Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Эрдоган армяндарга көңүл айтты


99 жыл мурда Осмон империясы кырган армяндарды эскерүү. Ереван. 23-апрель.
99 жыл мурда Осмон империясы кырган армяндарды эскерүү. Ереван. 23-апрель.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган I Дүйнөлүк согуш жылдары Осмон империясынын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн армяндардын укум-тукумдарына көңүл айтты. Бул армяндар 1915-жылкы ата-бабалары кабылган кыргындын 99 жылдыгын белгилер алдында жасалды

Эрдоган бүгүнкү Түркиянын жетекчилери атынан биринчи жолу 1 кылым мурда болгон окуяларды “биздин орток кайгыбыз” деп атап, 1915-жылы армяндарды өлкөдөн көчүрүүнү “адамгерчиликсиз кесепеттерге” алып барганын айтты.

23-апрелде парламентте cүйлөгөн сөзүндө Эрдоган 99 жыл мурдагы алаамат окуяларда Түркиянын аймагындагы бардык элдер жапа чеккенин да белгиледи. Анын артынан эле премьер-министрдин түрк, армян жана башка жети тилдеги кайрылуусу жарыяланды.

- 24-апрель – биздин өлкөнүн армян жарандары жана дүйнөдөгү бардык армяндар үчүн өзгөчө мааниси бар күн,- деп айтылат билдирүүдө.

- Осмон империясынын акыркы жылдары миллиондогон түрк, күрт, араб, армян жана башка букаралар үчүн, алардын динине жана этносуна карабай, татаал, калабалуу окуяларга жыш болду. ХХ кылымдын башындагы окуяларда курман болгон армяндардын арбактарына тынчтык каалайбыз, алардын урпактарына көңүл айтабыз.

Эрдогандын айтымында, 1915-жылкы окуялар Түркияга каршы жек көрүүчүлүккө негиз болбош керек жана саясий чатакташуунун куралына айлантылбашы шарт. Ал, Анкара мурда айтып жүргөндөй эле, эки жакты окуяны чогуу изилдөөгө да чакырды.

Режеп Тайип Эрдоган армян элине көңүл айтты.
Режеп Тайип Эрдоган армян элине көңүл айтты.
Армян тараптын ырасташынча, пайдубалы кыйраганы турган Осмон империясынын күчтөрү 1915-жылы 24-апрелде баштаган кандуу булоондо 1, 5 миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган. Осмон империясынын мураскери Түркия «геноцид» же армяндар тукумкурут кылуу максатында кырылган деген армяндардын аныктамасына жана береги цифраларга макул эмес.

Армян жамааттары жылына 24-апрелде ата-бабалары баштан кечирген кыргынды эскеришет.

Стамбулдун айрым тургундары премьер-министр Эрдогандын армяндарга көңүл айтканын жактырышты."Бул оң жышаана.Түркиянын тарыхында көп жаңылыштар жасалышы ыктымал", - деди Өзбек Юнус деген киши Рейтер агенттигине.

- Ошол жаңылыштыктарды таап, аларды таануунун өзү жакшы да. Түрк эли бардык азчылыктар менен ынтымакта жашаса сонун эмеспи. Мен Эрдогандын бардык эле көз караштарын жактабайм, бирок азыркы сөзү туура болду. Бул ирет бардык түркиялыктардын ою бир болушун каалайт элем.

Хасан Думан деген жигит да: «Мен анын сөзүнө толук кошулам. Түркиянын жана бүтүн дүйнөнүн биримдиги жана тынчтыгы ар кандай нерседен маанилүү. Ошон үчүн мен биздин премьер-министрди колдойм”,-дейт.

АКШ өкмөтү да Эрдогандын билдирүүсүн колдоду.

- Армяндар 1915-жылы баштан кечирген азапты премьер-министр Эрдогандын коом алдындагы тарыхый таануусун биз колдойбуз. Биз, бул позитивдүү жышаана түрктөр менен армяндар арасындагы элдешүүнү алга жылдырчу фактыларды толук, ачык жана адилет таанууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүт кылабыз,- деп билдирди шаршемби күнү Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки.
1915-жылдагы Осмон империясынын кыргынын айыптаган акция. Ереван. 23-апрель.
1915-жылдагы Осмон империясынын кыргынын айыптаган акция. Ереван. 23-апрель.
Армения жетекчилигин Түркиянын өкмөт башчысынын билдирүүсүсү канааттандырбады. Кайрылууну “Осмон түрктөрү уюштурган геноцидди тануунун кезектеги амалы” деп мүнөздөдү Армения президентинин администрация башчысы Виген Саркисян ( Орусиянын “Газета.ру” басылмасы).

Бир күн илгери 23-апрелде Ереванда өткөн акциянын катышуучулары Эрдогандын билдирүүсүн «жетишсиз» дешип, армян кыргынын «геноцид» деп таанууну, 1915-жылкы апаат күндөрү өлгөндөрдүн жана сүргүн болгондордун урпактарына компенсация төлөп берүүнү талап кылышты.

Биринчи Дүйнөлүк согуш кезде азыркы Түркиянын аймагында болгон кандуу калабаны «геноцид» деп 20 чакты мамлекет расмий түрдө тааныган. Алардын ичинде Аргентина, Бельгия, Италия, Канада, Орусия, Франция бар.

Түркиянын кандуу булоонду «геноцид» деп тааныбаганы Армения менен мамиленин оңолушуна жолтоо болуп жүрөт. Анкара-Ереван арасында дипломаттык алака жок. Эки ортодогу 330 чакырымдык чек ара 1993-жылдан бери жабык турат.

Былтыр декабрда тышкы иштер министри Ахмед Даудоглу Ереванга визит жасагандан кийин коңшу өлкөнүн элдешүү жараяны кайра жанданат деген ишеним пайда болгон. Бул Түркия тараптан акыркы беш жылда жасалган бийик деңгээлдеги биринчи визит болгон.

XS
SM
MD
LG