Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Чириген байлардын ондугу


Чыңгыз кандын уулу Угедейдин сүрөтү, Татарстан
Чыңгыз кандын уулу Угедейдин сүрөтү, Татарстан

Америкалык "Time" басылмасы адамзат тарыхында эбегейсиз байлыктары менен эсте калган он адамдын тизмесин жарыя кылды. Алардын арасында монголдордун Чыңгыз ханы жана советтик өкүмдар Иосиф Сталин да бар.

Эсепсиз өлүү дүйнөгө ээ байлардын тизмеси - бир топ илимий кызматкерлердин, экономика тарыхчыларынын ондогон жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында даяр болгон эмгек.

Чыңгыз хандан Билл Гейтске чейинки адамзат тарыхындагы эң ири байлардын онун аныктап чыгууга биртоп эл аралык деңгээлдеги тарыхчы, антрополог окумуштуулардын көп жылдык мээнети сарпталган.

Биринчи орунда азыркы Мали, тарыхый Тимбукту өлкөсүнүн 1280-1337-жылдары жашап өткөн падышасы Манса Муса турат. Ал ошол кезде дүйнөнүн алтын чыгарган эң ири өндүрүшчүсү болгон. Феррум коллежинин тарых боюнча профессору Ричард Смиттин айтуусунда, Мусанын байлыгын эч ким санап түгөтө алган эмес. Айрым уламыштар боюнча, анын 2-3 миң төөдөн турган кербени Малиден Мекке шаарына тонналаган алтындарды жыл сайын ташып турган.

Экинчи орунду 4,6 триллион доллардык байлыгы менен Рим империясынын башында турган Цезарь ээлейт. Анын байлыгын Стэнфорд университетинин профессору Ян Моррис бүтүндөй дүйнө экономикасынын 25 процентине барабар деп эсептеген.

Үчүнчү орун Кытайдын 1048-1089-жылдардагы императору Шензонгго таандык. Кытайдын Соң династиясы тарыхтагы эң байгер жашаган өлкө катары белгилүү. Бул императордун байлыгы глобалдык ички дүң өнүмдүн 25-30 % барабар болгон.

Төртүнчү орунда Индияны басып алган монголдордун 1542-1602-жылдардагы императору Акбар биринчи турат. Fortune журналынын маалыматы боюнча, Акбардын байлыгы азыркы дүйнө экономикасынын төрттөн бир бөлүгүнө барабар болгон. Экономикалык тарыхчы Энгус Мэддисондун айтуусунда, Акбар хандын учурундагы байлыкты индус элине бөлүштүрсө анда ар бир киши Англиядагы байлардай жашамак.

Бешинчи орун СССРди өлөр-өлгүчө башкарган Иосиф Сталиндики. Анын байлыгын Алабама университетинин профессору Жорж О Либер 7,5 триллион доллар деп эсептеген.

Алтынчы орунда АКШнын атуулу Эндрю Карнеги 372 миллиард доллары менен турат. Ал Шотландиядан Америкага көчүп барып, болот чыгаруучу фабрика ачып байыган.

Жетинчи орунда дагы бир АКШнын атуулу Жон Рокфеллер бар. Ал 1890-жылдары Америкадагы мунай чыгаруучу компаниялардын 90% көзөмөлдөп, 341 миллиард доллар каражат топтогон.

Сегизинчи орун 1040-1093-жылдары жашап өткөн англиялык Алан Руфус Басып алуучу Уильямдын жээнине таандык. Анын байлыгы 194 миллиард доллар деп эсептелди.

Тогузунчу орунда замандашыбыз Билл Гейтс турат. Азыр андагы байлыктын өлчөмү 78,9 миллиард доллар.

Онунчу сапта Монгол императору Чыңгыз кан бар. Кызыгы - Чыңгыз хандын байлыкты алтын же башка дагы кымбат баалуу каражат менен эмес, жерлерди басып алып топтогондугу. Адамзат тарыхында ал эң чоң жерге ээлик кылган бай адам катары калды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG