Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Вьетнам: Жемкорлукка каршы өнөктүк президент Тхыоңду кызматтан шыпырды


Президент Во Ван Тхыоң. Рим ш. 26.7.2023
Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыоң Рим шаарында. 26-июль, 2023-жыл

Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыоң бул кызматты бир жылдан бир нече күн ашыгыраак убакыт ээлеп келген соң, жемкорлорго тийешеси бар деген доо боюнча капысынан бийлигинен кетти. Бир гана партия үстөмдүк кылып келе жаткан бул коммунисттик жумуриятта жемкорлукка байланыштуу чуулгандуу териштирүүлөр саясий олимптегилерди да өз жайына койгон жок. Бул тууралуу тарыхчынын блогун окуңуздар.

2024-жылы 20-мартта Вьетнамдын саясий асманында чагылган оту чарт этип жанды.

Дал ушул күнү Түштүк-Чыгыш Азиядагы коммунисттик өлкөнүн тарыхындагы эң жаш президент болгон Во Ван Тхыоң (вьетнамча Võ Văn Thưởng; 1970-жылы 13-декабрда туулган) жемкорлукка каршы өнөктүктүн кылтагына илинип, кызматынан айрылган аткаминерлердин сабын толуктады.

Ким Ё Чон айым Ханойдогу Президенттик аксарайда. 01.3.2019.
Түндүк Кореянын диктатору Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чон Ханойдогу Президенттик аксарайда салтанаттуу тосуп алынды. 1-март, 2019-жыл.

Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кеңсеси Во Ван Тхыоңдун Вьетнам Социалисттик Республикасынын Президенти кызматынан кетүү тууралуу арызы канааттандырылгандыгын ушул эле күнү шардана кылды.

Партия жетекчилигинин атайын билдирүүсүндө: “Во Ван Тхыоңдун мыйзам бузуулары Коммунисттик партиянын аброюна олуттуу шек келтирип койду”, - деп баса белгиленди.

54 жаштагы Тхыоң 2023-жылы 2-мартта өлкө президенти болуп калган.

Нгуен Суан Фук 2 жылга жетпей кызматтан кетти

Ага чейинки мамлекет башчы Нгуен Суан Фук (вьетнамча Nguyễn Xuân Phúc; 1954-жылы 20-июлда туулган) 2021-жылдын 5-апрелинен – 2023-жылдын 17-январына чейин өлкө президенти кызматын аркалаган. Ал 1983-жылдан тартып Вьетнам Компартиясынын мүчөсү болчу. Ал эне тилинен тышкары орус, англис тилдерин билген жана Сингапурда ишкердик башкаруу жаатында магистр даражасын алган саясатчы эле.

Ван Дон аба майданы, Куаңниң, Вьетнам. 10.2.2020.
Жергиликтүү бийликтер Кытайдын коронавирус алгач жайылган Ухан шаарынан көчүрүп келинген вьетнамдык жарандардын ден соолугун текшеришүүдө. Ван Дон аба майданы, Куаңниң дубаны, Вьетнам. 10-февраль, 2020-жыл.

Арийне, Нгуен Суан Фук пандемия учурунда өлкөдө орун алган жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан (тактап айтканда, өз өкмөтүндөгү 539 аткаминердин жемкорлукка байланыштуу доого кабылгандыгынан) улам "саясий жоопкерчиликти" өзүнө алууга жана кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ошону менен бирге Нгуен Суан Фук үй-бүлө мүчөлөрүнүн (анын ичинен жубайынын) жемкорлукка эч кандай тийешеси болгон эместиги тууралуу да баса белгилеген.

Албетте, ал Вьетнам Компартиясынын Борбордук комитетиндеги жана анын Саясий бюросундагы мүчөлүктөн кетүүгө да мажбур болгон.

Мурдагы Советтер Биримдигинин саясий тажрыйбасын билген улуу муундагылар жападан жалгыз үстөмдүк кылган партиянын жетекчи органдарынан куулган кишилер үчүн “саясий өлүм кезеңи” башталарын дурус билишет.

Кызматтан кетирилгендердин арасында жазыксыз жерден куугунтукка туш болгон жана сот адилетсиздигине кабылган далай инсандар да болгон.

Ал эми азыркы Кытайда жемкорлукка жана паракорлукка айыпталган мурдагы аткаминерлердин бир даары өлүм жазасына тартылган учурлар катталды.

Во Ван Тхыоң эң жаш президент болчу

Эми Суан Фуктун ордуна келген Тхыоң мырза да Вьетнам үчүн “кызматтан түшүрүлгөн президент” болуп калды.

Во Ван Тхыоң мырза 1992-жылы Хо Ши Мин атындагы университеттин философия факультетин аяктап, марксизм-ленинизм багытында философия бакалавры даражасына ээ болгон. Кийинчерээк ушул эле нукта магистр болгон.

1993-жылы ал Вьетнам Компартиясына мүчө болуп калган.

Кийинчерээк ал саясий теория адистиги боюнча илимий даражага ээ болгон. 2008-жыла ал Вьетнам жаштарынын федерациясынын президенти болуп шайланган.

2016-жылы, 45 жашында, ал Вьетнам Компартиясынын Саясий бюросуна мүчө болуп шайланган эң жаш саясатчы болуп калган.

2023-жылы 2-мартта Вьетнамдын президенти болуп шайланган Во Ван Тхыоң мырза бул кызматта турган учурунда капиталисттик Италияга расмий сапар жасаганы жана Вьетнамга мамлекеттик сапар менен келген капиталисттик АКШнын президенти Жо Байден менен да 11-сентябрда жолугушканы маалым.

Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыоң менен АКШнын президенти Жо Байден. Ханой. 11.09.2023.
Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыоң (оңдо) мамлекеттик сапар менен келген АКШнын президенти Жо Байденди Ханойдогу Президенттик аксарайда тосту. Вьетнам. 11-сентябрь, 2023-жыл.

Эми, 2024-жылы 20-мартта, Вьетнам Компартиясынын Борбордук комитети бул кыйла жаш саясатчыны да “өз арызына” ылайык ээрден түшүрдү.

Бул саясий партиянын жетекчи органынын билдирүүсүнө караганда, Во Ван Тхыоң мырза партиянын жобосун одоно бузууга жол берди жана анын жосунсуз жоруктары Компартия менен мамлекеттин коомчулуктагы беделине шек келтирип, бетке чиркөө болуп калды.

Ошентип, Вьетнам Компартиясынын 2021–2026-жылдар үчүн беш жылдык мөөнөткө шайланган Борбордук комитети өзүнүн алтынчы (кезексиз) отурумунда өкмөт менен партиянын жетекчилигиндеги дагы бир жогорку кадрдык тазалоо иш-чарасын жүзөгө ашырды.

Албетте, Вьетнам Компартиясынын БКсынын мындай кескин баасынан соң башка да кошумча жыйынтыктар чыгарылды: Тхыоң мырза Вьетнам Компартиясынын Саясий бюросундагы жана Борбордук комитеттеги мүчөлүктөн кол жууп эле тим калбастан, андан тышкары Вьетнамдын Улуттук коргоо жана коопсуздук Кеңешинин төрагасы кызматынан да кетирилди.

Вьетнамдын эң жогорку төбөлү президент эмес

Дароо тактай кетсек, бир катар мамлекеттерде президент – өлкөнүн негизги мамлекет башчысы.

Ал эми өзүн парламенттик жумурият эсептеген коммунисттик Вьетнамда болсо президенттик кызматтын ээси бийлик тепкичиндеги негизги төбөлдөн – Вьетнам Компартиясынын Башкы катчысынан төмөнүрөөк турат (кошумча бийлик ыйгарымдарына жараша, президент кээде экинчи, кээде үчүнчү орунда деп саналат).

Бул партиянын жана жалпы мамлекеттин учурдагы саясий лидери – Нгуен Фу Чоң (Nguyen Phu Trong). Ал 1944-жылы туулган.

Ал 2011-жылдан бери Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы кызматын ырааттуу аркалап келет.

Нгуен Фу Чоң менен Жо Байден. Ханой. 10.9.2023.
Вьетнам Компартиясынын Башкы катчысы Нгуен Фу Чоң (1944-ж. туулган; алдыда оңдо) жана АКШнын президенти Жо Байден (1942-ж. туулган; алдыда солдо) Ханойдогу Президенттик аксарайдагы сый конокту тосуу аземинде. 10-сентябрь, 2023-жыл.

Албетте, Нгуен Фу Чоңдон эки жаш улуу Жо Байден (Joe Biden; 1942-жылы туулган) АКШда деле мамлекет башчы болуп жатпайбы деген суроо айтылышы ажеп эмес. Анын үстүнө Жо Байден кийинки мөөнөткө шайланууга да белсенгенин көрүп турабыз.

Бирок булардын айырмасы – ар кандай америкалык жаран АКШ президенти болуп эки жолу гана шайлана алат жана андагы шайлоо көп партиялуу жана ачык атаандаштык шартында жүргүзүлөт.

Ал эми Вьетнамда Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы Нгуен Фу Чоң мырза 13 жылдан бери эң жогорку бийлик тизгинин уучтап келет жана мындан кийин деле улам кайрадан шайлана бериши ажеп эмес. Бир партиялуу авторитардык системада, иш жүзүндө, партия лидерин аныктоо маселесин жалпы калайык эмес, партократтардын тар чөйрөсү эле жалпы партиялаштардын жана коомчулуктун атынан чечип коёт.

Нячаң шаары. Вьетнам. 03.11.2022.
Нячаң (Nha Trang) курорт шаарынын көчөсү. Вьетнам. 03-ноябрь, 2022-жыл.

Ички күрөштүн алоо оттуу очогу

Имишке караганда, 79 жаштагы карыя саясатчы Нгуен Фу Чоң өзү ушул аптада президенттик кызматтан четтетилген Во Ван Тхыоңду жөлөп-таяп келген.

Демек, Тхыоңдун кызматтан кетирилиши Фу Чоңдун учурундагы жемкорлукка каршы чечкиндүү күрөштүн орчундуу жыйынтыгын гана көрсөтпөстөн, Башкы катчынын өзүнө да көлөкө түшүрүшү ыктымал.

Вьетнамдык басма сөздө Тхыоң кандай жосунсуз жорукка баргандыгы тууралуу үстүрт гана маалымдалып, анын чоо-жайы дээрлик ачык айтылган жок.

Бирок жакында эле Вьетнамдын чордондук бөлүгүндөгү Куаңнай (Quang Ngai) дубанынын башчысы жемкорлукка байланыштуу камакка алынган. Бул мурдагы төбөл бир нече жыл мурдагы кыймылсыз мүлктү абдан зор көлөмдөгү акчага мыйзамсыз сатуу чатагына байланыштуу айыптуу деп шектелип жатат.

Кылмыштуу окуя болгон маалда Во Ван Тхыоң дал ушул дубанда партиялык уюмду жетектеп турган экен.

Айрым серепчилер Вьетнамдагы барган сайын күчөп улантылып жаткан жемкорлукка каршы өнөктүктү “оту улам алоолонуп жалындаган очокко” салыштырышууда.

Бул алоолонгон от “адилеттик үчүн күрөшүп жатат” делген партиялык жогорку жетекчинин бийлигин анан ары чыңдоого огожо болушу да ыктымал. Ошол эле учурда, дал ушул ички саясий күрөш партиялык жетекчиликтин ичиндеги өз ара атаандаш топтор өз каршылаштарынын “канатын кайыруу” үчүн ортодогу чокту бири-бирине каршы шилөөгө да далалаттанып жатышат ко деген пикирлер жок эмес.

Маселен, Сингапурда турган серепчи Нгуен Хак Гиаң (Nguyen Khac Giang) “Ассошиейтед Пресс” кабар агенттигине берген маегинде жемкорлукка каршы өнөктүк вьетнамдык Компартиядагы ар кыл ички топтор тарабынан өз каршылаштарына каршы куралга айланды деген ою менен бөлүштү.

Бир жагынан алганда, жемкорлукка каршы өнөктүк акыйкат жүрчү болсо, анда мындай жүрүмдөн экономика үчүн пайдалуу натыйжалар алынаары бышык. Бирок, экинчи жагынан, бул өнөктүк тек гана ички саясий күрөштүн куралы бойдон кала берсе, анда ал Вьетнамдын жалпы экономикалык өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, чет өлкөлүк инвесторлорду жалкытып, натыйжада ишкердик чөйрө олуттуу зыянга кириптер болушу ажеп эмес дешет серепчилер.

Нойбай эл аралык аба майданы, Ханой. 12-декабрь, 2023-жыл.
Нойбай эл аралык аба майданында чогулган калайык расмий сапар менен учуп келе жаткан Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди күтүп, Кытай менен Вьетнамдын желектерин булгалашууда. Ханой, Вьетнам. 12-декабрь, 2023-жыл.

Эл аралык өнөктөштүк

Айтмакчы, Советтер Биримдигиндеги “Кайра куруулар” доору Вьетнамга 1988-жылдын декабрынан тартып советтик монополисттик инвестициядан баш тартып, улам жаңы чет элдик инвесторлорду өзүнө тарта баштоого мүмкүндүк ачкан.

Учурда коммунисттик Вьетнам коммунист коңшусу Кытай Эл Республикасы менен дагы дурус чарбалык жана саясий мамилелерди улантууга тырышып келет.

2023-жылы Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен Ханойго келип кетти.

Ошол эле учурда расмий Ханой мухиттин ары жагындагы расмий Вашингтон менен да экономикалык кызматташтыкты өөрчүтүп, КЭРде өндүрүш очокторун түзгөн айрым америкалык компанияларды жагымдуу өндүрүштүк шарттарды жаңыдан түзүү аркылуу Кытайдан өзүнө азгырып алууга далалат кылууда.

Кыргызстандыктар вьетнамдык тигүүчүлөр менен. 04-май, 2023-жыл.
Кыргызстандын тигүү ишканаларынын жана “Жеңил өнөр жай” жамаатынын өкүлдөрү Вьетнамга барганда. 04-май, 2023-жыл.

XXI кылымдын соңку жылдарында кыргызстандык жеңил өнөр жай жана туризм чөйрөлөрү Вьетнамдагы кесиптештери менен жакыныраак ымала түзүүгө дилгирленип жатышкандыгы маалым.

Өткөн кылымдын 60–80-жылдары кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир катар чыгармалары вьетнам тилине которулган. Айрым вьетнамдык жазуучулардын француз оторчуларына каршы согуш ж.б. тууралуу чыгармалары да кыргыз тилине которулганы маалым.

Көп нуктуу, көп тарамдуу дипломатия жана экономикалык кызматташтык эгемен Кыргызстан үчүн дагы, коммунисттик Вьетнам үчүн дагы алгылыктуу экендигинде шек жок.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) 133-мүчө болуп 1998-жылы кирген. Ал эми Вьетнам бул эл аралык уюмга 2007-жылы кирип, анын 150-мүчөсү болуп калды.

(Салыштырсак, ДСУга Түштүк Корея 1995-жылы, Монголия 1997-жылы, Грузия 2000-жылы, Кытай 2001-жылы, Украина 2008-жылы, Орусия 2012-жылы, Тажикстан 2013-жылы, Казакстан 2015-жылы мүчө болуп калышкан. Азербайжан, Беларус, Өзбекстан жана Түркмөнстан азырынча бул уюмга мүчө болуша элек жана ушул тапта байкоочу макамына ээ).

Соңку бүдөмүк кырдаал

Ал эми президенттик кызматтан жаңы эле кетирилген Во Ван Тхыоңдун мындан аркы тагдыры жана сот жообуна тартылар-тартылбастыгы жөнүндө азырынча бир беткей жоромол айтуу кыйын.

Вьетнамда башка дагы алда кандай окуялар болуп кетиши ыктымал деген тынчсыздануулардын таасири тийдиби, же жокпу, белгисиз; айтор, Нидерлан падышасынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Вьетнамга жасала турган расмий сапары “ички жагдайлардан улам” кийинки мөөнөткө кечеңдетилгендиги расмий Амстердам тарабынан кабарланды.

Дүйнөлүк банктын президенти да Ханойго ушул аптага болжолдонгон иш сапарын кийинкиге калтыргандыгы дайын болду.

Кыскача корутундуласак, Вьетнамдагы жемкорлукка каршы саясий өнөктүктү жергиликтүү коомчулук эле эмес, өлкөнүн чет элдик өнөктөштөрү да кылдат байкоого алышмакчы.

Алардын арасында ылайланган сууда балыкты оңой кармагысы келгендер да, айкындуулуктун негизинде гана бул өлкөгө капиталдык салымдар киргизүүгө ниет кылгандар да бар.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG