Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Учак кырсыгынын эпкини


Украинада кыйраган учактын калдыктары
Украинада кыйраган учактын калдыктары

Малайзия учагынын Украинада кыйроосу эл аралык мамилелер менен глобалдык саясатка гана терс таасир этпей, батыш менен чыгыштын биржаларын солгундатып, мунай менен алтындын баасын көтөрүп, экономикага түйшүк жаратышы ыктымал.

Ал тургай ондогон жылдардан бери өнүгүү жолунда турган Куала-Лумпурдун экономикасына чоӊ сокку урулду дегендер бар.

Малайзиянын МН17 каттамындагы учагы Украинада кыйраган түнү интернетке алгачкы 10 кабар чыкканда эле Америка Кошмо Штаттарындагы фондулук биржалардын проценти бир нече эсеге ылдыйлаган. Ушундай эле көрүнүш Азия жана Индия биржаларында да катталды. Индиянын BSE Sensex биржасы кырсык болгондон бир нече саат өтпөй эле 0,31 процентке төмөндөдү. Индустардын көз карандысыз соода эксперти Эй Кей Прабхакар: “Малайзия аба жолдорундагы кырсык геосаясаттагы ири окуя болгондуктан, кыска убактын ичинде алтындын эл аралык баасын кымбаттатышы ыктымал. Ошондой эле индус валютасы рупийдин наркы түшүүдө. Бирок бул көрүнүш убактылуу”, - деп ынандырат.

Геосаясаттагы тынч эмес акыбал ири инвесторлордун баалуу кагаздар базарындагы кирешесин июнь айынан бери 6 процентке түшүргөн. Мындай кырдаал Малайзия учагы Украинада кыйроосунан улам АКШ менен Европанын Орусияга карата экономикалык санкция салуусунан соӊ дагы курчушу толук мүмкүн дешет биржа адистери.

Мунай жана алтын баасы өстү

Малай расмий бийлиги учактын кыйраганы боюнча билдирүү жасагандан соӊ 7 сааттын ичинде New York Mercantile Exchange биржасында чийки мунайдын баасы 2 процентке көтөрүлгөн. Мурда анын бир барели 101,99 доллар болсо, азыр 103,99 долларга сатылууда. Барак Обама Орусияга убада кылган экономикалык санкциялар күчүнө кирсе, мунайдын баасы дагы көтөрүлөт дешет адистер. МН17 каттамындагы учак кыйраганы тууралуу кабарлар чыгары менен эле алтындын наркы да жогорулап, бир нече күндө эле 1,5 процентке кымбаттады. Barratt Bulletin аналитикалык фирмасынын башкы деректири Джонатан Бэррет учактын кыйроосу бир нече аптадан бери көтөрүлбөй турган мунай баасына таасир этти деди.

Малайзия экономикасы солгундайбы?

Ушул жылдын март айында МН370 каттамындагы Малайзия аба жолдорунун учагы дайынсыз жоголгондон тарта бул өлкөнүн туризм сектору жабыркай баштады деп кабарлайт DW агенттиги.

Акыркы төрт айда эле эки учагы кыйраган Малайзия үчүн бул кырдаал чоң кыйынчылыктарга жол ачарын кыргыз-түрк Манас университетинин экономика жана башкаруу факультетинин доктору Али Элерен да айтат:

- Малайзия аба жолдорунун Малайзия экономикасына кандай таасири бар? Жалпыга маалым болгондой, учак компанияларынын кирешеси өлкөнүн да кирешесин арттырган чоң фактор. Эгер мындай фирмалар банкрот болуп калса өлкөсүнүн да кирешеси азайып, жүздөгөн кишилер жумушсуз калат. Натыйжада чет мамлекеттерге көз каранды болуп, карыздары көбөйөт. Экономикага ар түрдүү терс таасирин тийгизип, айрыкча алгачкы сокку соода тармагына урулат. Эң өкүнүчтүүсү, Малайзия экономикасына, аба каттамдарына жана атуулдарына бул кырсыктар терс таасир этет.

Расмий Куала-Лумпур атуулдары жиксиз жоголгон Кытайдан канчалык кечирим сураса дагы кытайлык туристтер эми Малайзияга баруудан баш тарта башташты. 2013-жылы Кытайдан Малайзияга барган туристтердин саны 1,79 миллион болуп, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 14,9 процентке жогору эле. Кытай Куала-Лумпурдун эң ири соода өнөгү болуп келген. 2013-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштын көлөмү 106 миллиард долларга жеткен. Эми удаа-удаа болгон учак кырсыктарынан кийин кытай-малай ымаласы солгундаары күтүлүүдө. Ал эми учактары кыйраган Malaysia Airlines компаниясы үч айда эле 100 миллион евродон ашык зыян тартып банкротко учурашы толук ыктамал деп жазат Frankfurter Allgemeine Zeitung аттуу немис басылмасы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG