Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Гүлнара Каримова Ташкенден чыгып кеттиби?


Гүлнара Каримова 42 жашка толду
Гүлнара Каримова 42 жашка толду

8-июлда Өзбекстандын президентинин туңгуч кызы Гүлнара Каримова 42 жашка толду. “Узметроном” сайтты өз булактарына таянып, Каримова туулган күнүн Балтика өлкөлөрүнүн биринде, жакын адамдардын курчоосунда өткөргөнүн жазып чыкты. Башкалар ал дагы эле Өзбекстанда, үй камагында экенин айтышууда.

Буга чейин Ташкенде үй камакта делген Гүлнара Каримованын Өзбекстандан чыгып кеткенин жазган бийликке жакын деп саналган “Узметроном” сайтынын жетекчиси Сергей Ежковдун айтымында, бул маалымат өтө жакын ишенимдүү булактан алынган.

“Ушул күнгө чейин бул булак берген маалыматтын баары туура чыккан” деген Ежков “Гүлнара Латвияда болушу мүмкүн” - деп боолголойт. Каримова Өзбекстандан мурда эле чыгып кеткенин, керек болсо ал эч качан үй камакта отурбаганын дагы белгилейт.

“Азаттыктын” өзбек кызматына Өзбекстандагы батыш дипломаттарынын бири Гүлнара Каримованы түнкү клубдардын биринен көргөнүн айткан.

Ал арада The Russian Times маалымат агенттигине Аскар Кассимов аттуу блогер анын колуна Гүлнаранын күндөлүгү тийгенин жазып, күндөлүктөн үзүндү жарыялады. 3-июль деп белгиленген датада президенттин кызы беш күндөн кийин туулган күнү экенине карабай дагы эле үй камакта отурганын жазган. Гүлнараныкы делген күндөлүктө “эки жылдан берки окуялар энем Татьяна Акбарованын көзөмөлү менен ишке ашып атат. Атам тамашалаганды жакшы көрөт, бирок азыр аны шакаба чегип атышат” деп жазганы бар.

31-март күнү Узньюс.нет агенттиги Каримованын үй камакта экенин көрсөткөн эки сүрөттү жайгаштырган. Сүрөттөрдө бети-башы боёлбогон президенттин кызы үй кийимчен, азап чеккен абалда терезесинде пардасы жок бөлмөдө отурат.

Гүлнаранын Лондондогу Оксфорд университетинде окуган, аты таятасыныкына уйкаш 21 жаштагы уулу Ислам Каримов Орусиянын “РенТВ” каналынын “Апта” программасына берген маегинде апасы Гүлнара “үй камакта экенин”, аны менен алты айдан бери көрүшө электигин айткан.

“Менимче, таятам менен апамды бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат. Аларды бири-бирине атайын кайраштырууда. Ушул телеберүүнү көрүп, таятам өзү тыянак чыгарып, абалды оңдоп кетеби деп үмүттөнүп жатам. Эки жыл мурда бизди ууландырып да көрүшкөн. Апам дагы деле дарыланууда, мен болсо жаш болгондуктан тез эле сакайып кеттим. Акыркы маалыматтар боюнча, апам дарылануусун дары-дармектин жокутугунан уланта албай жатыптыр. Таятам деле муну билген”, - деп президент Каримовдун жээни агынан жарылган.

Бир жыл мурда эле Гүлнара Каримова ырчы, зер буюмдарын жасаган дизайнер, кайрымдуулук иштерин дүркүрөтө уюштурган коомдук ишмер катары таанымал эле. Өткөн күздөн тарта бийлик тараптан кысымга кабылып, маалымат империясы, ондогон кымбат дүкөн жана башка жайлары жабылып, өзү гана эмес, досторунун бизнеси кыйроого учурады. Президенттин кызына жакындардын көптөрүнө салыктан качкан, мыйзамсыз финансы иштерин жасаган деген олуттуу айыптар тагылган.

Ошондой эле Гүлнара Каримова Батышта дагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деп шектелип, Швейцарияда, Голландияда, Швецияда атайын иликтөө иштери жүрүүдө.

Ушул жылдын март айында Швециянын Коррупцияга каршы улуттук мекемеси Гүлнара Каримова TeliaSonera компаниясын Өзбекстанга киргизүү үчүн акча алган деп шектелип жатканын билдирген.

Батышта бир катар кылмыш иштер иликтенип жаткан маалда Гүлнара Каримова Балтика өлкөлөрүнө барса, ал тергөөгө тартылышы мүмкүндүгүн айрым байкоочулар айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG