Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Украина чыгышында уруш уланууда


Украин армиясы. Луганск. 28-январь, 2015-жыл.
Украин армиясы. Луганск. 28-январь, 2015-жыл.

Украина чыгышында өкмөттүк аскерлер менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы кармаш уланууда. Жикчилдер аймактагы Дебальцево шаарын курчоого алганын айтышууда.

Украинанын чыгышындагы козголоңчулардын аскерий лидери Эдуард Басуриндин ырастоосунда, Дебальцевону башка аймактар менен туташтыруучу эки кан жол алардын карамагына өттү. Минск тынчтык келишиминин шарттары мындан ары күчүн жоготконун айткан Басурин шаарга көзөмөлдү орнотууга бардык аракет жумшалат деп билдирди:

- Биз бул жактагы калктуу пунктарды өз көзөмөлүбүзгө алууга аракет кылып жатабыз. Өткөн түнү 68 жолу бизге ок атылганын эсептедик. Мындан улам Минск келишими толугу менен сакталбай калды деп айтсак болот.

Дебальцево эки тараптан курчоого алынганын украин армиясынын басма сөз өкүлү Андрей Лысенко да ырастап, аймак Град системасынан утур-утур аткыланып жатканын маалымдады. Акыркы суткада эле жикчилдер өкмөттүк аскерлер ээлеген позицияларды жүздөн ашык жолу аткылаган. Бирок украин аскерий төбөлдөрү жикчилдер билдирүүлөрү чындыкка коошпой турганын, алар да оор жоготууга учурап жатканын ырастады.

Дебальцево. 24-январь, 2015-жыл.
Дебальцево. 24-январь, 2015-жыл.

Дебальцево - соңку апталарда уруш күчөгөн аймактардын бири. Шаар темир жол аркылуу бир нече аймак менен туташып турат. Ошондуктан ал шаарды алуу жикчилдер үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Киев жана Батыш өлкөлөрү козголоңчулардын чабуулу Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу боюнча былтыр сентябрда Минскиде жетишилген келишимди бузуу экенин да айтып жатат. АКШ чабуул “Орусиянын колдоосу” астында ишке ашып жатканын белгиледи. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки Украин кризисин чечүү үчүн европалык өнөктөштөрү менен бирге Орусияга санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин билдирди:

- Биз европалык өнөктөштөрүбүздүн санкцияларды кабыл алышы боюнча кызматташтыкты жогору баалайбыз. Алар менен Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча кызматташууну улантабыз, - деди Псаки.

Бул аралыкта бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүү маселесин талкууламакчы. Анда Орусияга карата санкцияларды дагы алты айга узартары жана “кара тизмеге” жаңы адамдарды киргизери айтылган. Бирок шаршембиде Брюсселде чогулган биримдиктин өкүлдөрү бул маселе боюнча бир пикирге келе алган жок. Анда Грециянын өкүлдөрү Орусияга санкцияны кеңейтүүгө каршы чыккан. Ушул жекшембиде парламенттик шайлоодон соң премьер-министрликке келген Алексис Ципрастын өкмөтү Евробиримдик алар менен кеңешпей санкцияларды күчөтүүгө киришкенине нааразылыгын билдирген.​

Алекси Ципрас. Греция.
Алекси Ципрас. Греция.

40 жаштагы Ципрас жетектеген солчул СИРИЗА коалициясы Москвага ылым санары айтылып жатат. Ципрас кызматка киришкен соң алгачкылардан болуп Орусиянын бул өлкөдөгү элчисин кабыл алганы мындай божомолдорду бекемдеди. Анын үстүнө СИРИЗАнын антибатышчыл орус идеологу Александр Дугин жана Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге каржылык колдоо көрсөтөт деп айтылып жүргөн магнат Константин Малофеев менен байланышы тууралуу кеп тараган.

Киев жана НАТО Орусия Донецк жана Лугансктагы жикчилдерди колдоо үчүн курал-жарак жөнөтүп жатат деп шектенүүдө. Батыш аналитиктери орус президенти Владимир Путин жикчилдерге таасирин колдонуп, Украинадагы кырдаалды козутууну токтотпой турганын билдиришүүдө.

Муну менен катар жикчилдер порттук Мариупол шаарын алууга бардык аракетин жасап жатат. Бул шаар алынса, Орусия быйыл мартта аннексиялаган Крым менен кургактан байланышууга жол ачылат.

Азыр Крым менен байланыш аба же Кара жана Азов деңиздери аркылуу гана ишке ашырылууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG