Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

Түркия: Эрдоганды Давутоглы алмаштырды


Режеп Эрдоган жана Ахмет Давутоглы жубайлары менен АК партиянын курултайында. Анкара, 27-август, 2014-жыл.
Режеп Эрдоган жана Ахмет Давутоглы жубайлары менен АК партиянын курултайында. Анкара, 27-август, 2014-жыл.

Түркияда бүгүн Режеп Тайып Эрдоган эл тарабынан шайланган алгачкы президент катары ант берип, кызматына расмий киришкени жатат. Ал эми премьер-министрлик орун буга чейинки тышкы иштер министри Ахмет Давутоглыга өтүүдө. Давутоглы кечээ бийликтеги АК партиянын лидерлигине шайланды. Түркия жетекчилигиндеги орун алмашуулар ички-тышкы саясатка кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн?

Бийликтеги АК партиянын лидерликте Режеп Эрдоганды Ахмет Давутоглы менен алмаштырган курултайына отуз миңдей адам катышты. Шайланган президент Эрдоган курултайда сүйлөп жатып, Давутоглы ага көз каранды премьер-министр болот деген ырастоолорду четке какты.

Эрдоган курултайда. Анкара, 27-август, 2014-жыл.
Эрдоган курултайда. Анкара, 27-август, 2014-жыл.

Түркияда өзү азыркы Баш мыйзам боюнча негизги бийлик премьер-министрде. Бирок жаңы премьер президенттин таасиринен чыга албайт дегендер Эрдогандын саясаттагы көп жылдан берки үстөмдүгүн, кийинки жылдары авторитаризмге ыктап кеткенин эске алышууда.

Оппозициядагы Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглы атүгүл “Заман” гезитиндеги маегинде “Түркия куурчак премьерлердин жаңы дооруна кирди” деп айтып чыкты.

Анын үстүнө Эрдоган Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттин ыйгарым укугун кеңейтүү мүдөөсү бардыгын жашырган эмес.

Анкарадагы кыргыз иликтөөчүсү, Түркия саясаты боюнча эксперт Абдурасул Исаковдун болжолунда, бул эң эрте дегенде келерки жылдагы парламенттик шайлоодон кийин ишке ашуусу мүмкүн:

- Негизи Конституцияны быйылкы жылга чейин өзгөртөбүз дешкен. Бирок парламенттеги төрт партия муну чече алган жок. Парламенттин азыркы курамы менен өзгөртүүнү жасай алышпайт го. Мүмкүн 2015-жылдан кийин жасашат, эгер АК партия парламенттеги орундарын дагы көбөйтсө. Эрдоган учурдагы Конституция берген мүмкүнчүлүктөрдү максимум колдоном деп жатат.

Эрдоган кечээги курултайда партия лидери жана премьер-министр алмашып жатканы менен АК партиянын саясаты алмашпасын, Давутоглы Түркия үчүн ал мерчемдеген багыттан тайбасын белгиледи.

Мурдараак ал өзүнүн ордуна Давутоглы тандалганын жарыялап жатып, мураскерине мындайча мүнөздөмө берген эле:

- Ахмет Давутоглы “параллель мамлекеттин” көздөгөнүн жана максаттарын даана билет. Андыктан мен бул күрөштү улантуу биздин миссиябыз деп эсептейм. Жаңы өкмөт буга чейинкидей эле чечкиндүүлүктү көргөзүп, “параллель мамлекетке” каршы күрөштү улантат деп ишенем.

Эрдоган адатта “параллель” мамлекет дегенде диниятчы Фетхулла Гүлөндүн Түркиядагы жактоочуларынын түйүнүн эске алат. Быйыл АК партиянын беделине көлөкө түшүргөн коррупциялык жаңжалдардын тутанышын Эрдоган ошол Фетхулла Гүлөндүн адамдарынан көргөн эле.

Премьердин кызматына киришип жаткан Ахмет Давутоглы 55 жашта. 2003-жылы саясатка келгенге чейин Түркиянын абройлуу университеттеринде профессорлук кылган. Алгач Эрдогандын саясий кеңешчиси катары иштеп, тышкы иштер министринин кызматына 2009-жылы көтөрүлгөн.

Америкалык Foreign Policy журналы 2011- жылы Ахмет Давутоглыны “дүйнөнүн 100 башкы ойчулунун” тизмесине киргизген болчу. Мында Давутоглынын Түркиянынын дүйнөдөгү жаңы ордун калыптандыруудагы ролу эске алынган. Ал кечээги курултайда сүйлөп жатып буларды айтты:

- Тышкы саясатыбыз көп багыттуу болду жана көп кырдуулук улантылат. Биздин географияда бул зарыл иш. Түркияны Азия менен Европанын ортосуна камап койгусу келгендер биздин геогрфияны билбегендер. Түркиянын Еврошаркетке мүчөлүгү стратегиялык максат жана ал чечкиндүүлүк менен ишке ашырылат.

Давутоглы тышкы иштер министри кезинде “нөл проблема саясаты” деген түшүнүк киргизген. Анын маңызы Түркияда коңшулар менен эч кандай проблема болбошу керек.

Бирок оппоненттер ал саясат оңунан чыкпады дешип, Түркиянын кадыр-баркы артканы менен Жакынкы Чыгышта саналуу гана өнөктөшү калганын, айланасындагы мамлекеттердин көбү кризиске малынганын мисалга тартышат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG