Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Өзбекстан: пахта тербесең - пул бересиң


Өзбек студенттери пахта теримде.
Өзбек студенттери пахта теримде.

Өзбекстанда пахта теримине барбаган окуучулар менен студенттерден акча чогултулууда.

Бул каражат мугалимдердин ордуна бара турган кишилерге төлөнөрү айтылган. Жай тургундар буга нааразылыгын билдиришкени менен ачык айтып чыга алышкан эмес.

Өзүн Дилбар деп тааныштырган Чирчик шаарынын тургунунун билдиргени боюнча, шаардык академиялык лицейдин директору пахта теримге баргысы келбеген студенттерден акча чогултууда. Ал бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди. Айтымында, пахта теримге барууну каалабаган 1-2-курста окугандар 100 миң, (40 доллар) 3-курстагылар 400 миң сумдан (160 долар) төлөшү керек. Лицей директору бул каражат пахта тергенге жалданып алынчу башка кишилерге берилерин билдирген.

24 жаштагы Дилбар Ташкент облусундагы Чирчик шаарында жашайт. Ал өзүнүн сиңдиси жогоруда сөз болгон академияда окуй турганын кабарлаган.

- Лицейдин директору пахта теримге байланыштуу бардык ата-энелерди чогулткан болчу. Ал жакта лицейдин 1-2-курсунда окугандар пахта теримге барбай турганын, 3-курста окугандар барышы керектигин билдирди. Бирок пахта теримге баргысы келбегендер 400 миң сум бериши керектигин айтты. Эгер мугалимдер пахта жыйнаганга кетип калса анда сабак өткөнгө эч ким калбай калаарын, ошондуктан төмөнкү курстар 100 миң сум (40 доллар) бериш керектигин айтты. Алардан чогулган каражат ошол мугалимдердин ордуна бара турган кишилерге төлөнөт экен.

Дилбардын белгилешинче, ата-энелер директордун айтканына каршы пикир айтышкан жок. Алар жакын арада акчаны чогултуп бериши керек.

- Мен башка облустардагы тааныштарым менен сүйлөштүм. Ал жакта деле коллеждин 1-2-курсунда окугандар пахта тергенге барышпаптыр. Ал эми башка коллеждерде 50 миң сум чогултушуптур. Ар бир окуучудан ушунчадан акча чогултса канча болот? 1-2-курста канча топ бар? Чын эле ушунча акча керекпи? Эмнеге муну окуучу-студенттер көтөрүшү керек? Эгер мугалимдердин 15 пайызы пахта теримге кетсе, калгандары сабак өтүш керек. Менимче, мугалимдер ар бир 15 күндө алмашып турат.

Өзбекстандын башка облустарынын тургундары дагы окуучулардан акча чогултулуп жатканын кабарлашты деп жазат “Озодлик”. Пахта теримге байланыштуу чогулуштар көбүнчө Анжияндын Избаскан районунда болууда. Аталган райондун тургуну 2-мектепте ар бир окуучу күн сайын беш миң сумдан алып келип турушу керектигин, башка мектептерде миң сумдан алып келип жатышканын айткан. Мындан сырткары ар бир класс пахта теримге жок дегенде бир киши жөнөтүшү керектиги белгиленген.

5-сентябрда Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев Кашка-Дарыя облусунда жыйын өткөрүп, мектеп, лицей, коллежде окугандарды, жалпы эле өспүрүмдөрдү пахта теримге аралаштырбоону катуу тапшырган. Ошол эле учурда өкмөт башчы жогорку окуу жайлардын студенттерин, бардык мамлекеттик жана коомдук мекемелердин кызматкерлерин пахта терүүгө чакырган.

Жыл сайын эл аралык коомчулук Өзбекстанда пахта терими учурунда мектеп окуучуларын мажбурлап ишке салууну катуу сынга алып, а тургай белгилүү чоң компаниялар өзбек пахтасын сатып алууга бойкот жарыялап келет.

Бирок расмий Ташкен көптөгөн далилдерге карабай Өзбекстандагы балдарды пахтага салууну моюнга албай келет. “Пахта кампаниясы” уюму билдиргендей, “жыл сайын миллиондон ашык балдар, мугалимдер, кызматкерлер жана менчик ишканалардын жумушчулары үрөй учурарлык шарттарда пахта терүүгө мажбурлап тартылат. Каршылык көрсөткөндөр окуусунан же жумушунан айдалары айтылат.

Өткөн жылдары Өзбекстанда пахта талааларында 10дон ашуун адам түрдүү жагдайларда каза тапкан. Быйыл дагы айрым университеттердин студенттери өз каалоосу менен пахта теримге кетип жатканы тууралуу тил кат жазып беришкен.

XS
SM
MD
LG