Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү


Ташкент шаарында добуш берген шайлоочу, 29-март, 2015-жыл
Ташкент шаарында добуш берген шайлоочу, 29-март, 2015-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-марттагы президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 91,01% катышканын билдирди. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары дүйшөмбүдө жарыяланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзоулугбек Абдусаломов добуш берүү күнү эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын белгиледи. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары дүйшөмбү күнү жарыяланмакчы, бирок азыртадан эле Ислам Каримов төртүнчү жолу президенттикке шайланганын айта берсе болот.

77 жаштагы мамлекет башчы менен бирге бул жолку шайлоодо дагы үч талакпер ат салышты. Бирок сынчылар Элдик демократиялык партиянын өкүлү Хотамжон Кетмонов, Социал-демократиялык "Адилет" партиясынан Нариман Умаров жана Улуттук кайра жаралуу партиясынан Акмал Саидов бийликчил партиялардын өкүлдөрү экенин, алар элди Каримовдун пайдасына активдүү үгүттөп келишкенин айтышат.

Өзбекстандык укук коргоочу, учурда Парижде жашаган Мутабар Тажибаеванын айтымында, чыныгы оппозициянын бир да өкүлүнө шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Өзбекстандагы оппозиция “жок кылынган, түрмөгө салынган, сүргүнгө айдалган же өлтүрүлгөн” – дейт өзү бир кездери саясий туткун болгон Тажибаева.

Кызыктуу факт 2000-жылкы президенттик шайлоо учурунда болгон. Ал жылы президенттиккке талапкер Каримовго жападан жалгыз атаандаш болуп чыккан Абдулхафиз Жалалов бюллетенин салгандан кийин, Каримовго добуш бергенин ошол жерде чогулган журналисттерге жарыялаган.

Өзбекстандын шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке талапкерлерди өлкөдө расмий каттоодон өткөн төрт партия гана көргөзө алат. Ал эми каттоодон өткөн саясий партиялардын бардыгы президенттин саясатын колдогондор.

Президент Каримов Ноорузда, Ташкент, 2015-жыл
Президент Каримов Ноорузда, Ташкент, 2015-жыл

Бул жолу Каримовдун талапкерлигин парламентте басымдүү көпчүлүктү түзгөн Либерал-демократиялык партия сунуштаган.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшүнө 43 өлкөдөн келген 300дөй байкоочу көз салганын билдирди.

КМШнын шайлоого байкоо жүргүзгөн мониторинг тобунун жетекчиси Сергей Лебедев добуш берүү “деомкратиялык прициптерге” жооп бергенин айтты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму өз баасын эртең берет деп күтүлүүдө. Бирок ЕККУ Өзбекстанда буга чейин өткөрүлгөн парламенттик же президенттик шайлоо болобу, эч качан демократиялык, эркин жана калыс өттү деп сыпаттаган эмес.

Ислам Каримов 1989-жылы ошол кездеги Советтик Өзбекстандын жетекчиси болуп дайындалган.

Өлкө көз карандысыздык алган 1991-жылдан бери үч ирет президенттик шайлоону жеңип, 1995 жана 2002-жылдары өз бийлигин референдум аркылуу узартып алган.

Конституция боюнча бир киши эки гана мөөнөт эң жогорку кызматты ээлей алат. Бирок Каримов 2007-жылы президенттикке ат салышканда, Баш мыйзамдагы бул чектөө тууралуу таптакыр айтылган эмес.

Өзбекстандагы президенттик шайлоо

Байкоочулар Өзбекстандагы стабилдүүлүктү президенттин авторитардык ыкмалары, коопсуздук күчтөрүнүн катуу көзөмөлү камсыздап келатканын белгилешет.

Анын үстүнө президенттин саясий атаандаштары көп жыл мурун эле өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ошол эле маалда акыркы кездери Каримовдун саламаттыгы тууралуу көбүрөөк айтылып келатат.

Үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчы бир нече апта бою коомчулукка чыкпай калды. Анда атүгүл анын комада жатканы тууралуу кеп тараган. Андан соң эле Нооруз майрамында Каримовдун эл алдында бийлеп жаткан сүрөттөрү маалымат каражаттарында пайда болду.

Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, президент кызматын аркалай албай калса, анын милдеттери Сенаттын спикерине жүктөлөт.

Акыркы жылдары исламчыл радикал топтор Өзбекстандын коопсуздугуна чоң коркунуч туудурган күчкө айланды. Пакистандын армиясы аскердик операция баштагандан бери, ал өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарында баш пааналаган өзбекстандык согушкерлер Ооганстандын түндүгүнө, Өзбекстан менен чек аралаш жерлерге агылышканы айтылууда.

Андан тышкары, расмий маалыматтарга караганда, өзбекстандык 300дөй жаран Сириядагы согушка катышууда.

Аналитиктер алардын көбү Өзбекстандан эмес, Орусиядагы эмгек мигранттарынын катарынан жалданып кеткендер деп белгилешет.

Миграция демекчи, ушу тапта Орусиянын шаарларында болжол менен төрт миллиондой өзбекстандык жаран иштейт.

2013-жылы алар жалпы жонунан 6,6 миллион доллар мекенине которушса, былтыр бул сан кыйла азайган. Эми болсо Орусиядагы экономикалык кризиске байланыштуу өзбек мигранттардын салган акчасы кескин кыскарат деп күтүлүүдө.

Ушуга байланыштуу эмгек мигранттарынын көбү Өзбекстанга кайтып, жумушсуздардын катары калыңдоодо. Эксперттер бул өз кезегинде, социалдык чыңалууну күчөтүшү мүмкүн деп боолголошот.

XS
SM
MD
LG