Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

Украинанын жаңы президентин түмөн түйшүк күтөт


Украина -- Петро Порошенко маалымат жыйынында. Киев, 25-май, 2014.
Украина -- Петро Порошенко маалымат жыйынында. Киев, 25-май, 2014.

“Шоколад магнаты” атыккан Петро Порошенко 25-майда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары чыккыча эле жеңгени белгилүү болду. Кризиске кептелип турган Украинанын жаңы президентинин алдында толгон токой маселелер турат.

Украинада президенттик шайлоонун 1-айлампасында жеңген Петро Порошенко бийликке келээри менен конституциялык реформа жүргүзүүсү биринчи кезектеги иш. Москва Янукович качкандан кийин келген жаңы бийликти легитимдүү эмес деп расмий тааныган жок. Кремль Украинанын Баш мыйзамы боюнча Янукович дагы деле өлкө президенти деп ушул күнгө чейин Киев менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй келет.

Москва Крымды аннексиялап алганын жана Украинанын чыгышындагы орусиячыл сепаратисттерди колдоп жатканын актоо үчүн Украинадагы бийлик алмашууну “мамлекеттик төңкөрүш” деп эсептейт.

Украинанын жаңы президентинин алдында турган дагы бир орчундуу маселе – кризиске баткан улуттук экономиканы көтөрүү. Украинанын экономикасы 2012-жылдын ортосунан бери токтоп турат. Бюджеттин ички дүң өнүмүнүн таңкыстыгы 12% жетти жана өлкө экономикасын кайра калыбына келтирүү үчүн кеминде 35 миллиард доллар зарыл.

Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк убада кылган жардам Киевде жоопкерчиликти ала турган, мыйзамдуу бийликтин түптөлүшүнө байланыштуу создугууда. Эл аралык насыя берүүчү уюмдар мамлекеттик кызматкерлердин санын 10% кыскартып, газдын баасын 50% көтөрүүнү талап кылышууда. 2014-жылдын биринчи бөлүгүндө украин гривнасы кунун 25% жоготту. Эл аралык валюта кору 2014-жылы украин экономикасы 5% кыскарат десе, Европадагы реконструкция жана өнүгүү банкы төмөндөө 7% чейин жетет деп болжолдоодо.

Порошенко болсо эң алды менен орусиячыл жикчилер дүрбөлөң салып жаткан өлкөнүн чыгышындагы аймактарга барып, кырдаалды жайгаруу милдети турганын шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыккандан кийин билдирди:

- Биздин команданын эң биринчи аракети - согушту, башаламандыкты токтотуп, мыйзамсыздыкты жоюп, украин жергесинде тынчтыкты орнотууга жумшалат, - деди ал 25-майда өткөн маалымат жыйынында.

Ал арада өзүн “элдик республика” деп атап алган Донецк жана Луганск облустарынын “бийликтери” президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн бардык аракеттерди көрүштү. Алар жаңы президент менен дароо эле сүйлөшүүгө бараары күмөн, бирок Порошенко президенттик такка отурар замат Донецкке бараарын билдирди.

Донбасттагы карапайым адамдар “жарандык милдетин аткарганы” үчүн алкоого татыктуу деген Порошенко Украин аскер күчтөрүнө дагы ыраазычылык билдирүүнү баса белгиледи.
"Украина Крымдын оккупациясын тааныбайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:28 0:00

Шайлоого бир күн калганда Украинанын чыгыш жана түштүгүндөгү сегиз аймактын лидерлери көз карандысыз Новороссия мамлекетин негиздөө туралуу сүйлөшүштү. Бул аймактардагы жикчилдер дагы эле Москвадан колдоо алып жатканы белгилүү, антсе дагы айрым аналитиктер орус бийликтери алардан жакында баш тартаары мүмкүн деп боолгошот.

Порошенко Орусия менен алаканы оңдоо Украина үчүн маанилүү экенин, коопсуздук маселелери боюнча Москва менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Бир нече айдан бери Киев менен байланышты кан буугандай токтоткон Кремль Порошенко менен диалогго барышы мүмкүн деген оптимисттик божомолдор бар. Президент Путин дагы украин шайлоосунун алдында Москва анын жыйынтыгын урматтайт деп дипломаттык сыпаа тилде билдирген.

Бирок эки тараптын мамилесин жайгаруу оңойго турбасы айдан ачык.

Биринчиден, жалпы Украина сыяктуу эле Порошенко дагы Москванын Крымдын аннексиялашын тааныбайт. 26-майда Порошенко Крымды кайра кайтарууну жана Крымда жашаган украиналыктарды коргой турганын айтты.

Экинчиден, Москва Украинанын Европа менен интеграциясын, НАТОго киришин такыр каалабайт. Ошол эле маалда “Москвага эмне жагаары белгисиз” дейт Москвадагы Карнеги бөлүмүнүн аналитиги Маша Липман:

- Орусия кандайдыр бир документ аркылуубу же жөн эле радикалдык жолдор менен Украинадагы абалды жайгарууну колго алабы - бардыгы жаңы келген өкмөт менен сүйлөшүүгө байланыштуу болот. Албетте, мындай сүйлөшүү башталса...

Кремлдин колунда Украинага басым жасай турган бир нече куралы бар жана аларды мыкты чеберчилик менен колдонуп жатканын, андыктан Украинадагы абалдын жайгарылышына кызыктар эмес экенин Маша Липман белгилейт.

Ага кошумча Порошенко аны бийликке алып келген Майдандын талаптарын дагы ишке ашыруусу керек. Янукович кол койбой коюп, бийликтен кулашына себеп болгон Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге тезирээк кол коюуусу зарыл.

Азыр эле Майдандын активисттери алардын атынан олигархтын шайланышына, парламентте эски эле жүздөр отурганына кабатырлануусун билдирип башташты.
Активисттер саясий системада радикалдык өзгөрүүлөрдү, анын ичинде конституциялык реформаны, коррупцияга каршы күрөштү, Януковичке байланышы бар атка минерлердин люстрациясын талап кылып келишет.

- Эл жөн эле Януковичти кетирип, анын ордуна башкалар болсун деп чыгышкан эмес. Бул биз үчүн жетиштүү эмес - деди Майдандын активисти, мурдагы журналист Егор Соболев “Азаттыкка”.

Петр Порошенко 1,3 милиард доллардан ашык байлыгы менен Украинадагы эң бай адамдардын бири деп эсептелет жана көп профилдүү “Рошен” татуу-тармек концерндин ээси катары таанымал. 48 жаштагы Порошенко 2009-2010-жылдары тышкы иштер министри, 2000-жылы Виктор Януковичти өлкө башчылыгына алып келген “Региондор" партиясын негиздегендердин бири.

Бирок бир жылдан кийин Порошенко Леонид Кучма менен көз караштары келишпей калып, Виктор Юшенконун “Биздин Украина” партиясынын тарапкери жана эң башкы финансылык колдоочусу болгон.

2004-2005 жылдары “саргылтым ыңкылапты” колдоп, Юшенконун өкмөтүндө тышкы иштер министринин кызматын элеген.

Януковичтин өкмөтүндө сегиз ай экономикалык өнүктүрүү министринин кызматын аркалаган. Андан соң парламентке көз карандысыз депутат болуп келген. Байкоочулардын айтымында, ал Евромайданга финансылык жактан көмөк көрсөткөнү менен өзү активдүү катышкан эмес.

12-мартта Украинадан ана-мына бөлүнөт деп турган кырдаалда Крымдын борбору Симферополго барып, элди Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрбөөгө чакырган. Бирок аны орусиячыл сепаратисттер кыйкырык-сүрөөн менен шаардан кубалашкан. Эксперттердин айтымына караганда, мына ошол Крымга барганы жалпы украиналыктардын алдында анын аброюн көтөрүп, улуттук деңгээлдеги салмактуу саясатчы катары көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG