Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Москва: Киев жаңжалды басууга ниети жок


29-июнда Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл сепаратисттердин кезектеги кагылышуусунан 5 аскер мерт кетти.
29-июнда Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл сепаратисттердин кезектеги кагылышуусунан 5 аскер мерт кетти.

Украинанын Донецк облусунда Орусиянын Биринчи каналынын оператору, 68 жаштагы Анатолий Клян атылган октон автобустун ичинде жан берди.

Бир топ журналисттер түшүп бараткан автобуска ким ок чыгарганы азырынча белгисиз. Бул окуядан кийин Кремль «Украинанын чыгышында элдешүүнүн мөөнөтү бүтүп жатканда орусиялык телеоператордун өлтүрүлүшү Киевдин бул жаңжалды басууга ниети жоктугунан кабар берет» деп билдирди.

Орусиянын оператору Украинада набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Украинада жаңжал башталгандан бери беш журналисттин өмүрү кыйылса, анын үчөө орусиялыктар.

Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Германиянын канцлери Ангела Меркел атышууну токтотууну колдоп, Орусия жана Украинанын мамлекет башчыларына телефон чалаары кабарланды. Европа Биримдигинин лидерлери кечээ дагы орус, украин президенттери менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Телефон аркылуу француз жана немец лидерлери Владимир Путин жана Петро Порошенко менен эки сааттай сүйлөшүшкөн.

Елисей сарайы Франсуа Олланд «коопсуздук боюнча жаңы конкреттүү чаралар менен катар, убактылуу элдешүүнүн мөөнөтүн узартуу жана Украина сунуш эткен тынчтык планын ишке ашыруу керектигин» ушул тапта касташкан эки өлкөнүн президенттери менен талкуулашканын бышыктады.

Кремль болсо 4 өлкөнүн лидерлери Порошенкону өлкөнүн чыгышындагы элдешүү мөөнөтүн узартууга чакырганын тастыктады. Ал арада Порошенко Путинди эки өлкөнүн чек арасын бузуп, Орусиядан Украинанын аймагына согушкерлер менен курал-жарактын кирүүсүнө бөгөт коюуга чакырды.

Америкалык сенатор, республикачыл Рожер Виккер, «Азаттыктын» азери кызматынын кабарычысы Ариф Кязымовго интервью берип жатып: “Кошмо Штаттар Европадагы стабилдүүлүккө ар дайым камтама. Мына ошол себептен АКШ Хельсинки келишимине кол койду. Ошол себептен АКШ ар дайым Европага көз салып, туруктуу дипломатиялык өнөктөш болуп келет”, - деп айтты.

29-июндагы төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алдында эле Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл сепаратисттердин кезектеги кагылышуусунан 5 аскер мерт кетип, бери болгондо 17 адам жарат алган. Бул тууралуу Украинанын армиясынан маалымдашты. Сепаратисттер Донецкте бир нече аскерди барымтага алганы дагы белгилүү болду.

Ал арада Киевдеги президенттик администрациянын алдына миңдеген демонстранттар чогулуп, атышууну токтотпоону талап кылышты. Демонстранттар орусиячыл сепаратисттер убактылуу элдешүүнүн так мөөнөтүн билгендиктен, күч жыйнап алганга үлгүрүп жатышат деген шектенүүнү айтышат.

“Бир тараптуу атышуунун токтогону эч кандай натыйжа берген жок, тескерисинче биздин балдарыбыздын өмүрүн алды. Кошумча 72 саат деле эч жыйынтык бербейт. Жикчилдер менен бир гана куралдын тили менен эле сүйлөшүү керек”, - деди нааразылыкка чыккандардын бири Юрий аттуу жигит.

Ошондой эле демонстранттар президент Порошенкодон өлкөнүн чыгышында чукул кырдаал жарыялап, “террористер” менен күрөшүүнү максат кылган ыктыярчыларды курал менен камсыздап, аскерий операцияга катышкан аскерлерге социалдык кепилдик берүүнү талап кылышты.

“Мен атышуунун токтошуна каршымын. Биз патриот жигиттерди жоготуудабыз. Канчалаган адам барымтада жатат, канчасы жөн эле колго түшүп берди. Ошондуктан биз аларды толугу менен жок кылып же басышыбыз керек”, - дейт Светлана аттуу айым.

Ал арада Германиянын канцлери Меркел “Эгер Порошенконун тынчтык планынын 15 пункту боюнча эч кандай натыйжа болбосо, анда Евробиримдик чечкиндүү чараларга барарын” Москвага эскертти. Тынчтык планына Украинада бийликти децентрализациялоо, мөөнөтсүз жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү жараяны дагы киргизилген.

XS
SM
MD
LG