Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Этнограф Мукаш Айтбаевди Академиянын аткаминерлери чүнчүткөн


Этнограф Мукаш Айтбаев (24.8.1924 –– 08.8.1978).
Этнограф Мукаш Айтбаев (24.8.1924 –– 08.8.1978).

Кыргызстандын тарых илиминин этнография тармагын өнүктүрүүдө татыктуу салымын кошкон Мукаш Токтокожоевич Айтбаевдин татаал тагдыры жөнүндө совет доорунда ачык айтылчу эмес. Анын илимпоздук жолундагы жасалма тоскоолдуктар тууралуу тарыхчы Саламат Дүйшөнбиевдин блогу.

Алгы сөз

Кыргызстандын этнография илиминин өнүгүшүнө бараандуу, салмактуу салымын кошкон илимпоздордун арасында тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысы (1956–1959-жж.), ага илимий кызматкер болуп иштеген Мукаш Токтокожоевич Айтбаев (24.8.1924 –– 08.8.1978) көрүнүктүү орунду ээлейт.

Айтылуу Барскоон капчыгайы.
Айтылуу Барскоон капчыгайы.

Мукаш Токтокожоевич Айтбаев 1924-ж. 24-августта Кыргызстандагы азыркы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында туулган.

Ал 1978-ж. 8-августта (болгону 54 жашында) Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) дүйнөдөн кайткан.

Анын өмүр таржымакалын “Википедиядан” толугураак окуй аласыздар.

Этнограф Мукаш Токтокожоевич Айтбаевдин 95 жылдыгына арналган илимий жыйындын айрым катышуучулары. Бишкек. 18.12.2019.
Этнограф Мукаш Токтокожоевич Айтбаевдин 95 жылдыгына арналган илимий жыйындын айрым катышуучулары. Бишкек. 18.12.2019.

Мукаш Айтбаев жөндөмдүү, таланттуу жана келечектен көптү үмүттөндүргөн этнограф–окумуштуу эле. Бирок, тилекке каршы, өз доорундагы көрө албастыктын, ич тардыктын, акыйкатсыздыктын, адамдын тагдырына жасалган тоң моюн мамиленин кесепетинен улам, ал кудай ыроологон илимге болгон талантын, шыгын, жөндөмүн толук кандуу ачып иштей алган эмес. Анын себептерин коомчулук, өзгөчө илим чөйрөсүндө эмгектенген адамдарыбыздын дээрлик көпчүлүгү деле биле бербейт. Бул чакан макалабызда бүт өмүрүн илимге арнаган маркум илимпозду эскерип, анын дарегине акыйкат сөзүбүздү айтып, колдон келсе, атын жаманаттыдан арылтканга аракет жасайбыз.

Фейсбук. Этнограф М.Т.Айтбаевдин өмүрү жана куугунтукталгандыгы тууралуу Саламат Дүйшөнбиевдин макаласы тууралуу алдын-ала жарыя. 10.11.2020.

Согуштан – илимге

Мукаш Айтбаевдин жаштыгы каргашалуу Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилине дал келип, эр жигиттик милдетин өтөө үчүн ал кан майданга аттанат. 1942–1944-жж. Ашхабад (түркмөнчө “Ашгабат”) шаарындагы жөө аскерлер полкунда курсант болуп, ал эми 1944-ж. баштап II Белорус фронтунда согушуп, Берлинге чейин жеткен.

Ал согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “Эрдиги үчүн”, “Күжүрмөн салымдары үчүн”, “1941–1945-жылдарда Германияны жеңгендиги үчүн” сыяктуу көптөгөн аскердик каармандыгы чагылдырылган орден, медалдар менен сыйланган.

Согуштан кийин ал 1945-ж. Ташкенттеги юридикалык институтка окууга тапшырып, бул окуу жайды 1948-ж. ийгиликтүү аяктаган.

Ал укукчу кесиби боюнча оболу Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчиси болуп иштейт. Кыргыз ССР КП(б) БКнын чечими менен М.Т. Айтбаев 1949-ж. Кыргыз ССР Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик коопсуздукту сактоо министрлигинин улук тергөөчүсү болуп дайындалат. Бирок, ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан кетүүгө мажбур болот.

Ал 1950-ж. Фрунзе облусунун аткаруу комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеп жүрүп, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун экстерн аркылуу аяктаган соң, Кыргыз ССР агартуу министрлигине бөлүм башчылык кызматына которулат.

М.Т. Айтбаев бул кызматта да аз эле убакыт иштейт, себеби, илимге болгон кызыгуусу аны Кыргыз ССР Илимдер академиясына алып келет.

Ал 1951-ж. июль айында СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун жетекчилигине өтүнүч кат менен кайрылат.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын архивинде сакталып турган катында М.Т. Айтбаев: “... юридикалык жана педагогикалык билим алгандан кийин өмүрүмдү илим изилдөө ишине арнасам деген ой-тилек, максат пайда болду.. Акыркы убакта СССРдин Совет мезгилиндеги тарыхын бардык дитимди койуп окуп, өздөштүрүп жатам, бирок, министрликтин аппаратындагы ишим өз алдынча көбүрөөк убакыт бөлүп иштөөгө жана окумуштуулардан кеңеш алууга таптакыр мүмкүнчүлүк бербеди. Ошол себептен, иштеген кызматымдан бошонуп жатам, мени тарых бөлүмүнө илимий кызматкер катары ишке алууңузду өтүнөм. Сизди, бүткүл күч аракетимди жана жөндөмүмдү мени абдан дегдетип кызыктырган илимий иштерди аткарууга арнайм деп ишендирип кетем” – деп жазат.

Бул орус тилинде сулуу кол менен кынапталып чын пейилден сабаттуу жазылган, окуган кишини кайдыгер калтырбаган катты ал кездеги КирФАНдын Тил, адабият жана тарых институтунун директору А.Д. Давлеткелдиев жетекчилерине жолдойт, ал эми Президиумдун төрагасынын орун басары акад. Н.И. Захарьев катка өзүнүн кол тамгасы менен минтип жазат: “тарых бөлүмүнө бир айлык сыноо мөөнөтү менен кенже илимий кызматкер кылып ишке алууга макулдугумду берем”.

СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, Адабият жана Тарых Институтуна кызматка алуу тууралуу арызы жана бул мекеменин жетекчилеринин колдору. Фрунзе (азыркы Бишкек). 1952-жылдын 24-25-июну.
СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, Адабият жана Тарых Институтуна кызматка алуу тууралуу арызы жана бул мекеменин жетекчилеринин колдору. Фрунзе (азыркы Бишкек). 1952-жылдын 24-25-июну.

Ошентип, илимге өтө кызыгып, бүт өмүрүн ага кызмат кылууга арнайм деп министрликтеги жылуу ордун, жогорку кызматын таштаган кыялкеч М.Т. Айтбаевдин илимдеги тушоосу 1952-ж. 26-июнда кесилген.

Москвадагы илимий таалим

М.Т.Айтбаевди ошол эле 1952-ж. СССР Илимдер академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун аспирантурасына тапшырууга Москва шаарына жиберишет. Ал эки сабактан “5”, бир сабактан “4” алып, кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, аспирантурага өтөт.

Алыскы Кыргызстандан келген фронтовик аспиранттын билим деңгээлин текшерип, мындай жогорку бааларды өтө абройлуу, кесипкөй адис этнографтардан турган комиссия, төрагасы СССР Илимдер академиясынын этнография институтунун директорунун орун басары, т.и.д., проф. Л.П.Потапов, Африка элдеринин этнографиясы бөлүмүнүн башчысы, т.и.д., проф., кийинчерээк СССР Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы болгон Д.А.Ольдерогге, Борбордук Азия элдеринин этнографиясы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, т.и.д., проф. Н.А.Кисляков койгон экен.

Өндүрүштөн ажыратылган аспирантурада М.Т.Айтбаевдин “Орус-кыргыз тарыхый байланыштары жана анын Ысык-Көл кыргыздарына тийгизген таасири” аттуу кандидаттык диссертациясынын темасы бекитилген. Анын илимий жетекчиси – орусиялык этнограф, алтай элинин этнографиясы боюнча чыгаан адис, т.и.д., профессор Леонид Павлович Потапов (06.7.1905 – 09.10.2000) болчу.

Этнограф, профессор Леонид Потапов.
Этнограф, профессор Леонид Потапов.

Аспирант М.Т. Айтбаевдин өздүк баракчасына 1955-жылдын 8-апрелинде профессор Л.П.Потапов:

“Аспирант М.Т. Айтбаев аспирантураны аяктаганга 6 ай калганда мөөнөтүнөн мурда кандидаттык диссертациясын жазып бүткөрүп, этнография институтунун “Алдыңкы жана Орто Азия элдеринин этнографиясы” бөлүмүнө талкууга койду. Бөлүм анын ишин эки жолку отурумунда талкуулап, сын-пикирден өткөрүп жактырышып, жактоого уруксат берди. М.Т.Айтбаев өзүн илимий изилдөө жана илимий-уюштуруу иштерине карата болгон жөндөмдүүлүгүн айкын далилдей алды”, – деп жазган экен.

Ал эми кандидаттык диссертацияны жактоо маалында алыскы борбордук азиялык чөлкөмдөн келген жаш илимпоз үчүн күтүүсүз сыноо орун алды.

М.Т.Айтбаев 1955-ж. 15-ноябрда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Атайын илимий кеңештин 18 мүчөсүнүн 12си коргоо жүрүмүнө катышкан. Алардын ичинен жети мүчөсү диссертанттын ишин жактырып, ал эми беш мүчө каршы добуш берген.

Кантсе да, өз диссертациясын аспирантуранын мөөнөтүнөн эрте жазууга үлгүргөн мээнеткеч жаш адиске “тарых илимдеринин кандидаты” илимий даражасы ыйгарылган.

СССР ИАсынын Кыргыз бөлүмүнүн Тил, адабият жана тарых институтунун жетекчисинин Мукаш Айтбаев тууралуу буйругунун көчүрмөсү. 26.6.1952.
СССР ИАсынын Кыргыз бөлүмүнүн Тил, адабият жана тарых институтунун жетекчисинин Мукаш Айтбаев тууралуу буйругунун көчүрмөсү. 26.6.1952.

Кыргызстандагы күрдөөлдүү ишмердик кезеңи

1955-жылдын ноябрынын соңунда М.Т.Айтбаев Москвадан мекенине кайтып келип, Бишкектеги Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институнда илимий ишин улантат.

1956-ж. 15-октябрда ал аталган институттун “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бул кызматта 1959-ж. чейин иштейт.

1959-ж. 21-майда бөлүм башчылык кызматына жаңы мөөнөткө конкурс аркылуу өтүп, бекитилип иштей баштайт.

Бөлүм башчылыкка конкурстан өтүүгө аттанган М.Т.Айтбаевге КР ИАсынын Тарых институтунун директору К.К.Орозалиев менен окумуштуу катчысы Ш.Ширияздановдар кол койгон мүнөздөмөдө:

“Жолдош М.Т.Айтбаев 1952-ж. октябрынан 1955-ж. ноябрына чейин СССР Илимдер академиясынын Этнография институтундагы аспирантурада окуп, аны мөөнөтүнөн мурда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактоо менен аяктагандан кийин, 1956-ж. октябрь айынан бери “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди. 1957-ж. “Кыргыз жана орус элдеринин тарыхый-маданий байланыштары” аттуу көлөмү 12 б.т. монографиялык эмгегин басмадан чыгарды, 1959-ж. ноябрь айына “Кыргыздардын XIX жана XX к. башындагы эл чарбасынын тарыхынын очерктери” аттуу көлөмү 20 б.т. илимий монографияны басууга даярдады. Анын кыргыз этнографиясынын ар кыл маселелерине арналган макалалары Институттун “Эмгектеринде” байма-бай үзгүлтүксүз жарыяланууда, ошондой эле республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү илимий сессияларга, иш-чараларга катышып, доклад менен чыгып турат.

Жолдош М.Т.Айтбаев “Түндүк Кыргызстандын тарыхый-этнографиялык очерктери” аттуу докторлук диссертацияны жазуунун үстүндө иштеп, кыска мөөнөттө керектүү көп талаа материалдарын топтой алды жана айрым баптарын жазып үлгүрдү. Ал дайыма өзүнүн идеялык-теориялык деңгээлин өстүрүүгө аракет кылат, тартиптүү, тапшырмаларды өз убагында аткарат, институттун жамаатынын ичинде сый-урматка ээ”, – деп М.Т.Айтбаевдин ишине калыс жана жогору баасын беришиптир.

Чындыгында, 1959-жыл М.Т.Айтбаев үчүн абдан эле үзүрдүү мезгил болуптур.

Жогоруда саналган иштеринен тышкары, 1959-ж. 15-октябрда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президенти И.К.Ахунбаевдин жетекчилиги астында Президиумдун отуруму болуп, ал жерде 1960-ж. Москвада өтө турган XXV Бүткүл дүйнөлүк чыгыш таануучулардын конгрессине даярдык көрүү маселеси талкууланат.

Чыгыш таануучулардын бул беделдүү конгрессин уюштуруп жана өткөрүүгө жардам берүү үчүн Кыргыз ССРинин ИАсы тарабынан түзүлгөн комиссиянын докладын анын төрагасы К.К.Орозалиев жасайт.

Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиуму бул маселе боюнча токтом кабыл алат. Ал токтомго ылайык конгресстин Орто Азиянын тарыхы секциясында кыргыз совет республикасынын окумуштууларынын атынан “Кыргызстандын Азиянын айрым бир чет өлкөлөрү менен болгон тарыхый-маданий байланыштарын жаңы ачылган археологиялык табылгалардын негизинде чагылдыруу” аттуу коллективдүү баяндама даярдалып, окулмай болот. Ал орток илимий баяндаманы даярдоонун авторлугуна атайын топ түзүлүп, ага тарыхчы, академик Бегимаалы Жамгырчинов (төрагасы), мүчөлөрү болуп этнограф, т.и.к. М.Т.Айтбаев, археологдор, илимий кызматкерлер П.Н.Кожемяко, И.К.Кожомбердиев жана Д.Ф.Винник бекитилет.

Ошол эле токтом менен Бүткүл дүйнөлүк чыгыш таануучулардын конгрессинин катышуучуларынын назарына коюу жана тааныштыруу үчүн Кыргызстандан алып барып, көргөзмөгө жайгаштырууга 15 илимий монография да такталып, тизмеси бекитилет. Бул чоң конгресске карата атайын басылып чыгарылмак болгон 15 монографиянын арасына М.Т.Айтбаевдин 2 эмгеги: “Кыргыздардын XIX – XX к. башындагы эл чарбасынын тарыхынын очерктери” аттуу көлөмү 20 басма табак китеби жана “Кыргыз айылдарынын XIX – XX к. башындагы социалдык-экономикалык мамилелери” деген көлөмү 10 басма табак болгон китеби да кирет.

1960-жылы Москвада өтө турган Эл аралык чыгыш таануучулардын конгрессинде көрсөтүүгө арналган кыргыз окумуштууларынын эмгектеринин тизмесинин долбоору. Кыргызстандын Илимдер Академиясы. Мында Мукаш Айтбаев жазмакчы болгон эмгектер да бар (№3, 10). 15.10.1959.
1960-жылы Москвада өтө турган Эл аралык чыгыш таануучулардын конгрессинде көрсөтүүгө арналган кыргыз окумуштууларынын эмгектеринин тизмесинин долбоору. Кыргызстандын Илимдер Академиясы. Мында Мукаш Айтбаев жазмакчы болгон эмгектер да бар (№3, 10). 15.10.1959.

“Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”

Тилекке каршы, тескерисинче ошол эле 1959-ж. аягында М.Т.Айтбаевдин үстүн кара туман каптап, абалы оорлой баштайт. Ал иштермандыгы, жигердүүлүгү, жетишкендиктери, келечекке болгон потенциалы менен өзүнө жаза өкүмүн чыгарып алгандай туюлат.

М.Т.Айтбаевдин башына үйүлгөн “балаанын” себеби, тагыраак айтканда “шылтоосу” Ленинград шаарында жайгашкан СССР элдеринин этнографиялык музейинин кызматкери Афанасий Семенович Бежковичтин (1892 – 1977) Кыргыз ССР Илимдер академиясынын жетекчилигине жазган арызы болду.

Ал арызында М.Т.Айтбаев “Орус жана кыргыз элдеринин тарыхый-маданий байланыштары” (“Историко-культурные связи киргизского и русского народов”) аттуу 1957-ж. жарык көргөн эмгегинде “плагиат” кемчилигин кетирген, же менин эмгегимди шилтеме келтирбей пайдаланды деп айыптап, ага каршы чара көрүүнү суранган.

Маалымат катары айтсак, А.С.Бежкович 1928-ж. С.И.Руденко жетекчилик кылган этнографиялык экспедициянын курамында Кыргызстанга келип, кыргыздардын жер иштетүүсүн, дыйканчылык маселелерин изилдеген. Анын экспедиция учурунда чогулткан материалдары “Кыргыздардын турмуш-тиричиликтик дыйканчылыгы” (“Киргизское бытовое земледелие”) деген аталыш менен Кыргыз ССР Илимдер академиясынын (азыркы КР УИАсынын) кол жазмалар фондунда сакталып турат.

М.Т.Айтбаевге байланышкан бул “чырлуу ишке” тиешеси бар материалдар менен таанышып, анализдеп көрүп, А.С.Бежковичтин арызын, анын дооматын Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун жетекчилиги менен институттун Окумуштуулар кеңешинин эле деңгээлинде карап, талкуулап, бир жыйынтыкка келип, тиешелүү чечим кабыл алып койсо туура болмок, ага толук негиз бар эле деп ойлойбуз.

Атаганат, андай болбоду, учкай калыстык үчүн айта кетишибиз абзел, бул маселени Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун окумуштуулар Кеңешинде карашты, талкуулашты, бирок тыянак жасап, чечим чыгара алышпады, себеби М.Т.Айтбаев аны эки чайнап бир жутсам деген көптөгөн таасирлүү адамдардын бутасына айланган экен; алар илимге гана тиешеси бар, ал жаш кезинде, илимде биринчи кадамдарды жасап жатканда кетирген болоор-болбос алешемдикти, кемчиликти чоң саясатка айландырышып, тез жана түз эле Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиумунун атайын отурумуна талкууга алып чыгышат.

Окуянын мындай өнүгүшүнүн башкы себептеринин бири – ошол кездеги борбордон бүжүрөп коркуу, жагынуу фактору болду го деп да ойлойбуз. Москва, Ленинград десе эле “кокуй, бирдеме болуп кетпесин!” деп жергиликтүү органдар, кызматкерлер жалбырактай дирилдеген көрүнүш совет мезгилине, өзгөчө алганда, 1937–1985-жылдарга мүнөздүү нерсе эле.

Кыргызстандык окумуштууга доо-арызын жазган ленинграддык музей кызматкери Бежковичтин теги украиналык казак-орустардан болгон; ал 1933-жылы “фашисттик маанайы бар” деп жазыксыз жерден камалып, үч жылдан кийин бошотулган жана 1956-жылы гана толук акталган.

М.Т.Айтбаев өзүнүн жазган түшүнүк катында (объяснительное) Бежковичке идея, ой кошуп, дем берип, түрткүлөгөндөр бар деп жазат. Бежковичтин артына туруп алып дирижер болгон конкреттүү адамдын ысымын да атайт, ал – баарыбызга белгилүү этнограф С.М.Абрамзон.

Бул этнография илиминдеги белгилүү эки инсан окумуштуу – С.М.Абрамзон менен М.Т.Айтбаевдин мамилелери кандай болгондугун, ортосун качан, кантип “кара мышык” аралаганын кийинчерээк жазабыз.

Чоң талкуу

Эми сөз кезегин Кыргызстандын Илимдер академиясынын Президиумунун жыйынына бурабыз. Бул чуулгандуу жыйынга Президиумдун мүчөлөрү – Президент И.К.Ахунбаев, А.А.Волкова, И.Г.Дружинин, академиянын кызматкерлери – В.В. Ильин, К.К.Орозалиев, Б.Жамгырчинов, М.А.Алиев, И.Никулин, И.М.Найдич, Н.И.Исаев, М.Т.Айтбаев, Н.В.Диколенко, П.Н.Кожемяко, Д.Уметов, А.Т.Токтоматов, сырттан илимий жана саясий билимдерди жайылтуу коомунан – С.Т.Табышалиев, А.В.Аблов, А.Э.Измайлов, М.М.Малкин, П.П.Тетеин, А.Д.Букова, И.П.Мужиков, А.Е.Панкратов, Б.Б.Байбулатов чакырылып катышат. Президиумдун жыйынынын токтомуна сереп салсак, талкуу курч мүнөздө өтүп, эки жактуу кайчы пикирлер айтылыптыр.

Арийне, акыйкаттык үчүн баса белгилеп айтсак, маселенин оң же терс жагына чечилиши толугу менен Илимдер академиясынын ошол кездеги Президенти Иса Ахунбаевдин пикири менен турумуна толук көз каранды болуптур.

“Көзү өтүп кеткен адамдардын дарегине жаман айтпайт” - дейт эмеспи. Кыргыздын бир тың чыкма, келечектүү этнограф окумуштуусун туш тараптан талап, аны илимден алыстатып, жолтоо болуп, керек болсо моралдык жактан жок кылууга аракет жасап, салымын кошкон адамдар тууралуу, бул окуянын күнгөй-тескейин изилдеп чыркыраган чындыкка, аныгына жетүүгө, анын объективдүү жана субъективдүү мүнөздөгү себептерине, өбөлгөлөрүнө токтолууга, ачып берүүгө милдеттүүбүз.

Мындай окуялар биздин коомдо азыраак болушу, керек болсо, келечекте таптакыр кайталанбашы абзел.

Академик Бегимаалы Жамгырчинов (1914–1982). 17.2.1967.
Академик Бегимаалы Жамгырчинов (1914–1982). 17.2.1967.

М.Айтбаевди жактагандар

Эмесе, Президиумдун жыйынынын жүрүшүнө кайтып келсек. Ал жерде адис катары бийик абройлуу кыргыз тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго сөз берилет.

Ал сөзүндө: “Бежковичтин арызы “стаканда толкун жараткандай” түр көрсөтөт, ал арзыбаган нерсе үчүн чуу чыгарып жаткандай, себеби ар бир илимий кызматкер тарыхый булактарды пайдаланганга укугу бар, ишинин аягында, же тиешелүү жерде гана тигил же бул материалды колдондум деп шилтеме бериши керек. Менин Айтпаевди жөн коргоюн деген деле ниетим жок, тек гана айтайын дегеним, мындай “оору”, же катачылык, кемчилик илимий изилдөө ишине жаңыдан бет алган жаш окумуштууларга мүнөздүү көрүнүш болуп саналат, бирок мындай нерсеге каршы күрөшүшүбүз жана жазалашыбыз керек.

Тарых институтунун Окумуштуулар кеңешинде Айтбаевдин кетирген каталарын, кемчилигин тыкыр карап, аны аябай эле сындап, күнөөлөдүк. Бирок, кадыресе калыптанып калган илимий кызматкердин тагдыры чечилип жатканда, бул маселеге жок нерселерди кошуп көбүртүп-жабыртпай, же такыр эле жокко чыгарып салбай, объективдүү негизде, калыс карашыбыз абзел. Мен Айтбаевдин эмгеги менен Бежковичтин кол жазмасын салыштырып, абдан кунт коюп карап көрдүм. Айыл чарбада колдонулуучу шаймандардын жазылышы жана сүрөттөлүшү Бежкович жазгандай эмес, окшоштуктар, көчүрүп алып жазуу – жокко эсе. Кээ бир жерлерде, 2-3 жерде толук көчүрүп алынган гана сүйлөмдөр бар. Ал эми маселеге карата айтылган жалпы ойдун схемасынын ырааттуулугунда, сүйлөмдөрдү куроодо анча-мынча окшоштуктар бар. Айтбаев муну жашырбай эле китебинде көрсөтүп жазып жатат. Бирок, менин жеке оюмда, Айтбаев булакты пайдалануунун усулдарын (методологияны) колдонуу жаатында ката кетирген, ал кол жазмадан алынган сүйлөмдөрдү ар бир учурда тырмакчага алып, шилтеме бериши керек эле”, – деп Б.Жамгырчинов өзүнүн дасыккан окумуштуу жана даанышман аксакал катары адилет, калыс пикирин айтат.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 261-б.]

Жыйындын катышуучуларынын бири (анын аты-жөнү токтомдо көрсөтүлбөптүр. – С.Д.) академик Б.Жамгырчиновго суроо узатат: “Айтбаевдин жасаган иши, кетирген кемчилиги – плагиатпы, же плагиатка жакын нерсе болуп саналабы?”.

Ага жооп кылып Б. Жамгырчинов айтат:

“Пикиримде, плагиат деп эсептебейм, себеби ким плагиат менен алектенсе, же ага жол берсе, ал пайдаланган булактарын жашырганга аракет кылат. Ал эми Айтбаев болсо андай кылган эмес. Ал өзүнүн монографиясынын “Дыйканчылыкка” арналган бөлүгүндө жана пайдаланылган булактар менен адабияттардын тизмесинде Бежковичтин кол жазмасын атап, аны пайдалангандыгын билдирип, шилтеме келтирген. Аны (Айтбаевди) тек гана булакты пайдалануу усулу боюнча кемчилик, ката кетирген деп бааласак жана күнөөлөсөк болот”.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 261-б.]

Кейиштүүсү, бул жыйындын жүрүшү жана анда кабыл алынган чечим урматтуу кесипкөй тарыхчы академиктин келтирген жүйөөлүү, олуттуу аргументтери унуткарылып, эске алынбагандыгын көрсөтөт.

Жыйынга катышып отурган химик, академик Иван Георгиевич Дружинин (26.9.[9.10.] 1904 — 1988):

“Мен Иса Коноевич тааныштырган документтерди, М.Т.Айтбаевдин, Б.Ж.Жамгырчиновдун сүйлөгөн сөздөрүн кунт коюу менен уктум жана токтомдун текстине көз жүгүрттүм. Эми менин оюм мындай: көчүрүлүп алынган материалдардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү айрым бир айыл чарба шаймандарынын сүрөттөлүшүнө гана тиешеси бар экен. Ал эми сереп салып, талдоо жана тыянак жасоо жагы таптакыр башкача, демек, автордун өзүнүкү тура. Демек, ал илимий жалпылоо, тыянак жасоо жагынан туура иш кылган, бул жагдай анын күнөөсүн кыйла эле жеңилдетет. Тарых институту Айтбаевди бөлүм башчылыктан алып салып жазалоону сунуштаптыр. Менимче, бул туура эмес, өтө эле катаал жаза экен, тек гана ал мындан кийин ушуга окшогон кемчилик, каталарды кайталабашы үчүн ага катуу сөгүш берүү (строгий выговор. – С.Д.) менен эле жазалап, чектелсек туура деп ойлойм”.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 261-б.]

Медицина илимдеринин доктору М.А.Алиев чыгып сүйлөп: “Менин баамымда, Айтбаев өзүнүн күнөөсүн сезип, мойнуна алганы анын күнөөсүн кыйла эле жеңилдетет. Бирок, аны бөлүм башчылык кызматынан алып, ордуна Кожемякону дайындоону туура эмес чечим деп эсептейм, башкача айтканда жаза менен күнөөнүн салыштырма салмагы дал келбейт”, – деген пикирин билдириптир.

К.Орозалиевдин М.Айтбаевди жазалоо чакырыгы

Бирок жыйындын негизги максаты, формалдуу болсо да талкуу өткөрүмүш болуп туруп М.Т.Айтбаевди кандай гана болбосун баш көтөргүс кылып талкалоо экени ачык-айкын эле байкалган.

Тарых институтунун директору К.К.Орозалиев: “...Биз конкреттүү фактыларды карап талкууладык жана ошол жөнүндө сөз кылдык. Анын бул “кылыгына” байланыштуу бөлүмдүн башчысы катары калтырууга болбойт деп чечтик. Мен ушуну гана айткым келди. Бирок, ал бөлүм башчылык кызматын абдан жакшы аткарып жатты, ал маселе боюнча ага биздин жаман пикирибиз жок”, – деп айтты.

К.Орозалиев Окумуштуулар кеңешинде “биз М.Т.Айтбаевди бөлүм башчы катары караган жокпуз, ал жетекчи катары жакшы эле иштеп жатат” дейт дагы, бирок ИАнын Президиумуна көтөрүп келген Окумуштуулар кеңешинин токтомунда жана институттун директору катары өзү жана окумуштуу катчы Ш.Шириязданов экөө кол койгон И.Ахунбаевдын дарегине алдын-ала жазылган катында М.Айтбаевди “бөлүм башчылыктан алуу керек, анын ордуна бөлүмдүн башчысы кылып П.Н. Кожемякону дайындап, ал эми М. Айтбаевди ага илимий кызматкер кылып бекитип бериңиз” деген сунушун бергени тастыкталды.

Убагында интрига жаатында абдан такшалып “гроссмейстер” болуп калган адамдан баарын күтүүгө болот эмеспи. Коомчулук убагында К.Орозалиев Кыргыз ССР КП(б) БК идеология боюнча бөлүм башчы, кийин БК катчысы (1946–1952) болуп иштеп турганда кыргыз интеллигенциясынын далай өкүлдөрүнүн убалына калганын жакшы билет.

Мисалы, белгилүү илимпоз, элдик оозеки чыгармачылыкты (фольклор) изилдөөчү Муңдук Мамыров Кыргызстандагы тарыхчы жана адабиятчыларды аёосуз куугунтукка алуу жана саясий айыптарды тагуу иши Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы К. Орозалиевдин “Кыргызстандагы тарых илиминин жана адабият таануунун өнүгүүсүнүн кезектеги милдеттери” (“Очередные задачи в развитии исторической науки и литературоведении в Киргизии”) деген макаласы “Кызыл Кыргызстан” (1947.12.10) жана “Советская Киргизия” (1947.14.10) гезиттерине жарыялангандан кийин башталды жана өзгөчө күч алды деп белгилейт. Согуштан кийинки жылдардагы негизсиз сынга, саясий куугунтукка Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” ыр түрүндө жазылган романы, Кубанычбек Маликовдун “Балбай” поэмасы алынып, басып чыгарууга тыюу салынды, деп М.Мамыров жазат.

[М.М.Мамыровдун макаласын караңыз: Кыргызстан маданияты. – 1991. – 30 май.]

К.Орозалиевдин буйругу астында иштеген жалаа жазган топтун курмандыгына кыргыздын тил жана адабият илими боюнча туңгуч кандидаты Тазабек Саманчин, эпосторду изилдөөчүлөр Ташым Байжиев, Зыяш Бектеновдор чалынат, аларга жалган жалаа менен “улутчул”, “космополиттер”, “бай-манаптардын тукумдары” деген айыптар тагылып, он жылдан эркинен ажыратылышып, сүргүнгө айдалышат. Т.Байжиев сүргүндө, Карагандыда ГУЛагга таандык лагерде каза болот. Ж.Шүкүров, К.Карасаев, К.Юдахин ж.б. көп сандаган адамдар куугунтукка алынып, запкы жешет.

[З.Бектеновдун Т.Байжиевдин тагдыры тууралуу макаласын караңыз: Советтик Кыргызстан. – 1989. – 30-декабрь; дагы караңыз: Байджиев Мар Ташимович. Ташим Байджиев. – Б., 2004. – 304 б.]

“Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?”, же “Бүкүрдү мүрзө түзөйт” дегендей, кийин, Хрущев доорунда деле Керимкул Орозалиев өзгөрүп, башкача болуп кетпегенин анын этнограф М.Т.Айтбаевге карата жасалган мамилеси көзгө сайып көрсөтөт.

Президиумдун жазалоочу токтому

Ошентип, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиуму М.Т.Айтбаевдин ишин талкуулап, жыйынтыгында 1959-ж. 12-ноябрда №81 токтомду кабыл алат.

Аталган токтомдо мындайча жазылган:

“М.Т. Айтбаев китебин жазганда сөз болуп жаткан Бежковичтин кол жазмасын пайдаланганы анык. Тагыраак айтканда, мындай факт М.Т.Айтбаевдин китебинин “Дыйканчылыкка” арналган бөлүгүндөгү 14 баракта кездешет. М.Т.Айтбаев Бежковичтин кол жазмасын пайдалангандыгы тууралуу китебинин дыйканчылыкка арналган бөлүгүндө жана колдонулган булактар менен адабияттардын тизмесинде белгилеп, шилтеме жасайт, демек, М.Т.Айтбаев пайдаланган булактардан алынган материалдарын жашырайын, көмүскөдө калтырайын деген ниети болгон эмес.

М.Т.Айтбаев Бежковичтин кол жазмасын пайдаландым деп туура белгилеп жазганы менен ал материал алынган ар бир учурда, тигил же бул сүйлөмдү алганда, пайдаланганда шилтеме берген эмес.

Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиуму М.Т.Айтбаевдин бул “жоругун” айыптап төмөнкүдөй токтом кабыл алат:

1. М.Т. Айтбаев “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулуп, илимий кызматкер болуп дайындалсын;

2. “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчылык кызматын убактылуу аткаруучу болуп тарых институтунун илимий кызматкери П.Н.Кожемяко дайындалсын".

Бул токтомго Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президенти, академик И.К.Ахунбаев менен академик-катчы В.Г.Яковлевдер кол коюп бекитишет.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №1516 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Тарых институтунун ага илимий кызматкери М.Т.Айтбаевдин өздүк иш кагазы. 54-б.]

Академик Иса Ахунбаевдин (1908-1975) айкели. Бишкек. 25.9.2009.
Академик Иса Ахунбаевдин (1908-1975) айкели. Бишкек. 25.9.2009.

Президент И.К. Ахунбаев Президиумдун жыйынынын жогорудагы токтомун окуп бүтөөр замат жаңы эле бөлүм башчы болуп дайындалып жаткан археолог П.Н.Кожемяко сөз сурап, төмөнкүлөрдү айтат:

“Мен Айтбаевге карата көрүлгөн жазаны өтө эле катаал, оор деп эсептейм. Токтомдун чечими менен бөлүм башчылык милдетти аткарууну мага жүктөдүңөр. Бирок, мен этнограф эмесмин. Бөлүмдө чоң, оор жана жооптуу иштер жасалып жатат. А мен болсом этнография менен эч убакта алектенген эмесмин. Мен бул кызматта көп деле пайда алып келбейм. Анын үстүнө ден соолугум да жайында эмес, ушул себептерден улам бөлүм башчылык кызматка башка эле талапкерди дайындоону Президиумдан өтүнөм”.

Академиянын Президенти И.К.Ахунбаев: “Ошон үчүн Сизге бөлүм башчылык кызматты убактылуу аткаруучу кылып дайындап жатабыз. Эми Айтбаев этнография иштеринен оолактап, иштебей калат деп ойлобоңуз”, – деп кескин жооп кайтарды.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 265-б.]

Бул жерде, Тарых институтунун директору К.Орозалиев Айтбаевдин ордуна бөлүм башчылыкка археолог П.Н.Кожемякону дайындоо сунушун бергенде, бул археолог менен кеңешпегени, ага алдын-ала маалымат бербегени даана эле көрүнүп турат. Ошондой эле П.Н.Кожемяконун ИАнын Тарых институтунун, Президиумдун Айтбаевге карата чыгарган чечими менен макул эместиги, кандайдыр бир деңгээлде Айтбаевди сыйлагандыгы, аяганы, ага боор тартканы да сезилип турат.

Кызыгы, ИАнын Президенти И.К.Ахунбаевге чейин жети киши чыгып сүйлөдү, анын экөөсү – академиктер, бир илимдин доктору, бир илимдин кандидаты. Жалпы 7 кишинин бирөө гана катаал турумда болгон.

Көпчүлүктүн ой-пикирин, сунуштарын эске албаган, демократиянын принциптери сакталып өткөрүлбөгөн, адамдын укугу тебеленген мындай отурумду кандай баалоого болот? Эми, чынында, бул Президиумдун отуруму – бир тараптуу токтом токулууга тийиш болгон эски сталиндик сот жүрүмүнүн сыңарындай эле калыстыктан тайып өткөрүлгөндүгүн азыр ачык айтуу абзел.

Айтбаевдин талаага кеткен соңку өтүнүчү

Кыргызстан ИАсынын Президиумунун жыйынынын соңуна жакындаганда, дале болсо жакшылыктан, акыйкаттыктан күдөрүн үзбөгөн М.Т.Айтбаев сөз алып, Илимдер академиясынын жетекчилигине, жыйындын катышуучуларына кайрылат:

“Урматтуу Президиумдун мүчөлөрү, жыйындын катышуучулары! Сиздерден А.С.Бежковичтин арызын ар тараптан толук, калыс жана адилет кароо үчүн эксперттик комиссия түзүүңүздөрдү сурайм. Тарых институту менин ишимди карап чыгып, сүйлөмдөр менен абзацтардын окшоштугу кайсы беттеринде кездешээрин тактап чыгышты. Бирок, мен дагы аталган проблема боюнча жеке этнографиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, талаа дептериме көптөгөн жаңы материал, фактыларды, информаторлорду таап, ошондой эле Октябрь революциясына чейинки авторлордун эмгектерин, көптөгөн адабияттарды илимий айлампага киргиздим, эксперттик комиссия ушулардын баарын карап салыштырып көрүп, Бежковичтин кол жазмасы – даяр кол жазма эмей эле, иштетилбеген, анализи, тыянагы жок басууга жараксыз жазуулардын сомоло жыйындысы болчу деген чечимге келээрине толук ишенем. Эксперттик комиссияга Б.Ж.Жамгырчинов, С.И.Ильясов сыяктуу бул маселени түшүнгөн жана билген тажрыйбалуу, билимдүү тарыхчылар кирсе жана анын курамына институттун коомдук уюмдарынын өкүлдөрү да киришсе жакшы болот эле”.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 270-, 273-беттер.]

Тилекке каршы, М.Т.Айтбаевдин өтүнүчүн канааттандырышпады, анткени анын тагдыры илимдин бюрократтары тарабынан отурумга чейин эле жең алдынан, тымызын чечилип калган эле.

Саул Абрамзондун карааны барбы?

Айтылуу кыргыз таануучу, этнограф С.М.Абрамзон менен М.Т.Айтбаевдин тирешип, бири-бирин жамандап, кадыр-баркын түшүрүп, жаманатты кылып, иштетпей, жүдөтүп, абийирлерин төккүдөй чын эле өз ара мамилеси ушунчалык начар беле?

М.Т.Айтбаев өзүнө каршы өнөктүктүн артында С.Абрамзон турушу ыктымал деген жоромолду өзүнүн түшүнүк катында ачык эле жазат:

“А.С.Бежкович арызында менин “Очерки истории хозяйства киргизов в XIX – начале XX вв.” аттуу, көлөмү – 20 б.т. монографиямды жокко чыгарып жатат. Бежковичтин артында С.Абрамзон турат жана бул анын кезектеги мага каршы жасаган айла-амалдарынын бири болуп саналат. С.Абрамзондун мага каршы тоголок арыз жазбай, жалаа жаап, ушак таратпай калганына жарым эле жыл болуп калды. Анысын улантканга ылайыктуу ыплас материал деле калбай калган. Эми минтип Бежковичти дос күтүп, аны курал кылып алды. Мунун баары менин китебимди чыгарбаш үчүн гана С.Абрамзондун ойлоп таап жасаган карасанатай иши болуп эсептелет”.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 273-бет.]

С.М.Абрамзондун М.Т.Айтбаевди жактырбай, жөөлөп, жүдөтүп, илимпоз катары беделин түшүрүп, аброюн кетирип, куугунтукка алып жок кылууга жасаган аракетинин эң башкы себеби, биздин жеке пикирибизде, анын ичинин тардыгы, көрө албастыгы болгон деп эсептейбиз.

Кечээки эле өзүнүн окуучу-шакирти тез арада көлөмдүү монографияларды жаратып (эсиңерге салабыз, С.М.Абрамзон кыргыздардын этнографиясына арналган көлөмдүү жана классикалык монографиясын Ленинградда 1971-ж. Чыгарган. – С.Д.), тез арада докторлук диссертациясынын долбоорун даярдап, эл оозуна алынып жатса, 1956-ж. кыргыздардын этногенезине арналган симпозиумда кыргыз элинин келип чыгышы боюнча кыргыз этнография илиминин атасы, “патриархы” аталган С.Абрамзондун концепциясына туура келбеген, сыйбаган өз алдынча илимий баяндама менен чыгып жатса, 1957-ж. Ташкентте өткөн Биринчи Бүткүл союздук чыгыш таануучулардын конгрессине катышып, кыргыз элинин маданий мурасы жана аны изилдөө боюнча баяндаманы, 1959-ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Орто Азиянын археологдору менен этнографтарынын илимий кеңешмесине катышып кыргыздардын сугат иштери жана жер иштетүүсү боюнча баяндаманы жасаса, 1960-ж. Москвада өткөн жаткан Бүткүл дүйнөлүк чыгыш таануучулардын конгрессинде Кыргызстандын атынан окулуучу баяндаманын тарых, этнографияга байланышкан бөлүгүн жазууга М.Айтбаев тартылып жатса, конгресстин китеп көргөзмөсүнө кыргыздардын этнографиясына арналган М.Айтбаевдын эки монографиясын басып чыгаруу сунушталып жатса, бул нерселердин баары С.М.Абрамзондун тынчын албай койгон жок го деп ойлойбуз.

М.Айтбаев ушундай темп менен өсүп, такшала берсе, азыр эле минтип так, бак, жол талашып жатат, аны тим койсо кыргыз совет этнографиясынын башатында турган, анын киндик атасынын бири делген С.М.Абрамзонго тиешелүү атак-даңктын баарын бул шакирти өзүнө тартып албайт деп ким кепилдик бере алат эле?

Турмуш көрсөткөндөй, окумуштуулардын көбү эле ар кыл мүнөз күтөт, алардын жеке адамдык ич ара мамилелеринде, балким, биз билбеген оош-кыйыштар, жаман-жакшы нерселер деле орун ала берет.

Эгерде биз жаңылып жатсак (ылайым жаңы факт чыгып, жаңылгандыгыбыз ашкереленсе экен!) жана С.М.Абрамзондун шакирти М.Т.Айтбаевге ниети түз болсо, ага жакшылык кааласа, анда ал илимий ишин жаңыдан баштап жатканда кетирген Айтбаевдын болоор-болбос катасын, улуу устаты катары өз убагында оңдоп, булактарды пайдалануунун усулдук жагынан кеңешин айтып жардам берет эле деп ойлойбуз.

М.Айтбаевдин түздөн-түз илимий жетекчиси алтай таануучу этнограф Л.П.Потапов болгон, бирок С.М.Абрамзон үчүн М.Айтбаев салт боюнча шарттуу шакирт болуп калат эмеспи.

“Кыялдануунун зыяны жок” дешет эмеспи, мен да куру кыялымда: “Атаңгөрү, 1959-ж. М.Т.Айтбаевди Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун Окумуштуулар кеңешинде, андан соң Президиумдун жыйынында жарга такап, талкалап жатканда С.М.Абрамзон жетип келип: “Ой, урматтуу кыргыз окумуштуулары, бир ачууңарды мага бергиле. Бул чатак иште менин да күнөөм бар, кара басып, убагында М.Айтбаевге кол жазмалар корунда сүрсүп жаткан А.Бежковичтин “сомоло жазмасын” эч тартынбастан алып колдоно бер, керек болсо сенин эмгегиң аркылуу Бежковичтин аты чыгып, илимий чөйрөгө белгилүү болот, ал ошого ыраазы болот, деп кеңешимди бердим эле. Келечекте абдан мыкты этнограф илимпоз эле эмес, бакыйган академик болуучу жаш окумуштуу М.Айтбаевдин убалына калбагыла, жаш, тажрыйбасы аз кезинде кетирген түккө да арзыбаган күнөөсүн кечирип койгула; ал мындан кийин андай иш кылбайт, ишенип койгула”, – деп кыргыз этнография илими үчүн М.Т.Айтбаевди арачалап сактап калса гана атаганат! Атаңгөрү, эгер ушул эки чоң этнограф ынтымак, ырашкерлүү болгондо эмне, тоону томкоруп, ойду омкоруп, кандай гана иштерди жасамак?” – деп ойго батам.

Ал эми иш жүзүндө баары тескерисинче болду. С.М.Абрамзондун СССРдин тоталитардык режими 1930-ж. жүргүзгөн сталиндик репрессиянын технологиясына салып, эски ыкмаларды колдонуп, М.Т.Айтбаевди жок кылууга кыйыр аракет жасаганына жогорудагы айтылып кеткен кесиптеши А.С.Бежковичтин доо арызы, М.Т.Айтбаевдын түшүнүк каты буга күбө болуп саналат.

Кыргыз таануучу, этнограф Саул Абрамзон.
Кыргыз таануучу, этнограф Саул Абрамзон.

Ошондой эле, С.М.Абрамзондун М.Т.Айтбаевге карата терс оюн, жасаган ишин, анын тагдырында ойногон ролун “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланыштары” (“Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи”) деген эмгегинин “Чарбалык уклад” (“Хозяйственный уклад”) аттуу 2-бөлүмүнүн акырындагы абзацтагы М.Айтбаевдин дарегине айтылган сын пикиринен байкаса болот:

“Кыргыздардын чарбачылык укладын иликтеп-изилдөө кийинки кездерге чейин алга аз эле илгериледи, кыргыздардын чарбачылыгынын тарыхынын маанилүү кээ бир жактары, бөтөнчө малчылык жана дыйканчылык чындыгында жетишсиз же өтө начар изилденген бойдон калган. М.Т.Айтбаевдин эмгектеринде (Историко–культурные связи киргизского и русского народов; Социально–экономические отношения в киргизском аиле в ХIХ – нач. ХХ вв. - Ф., 1962) малчылыкты жана дыйканчылыкты сүрөттөөдө олуттуу кемчиликтер бар, көп сандаган так эместиктер учурайт”.

[Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Б.: «Кыргызстан—Сорос» фонду, 1999. — 896 6. - ISBN 9967-11-042-2.]

Жогоруда келтирилген шилтемеден С.М.Абрамзондун М.Т.Айтбаевдин айрым эмгектерине карата терс мамилесин байкаса болот.

Чын эле М.Айтбаевдин эмгектери ушунчалык эле жаман, деңгээли төмөн болсо, анда Саул Менделевич Абрамзон өзүнүн монографиясында ал эмгектерди колдонбосо керек деп ойлодум да, булактары менен тарыхнаамасын карап көрдүм.

Бирок, өз көзүмө ишенбедим, текшерип карап көрсөңүздөр болот, Саул Менделевич М.Айтбаевдын жогоруда аталган эки китебин эле эмес, анын кыргыздардын тамак-ашына, аңчылыгына арнап жазган илимий макалаларын да кеңири пайдаланып, байма бай эле шилтеме келтирип, ал тургай колдонулган булак, адабияттардын деле тизмесине киргизиптир.

Таба эмес тобоо, жаман-жакшыны, арам-адалдын баарын таразалаган – тагдыр экен: кийин С.М.Абрамзон Кыргызстан Компартиясынын БК Биринчи катчысы Т.У.Усубалиевдин тушунда өзү да расмий идеологиялык сынга адилетсиз түрдө кириптер болуп, жүдөп жүргөндө, балким, убагында М.Т.Айтбаевге жасаган кыянат ишине, мамилесине уялып, өкүнгөн чыгаар деп ойлойсуң (эгерде С.М.Абрамзон М.Айтбаевге каршы тымызын чабуулдун уюштуруучусу болбогону тастыкталса, жогоруда айтылгандай, биз өтө сүйүнөөрүбүз бышык).

Дагы бир кызык жери, “салбырын” тууралуу иликтөөсүндө Саул Абрамзон этнограф Мукаш Айтбаевдин атасын да маалымат берген киши катары эскерет:

“...Бизге аңгеме куруп отургандар аң уулоого катышкандарды «салбырынчы» деп аташты. Эгер аң уулоого болгону бир нече эле адам катышса, анда аларды кара санчы дешкен. Бул терминдер башка маалыматтардан улам тактоону жана көбүрөөк кеңири түшүндүрүүнү талап кылды. Токтокожо Айтбаевден (60 жашта) жазып алгандарыма караганда, чогулуп ууга чыгуу салбаран деп аталган, ал эми «кара санчы» деген терминди мергенчилерге жардам берген, бирок олжодон өз үлүшүн алууга акылуу болушса да, куралы же кушу жок катышуучуларга карата колдонушкан”.

Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Котор. С. Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Б.: «Кыргызстан—Сорос» фонду, 1999. — 896 6. - ISBN 9967-11-042-2.

Мукаш Айтбаевдин бейнесине сүртүм

Ушул жерден учкай айтсак, М.Т. Айтбаевдин жеке “трагедиясынын” дагы бир себеби катары анын принципиалдуу мүнөзү, инсандык сапаттары болгон деп эсептейбиз.

М.Т.Айтбаев менен чогуу иштешип калган кесиптеш, замандаш, курдаш адамдар жана балдары, туугандары менен баарлашып, ал киши тууралуу маалымат алганыбызда, аны көп окуп, көптү билген, жогорку эрудициялуу, билимдүү, маданияттуу, куулук-шумдугу жок, түз жүргөн, бетке чапма, өзүнүн ою, принциптери бар, жетекчилерге көшөкөрлөнүп, жагынып, үч бүктөлүп жүгүнүп кошомат кылбаган, сөз ташыбаган, тигил же бул топко кошулбаган, жердешчилик оорусу менен оорубаган, тамашакөй, ачык-айрым, бала кыял, жайдары мүнөз күткөн адам катары сүрөттөштү.

Мукаш Токтокожоевич Айтбаев (24.8.1924 – 08.8.1978).
Мукаш Токтокожоевич Айтбаев (24.8.1924 – 08.8.1978).

Ал кишинин фотосүрөттөгү келбетин деле карап көрүп, бул мүнөздөмөгө ишенесиң. Бир караганда, коңшу казак элинин мыкты уулу, академик Муктар Ауэзовго коёндой окшоштугу да дароо көзгө урунат. Байкасаң, сени сүрөттөн маңдайы жарык, сымбаттуу, жүзүнөн нур чачыраган, интеллигент адам бажырайып карап турат.

М.Т.Айтбаевдин бетке чапма, куулук-шумдугу жок адам экендигин айгинелеген биз байкаган бир фактыны окурман менен бөлүшө кетели.

Ал өзүнүн түшүнүк катында да, ошондой эле Президиумдун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: “А.Бежкович 1930-ж. Кыргызстанда чогулткан материалдарын адегенде КирФАНдын Кол жазмалар фондуна өткөрүп берип, анысын кичине иштетимиш болуп, кийин 1947-ж. КирФАНдын Тил, адабият жана тарых институтуна жиберет. Институттун жекекчилиги “иш басууга жарабайт” деп таап, аны кайрадан Кол жазмалар фондуна сактоого жөнөтүшөт. А.Бежкович кол жазмасын жакшыраак оңдоп китеп кылып чыгарайын дебей эле, кол жазмасына акча алгысы келген жана акчаны алып жаны тынчыган”, – деп билдирип, өз сынчысын илимий эмес, материалдык кызыкчылыкты жогору койгон, меркантилдүү, абдан рационалдуу киши катары сүрөттөйт.

[Булак: КР УИА архиви. – Фонд 5. – Сыпаттап жазуу 1. – №196 сактоо бирдиги. КыргССР ИАсынын Президиумунун отурумдарынын протоколдору. 1959-жыл, 270-бет.]

Кийинки куугунтуктоолор

М.Т.Айтбаевди Кыргызстандын Илимдер академиясынын Президиумунун отурумунда эле сындырып, ооздуктап, такалоо менен чектелип калышкан жок.

Аны өлкөбүздөгү илимдин ордосу болгон – Илимдер академиясынан акыры кетирип тынышты.

1963-ж. 1-февралда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ошол кездеги Президенти, академик Курман-Гали Каракеев, академик-катчы В.Г.Яковлевдин буйругу менен өзү абдан көксөп, дегдеп каалап келген академиядагы жумушунан бошонуп кеткенде М.Т.Айтбаев болгону 39 жашта болгон.

Бул деген илимпоздун бардык жагынан жетилип, баралына, дем-күчкө, идеяларга карк болуп, толуп, иштесе ишке тойбогон жаш курагы да.

Эң эле жаман жагы – бул окуянын кесепетинен кыргыз этнография илими дагы көптөгөн чоң иштерди жасап, салымын кошо турган таланттуу изилдөөчүдөн айрылды. Себеби М.Т.Айтбаевди чоң жыйынга салып эле тепкилебестен, академиядан кетирип эле тынбастан, душмандары өмүр бою куугунтукка алып кодулашты.

Ал докторлук диссертациясын, авторефератын даярдап алып, Алматыга барып жактаса, С.М.Абрамзон, К.К.Орозалиев сыяктуу кас, көрө албаган адамдардын бут тосуу аракети менен диссертациясы бекилбей калат.

Андан кийин ал Грузиянын борбору Тбилиси шаарына барып жактап, ал жактан да жолу болбойт.

[Караңыз: Айтбаев, М.Т. (Мукаш Токтохаджович). Северная Киргизия: (Ист.-этногр. исследование): Автореф. дис. на соискание учен. степ. докт. ист. наук / М.Т. Айтбаев; ТГУ. – Тбилиси: ТГУ, 1967. – 49 с.]

Кайран кишинин маанайын, абалын өзүңөр баамдап, байкасаңар болот. Академиядан аргасыз иштен кеткенден кийин жогорку окуу жайларында иштеп өзүн алаксытымыш болду, күйүт-муң, арманын ичкилик менен да унутканга, басканга аракет кылды.

Этнограф Мукаш Айтбаевдин 95 жылдыгына арналган илимий жыйында. 18.12.2019.
Этнограф Мукаш Айтбаевдин 95 жылдыгына арналган илимий жыйында. 18.12.2019.

Көөнөргүс эмгектери

Калыстык үчүн баса белгилеп кетмекчибиз, М.Т.Айтбаев жогоруда биз жазгандай көптөгөн кыйынчылыктар, тоскоолдуктарга, куугунтукка дуушар болсо дагы, Кыргызстандын көрүнүктүү этнограф-окумуштуусу деген макам, даражага чейин өз мээнети, эмгеги менен жете алды.

Анын калемине 1957-ж. жарык көргөн “Кыргыз жана орус элдеринин тарыхый-маданий байланыштары (Ысык-Көл облусунун материалдарынын негизинде)” жана 1962-ж. чыккан “Кыргыз айылдарындагы XIX – XX к. башындагы социалдык-экономикалык мамилелер” аттуу көлөмдүү монографиялар таандык.

Ошону менен бирге М.Айтбаев кыргыз элинин заттык жана руханий маданиятынын ар кыл тармактарын, мисалы, дыйканчылык, аңчылык, тери иштетүү, тамак-аш, кыргыздардын элдик билимдери, үйлөнүү, сугат иштери, ырым-жырымдары, үй-бүлө куруу, кыргыздардын келип чыгышы (этногенез), кыргыз урууларынын түзүлүшү жана жайгашуусу сыяктуу маселелерге арналган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, көп сандаган баалуу макалаларды жазып калтырган.

Ал өзү элди, чөлкөмдөрдү аралап этнографиялык талаа экспедицияларынын мезгилинде чогулткан өтө маанилүү, илимий жактан баалуу материалдары Кыргыз Республикасынын УИАсынын Кол жазмалар фондунда сакталып турат. Муну коомчулук эле эмес, илимий чөйрөнүн адамдары деле биле бербейт.

Мукаш Айтбаевдин 95 жылдыгына арналган илимий жыйындын программасы. 18.12.2019.
Мукаш Айтбаевдин 95 жылдыгына арналган илимий жыйындын программасы. 18.12.2019.

Эстутум

Былтыр (2019-ж. 18-декабрда) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту М.Т.Айтбаевдын туулгандыгынын 95 жылдыгына багыштап “Мукаш Айтбаев – илимге арналган өмүр” деп аталган жумурияттык илимий жыйынды өткөрдү. Ага Кыргызстандын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети ж.б. колдоо көрсөтүштү.

Тарыхчы Саламат Дүйшөнбиев.
Тарыхчы Саламат Дүйшөнбиев.

М.Т.Айтбаев – Кыргызстандын этнография илиминин өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошкон, артында эскерүүгө татыктуу илимий мурастарын калтырып кеткен көрүнүктүү илимпоз-этнограф экендиги анын мурасын ар тараптуу иликтөө аркылуу тастыталууда.

Саламат Усупович Дүйшөнбиев

(Дюшенбиев),

КР УИАсынын Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG