Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:21

Уулуна коюлган айып мугалимди ажалга түрттү


Жабыр тарткан аял
Жабыр тарткан аял

Өзбекстанда “уулуң экстремист” дегенге намыстанган 53 жаштагы мугалим Шаходат Бахадырова өз өмүрүн кыйып салды.

Анын уулу экстремизмге айыпталып, камакка алынгандан кийин мугалим асынып алган. Кесиптештери менен кошуналарынын айтуусунда, уулу кармалгандан кийинки ага карата жасалган басым жана мазактаган мамиле мугалимди ошондой абалга жеткирген. Соңку мезгилде Өзбекстанда диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөш жүргүзүүнүн алкагында “Ислам мамлекети” тобуна катышы бар деген шек менен ондогон адамдарды кармалып, камакка алынган болчу.

Кашка-Дарыя облусундагы Шахрисабз шаарындагы №100 академиялык лицейдин өзбек тили жана адабияты мугалими 53 жаштагы Шаходат Бахадырованын жасаты 14-январда үйүнөн табылган. Эки уул, бир кыздын энеси эмне себептен өз өмүрүнө кол салганы белгисиз.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Шахрисабз райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү менен байланышкан учурда ал бул ишти райондук прокуратуранын тергөө бөлүмү иликтеп жатканын айткан. Маркумдун кесиптештеринин жана кошуналарынын айтымында, Шаходат Бахадырова уулу экстремизмге шектелип, түрмөгө камалгандан кийин ага атайын кызматтын чекисттери жана мектеп жетекчилиги жактан басым болгон.

Ысымын атагысы келбеген маркумдун кесиптешинин айтышынча, Шаходат Бахадыровага карата мазактаган мамиле аны өз өмүрүнө кол салуусуна түрткү болгон:

- Шаходаттын уулу түрмөгө отургандан кийин ал иштеген лицейдин директору аны өзүнө чакырып алып “сенин уулуң экстремист” деп мазактаган болчу. Ошондон кийин директор мугалим аялды жумуштан айдап салган. Ушул себеп менен Бахадырованын кызы дагы окуудан чыгарылган. Мугалим аялды дайыма органга чакырып, сурак жүргүзүп, басым көргөзүп келишкен. Аягында мына ошонун бардыгына чыдабай ал асылып алды. Бул тууралуу ал өлүм алдында жазып калтырган катында дагы толук билдирген.

“Азаттыктын” өзбек кызматына белгилүү болгондой, Шаходат Бахадырованын уулу Шахзод Махмудханов экстремисттик уюмга мүчө болгон жана тыюу салынган баракчаларды таркаткан деген шек менен кармалып, камалган. Бирок бул кылмыш иши боюнча тергөө толук жүргүзүлгөн эмес, ага айыбын угузулуп, соттук териштирүү баштала элек болчу. Маркумдун кесиптештери дагы анын уулунун айыбы далилдене электе эле мугалимди мектепте жана мааледе эл алдында уят кылып, мазактаган көрүнүштөр болгонун ырасташкан.

Ташкентте жайгашкан көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икрамовдун айтымында, Өзбекстанда экстремизмге шектелип, кармалгандардын жакындарын уят кылып, аларга басым көргөзгөн көрүнүш кеңири жайылтылган мамлекеттик саясатка айланып калган. Анын маалыматы боюнча, Өзбекстанда диний экстремизмге шектелип, кармалган 13 миңден ашуун адам учурда түрмөдө отурат.

XS
SM
MD
LG