Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

"Уулумду өгөй атасы кордоп, качып кетти". Жалгыз бой эненин муңу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин тургуну тестиер баласын өгөй атасы зордуктап, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу турса да милиция чара көрбөй, шектүү чет өлкөгө качып кеткенин айтууда.

Ички иштер министрлиги бул дооматтарды четке кагып, райондук милиция дароо эле кылмыш ишин козгогонун билдирди. Учурда шектүүгө издөө жарыяланган.

"Милиция мени "жалган жалаа үчүн камалып кетесиз" деп коркутту"

Баткен районунун 36 жаштагы тургуну (атын атагысы келбеди-ред.) жети жаштагы баласын күйөөсү зордуктаганын айтып даттанды:

"Мен ага былтыр турмушка чыккам. 53 жашта, менден кыйла улуу. Төркүндүн мажбурлоосу менен жети жаштагы баламды ээрчитип барып, чогуу жашап калдым. Ичкиликке жакын, жумалап жатып иччү. Жакындарына "дарылаткыла" деп айткам. Туугандары жакшы турат, чоң кызматтарда иштейт. Быйыл кышында, Жаңы жылдан кийин балам "апа, артым ооруп атат" деп калды. Карасам, кызарып калыптыр. Ичи каткан го деген ой менен, жууп, вазелин сүйкөдүм. Убагында маани берген эмесмин. Унутуп калган экенмин, жайында акемин үйүнө тойго барабыз деп даярданып атсак, уулум "атам тийишти" деп айтып калды. Оозуман сөзүм түшүп, уккан кулагыма ишенбей, бир уулумду, бир күйөөмдү карап эле туруп калдым. Күйөөм дароо актана баштады. Кимисине ишенеримди билбей, баламдан кайра-кайра сурай бердим. Күн сайын сурачу болдум. Балам баягы сөзүн эле кайталап атты. Муну угуу мага оңой эмес эле, жыйырма күндөй өткөндө төркүндөрүмө айттым. Балама ишенбей коё албадым, алдашы мүмкүн эмес эле. Баламдын менден башка эч кимиси жок. Апам келип, оокатымды алып кетти. Күйөөмө милицияга барып, арыз жазарымды айттым. "Бардыгын милиция териштирет. Мен муну жөн калтыра албайм" дедим".

Келин эртеси күнү эле Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө барып, арыз жазган. Бирок бөлүмдөгү милиция кызматкери арызын кабыл алуудан баш тарткан. Кайра "жалаа жапканыңыз билинип калса, жазага тартыласыз, камалып кетесиз" деп коркутууга аракет кылган.


Келин бул окуядан кийин баласын алып, Бишкекке кетип калган. Бул жактагы тааныштарынын сунушу менен "Сезим" кризистик борборуна барган.

Ал жерде баласы менен бир айдай болуп, укук коргоочулардын жардамы менен Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына арыз жазган. Тергөөчү Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") менен кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

"Экспертизага төрт врач катышты, алардан тышкары "Сезимден" психолог, мен катышым. Ал жердегилер "баланын көтөн чучугунда жарака бар, туюк нерседен болушу мүмкүн" деген жыйынтык чыгарып берди. Бирок тергөөчү бүгүнкү күнгө чейин шектүүнү - менин мурдагы күйөөмдү кармаган жок. Тергөөчү болсо күйөөм 4-августта өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Бирок ошол кезде мага тааныштарым ал эч жакка кетпей эле, Ошто виза күтүп жатканын айтышкан", - деди баланын апасы.

"Сезим" кризистик борборунда келиндин өзүнө жана баласына психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Балдары коргоого чакырган акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Балдары коргоого чакырган акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.


Келин мурдагы күйөөсүнүн кармалбай, камалбай, ээн-эркин жүргөнүнө, жазган арызы боюнча милиция эч кандай чара көрбөгөнүнө даттанып, Башкы прокуратурага да кайрылган.

"Мени баш прокурор Курманкул Зулушев өзү кабыл алды. Менин сөзүмдү укту, тиешелүү кызматкерлерин чакыртып, ишти көтөртсө, арызым милициянын ресстрине катталбаптыр. Эч жерде жок экен. Мен ишиме кайдыгер караган милиция кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жазайын десем, прокурор "Ички иштер министрлигине барып жазыңыз" деп койду. Эртеси күнү барып ИИМдин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин атына арыз жаздым. Арызымды алып калышкан, азыркыга чейин жооп жок".

ИИМ: Кылмыш иши шыр эле козголгон, шектүү издөөдө

Ички иштер министрлиги жабырлануучу келиндин дооматтарын четке какты.

Министрликтин басма сөз катчысы Тилек Оторовдун "Азаттык" радиосуна маалымдашынча, жабырлануучу тарап Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганда эле кылмыш иши козголуп, өндүрүшкө алынган.

"ИИМдин тергөө кызматынын маалыматында, 3-июлда Баткен районунун тургуну М.Ш. ушул жылдын январь айларында сегиз жаштагы уулу М.А. карата экинчи жолдошу, 51 жаштагы С.К. сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы тууралуу билдирген. Бул окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, өспүрүмгө карата соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган".

Тилек Оторов ошол эле учурда жабырлануучу ИИМдин Тергөө башкармалыгына да арыз менен кайрылганын танган жок. Анын айтымында, жабырлануучу келиндин Тергөө кызматына жазган арызы менен Баткен РИИБүнө жазган арызынын негизинде иш бириктирилип каралууда.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча кылмыш иши козголгон. Балага дайындалган соттук-медициналык жана психологиялык-психитриялык экспертизалардын корутундулары чыгары менен кылмышка шектүү адамга айыбы сырттан угузулган.

Шектүүнүн бөгөт чарасын караган Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМдин басма сөз кызматы шектүү издөөгө алынганын билдирди.


"Баламдын ишенчээктигинен пайдаланды"

Келин милиция өз учурунда эле чара көрсө, шектүү чет өлкөгө чыгып кетпейт эле деген пикирде. Ал буга мурдагы жолдошунун туугандары таасирдүү кызматтарда иштегени себеп болушу мүмкүн деп эсептейт:

"Ал кишини коомго коркунучтуу адам катары камашы керек эле. Бирок андай болгон жок. Анткени анын бир тууган иниси мамлекеттик органда жетекчилик кызматта иштейт. Кайнимдин достору, тааныштары прокуратурада, Ички иштер министрлигинде жетекчи кызматтарда иштейт экен. Мен болсо карапайым энемин. Баламдын менден башка таянары жок. Эгер милиция чара көрбөсө, президентке, УКМК төрагасына кайрылам. Башка жолум жок. Коомчулукка ачык алып чыгам. Бул күйөөм менен болгону он ай жашадык. Балам өзүнүн атасын билбейт, кичинекейинде ажырашып кеткем. Ошондуктан балама "бул сенин атаң" десем, өз атасындай ыктап, көнүп кеткен. Күйөөм балама эртең менен сабакка кетеринде ботко жасап, жумуртка бышырып берчү. Көрсө ошентип тузак жайып, баламдын баёолугунан пайдаланып жүрүптүр. Ичкенин көргөндө эле кетип калсам болмок экен, бирок эрдин санын көбөйткүм келбеди эле...".

Ушу тапта тестиер бала Бишкектеги мектептердин биринде окуп жатат.

"Зомбулуктан кайра эле зомбулук көбөйүүдө"

Акыйкатчы институтунун маалыматында, былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экенин кабарлаган.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон. Мунун ичинен 34ү гана сотко жеткен.

Запкы жеген балдар менен иштеген адистер бул ачыкка чыккан гана сандар болушу ыктымалдыгын айтып келет.

"Балдарды коргоо борборунун" психологу Таалай Жакыпов зомбулукка кабылган баланын психологиясы, жүрүм-туруму өзгөрөрүн белгиледи:

Таалай Жакыпов
Таалай Жакыпов

"Мындай зордук-зомбулукка кабылган балдардын психологиясы өзгөрүп, айрымдары коркок болуп, чүнчүп кетсе, кээ бир балдар, тескерисинче, өтө өкүмзор, орой болушат. Алар алы жеткен адамдарга, жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылганга өтөт. Бул дагы зомбулуктун азайбай жатканынын бир себеби. Сиз жакшы билесиз, азыркы чоңойгон муун 90-жылдары ата-энесинин мээримин көрбөй, өздөрү да зордук-зомбулукка кабылып чоңойгон. Ошол балдар азыр өздөрү үй-бүлөлүү болду. Алар бүгүн балалык кезинде көргөнүн кичинекей балдарга көрсөтүп, зордук-зомбулукка барып жатат. Коом буга кайдыгер карабай, баланы ар тараптуу коргоп, анын психикасын сактап, жакшы, мыкты адам болуп чыгуусуна салым кошууга аракеттенүү керек. Бул жерде ата-энелер гана эмес, баланын чөйрөсү - мектеп, бала бакча, мугалимдер, укук коргоо органдары, мамлекеттик бийликтин да жоопкерчилиги бар".

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматында, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулукка кабылууда.

Кыргызстанда оор кылмыш кылгандар, анын ичинен педофилдер үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштыруу демилгесин Жогорку Кеңеште мурдагы чакырылыштардын депутаттары бир нече жолу көтөргөн. Быйыл мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда педофилдер үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштырууну жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштаган. Укук коргоочулар бул күнөөсүз адамдар үчүн айыптоо куралына айланып кетиши мүмкүн деп каршы чыгышкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2022-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгында Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 млн 704 286 бала бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG