басылмасынын кызматкери жана “Соболум бар” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиевдин да үйүндө тинтүү болуп, милиция ИИМге суракка алып кеткени кабарланды.

ИИМ 16-январдын таңында тинтүүлөр жана “Массалык башаламандыктар” беренеси менен козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. УКМК бирок кайсы материал же маалымат боюнча иш ачылганын тактай элек.

Буга чейин Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG