Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

“Чакадагы муз" чакырыгы 88 млн. доллар чогултту


"Чакадагы муз" акциясы Казакстанда. Сүрөттө режиссер Эрмек Турсынов.
"Чакадагы муз" акциясы Казакстанда. Сүрөттө режиссер Эрмек Турсынов.

Июль айында АКШда башталган “Чакадагы муз чакырыгы” деп аталган иш-чара дүйнөгө кенен жайылып, интернеттеги социалдык тармактарда көп талкууланган темалардын бири болуп жатат.

Бул иш-чара адамдын борбордук нерв системасынын - латералдык амиотрофикалык склероз деп аталган оор илдети жөнүндө кеңири маалымат жайылтуу жана каражат топтоо максатында ALS Ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Анын эрежеси боюнча, адамдар өзүнүн башынан ылдый бир чака муз салынган сууну куюп, өзү каалаган үч адамды эрегишке чакырган видеосун социалдык тармактарга жүктөп, анан ассоциацияга кайрымдуулук иретинде акча жибериши керек. Эрегишке чакырылган берки үч адам да так ошону аткаруусу зарыл.

Акча топтоонун мындай көңүлдүү ыкмасы өтө ийгиликтүү болууда, интернетте чагылгандай тездик менен тарап, бул иш-чарага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн белгилүү бизнесмендери, чоң ишканалардын жетекчилери, кино жана музыка жылдыздарынан өйдө катышып, 15-июлдан 26-августка чейин 88 жарым миллион доллар топтолду. Бул кайрымдуулук максатында акча топтоодогу эң чоң суммалардын бири деп бааланууда.

Албетте, муну катуу сынга алгандар да жок эмес. Мисалы, China Daily “Кытайда таза суу өтө баалуу болуп жатканда, башынан ылдый суу куюнган туура эмес. Бул экономикага жана жаратылышка зыян алып келерин” жазды. Ал эми Индияда, “чакадагы муз” дегенди, “чакадагы күрүч” деп өзгөртүшүп, интернет колдонуучулар муктаж болгон үй-бүлөлөргө бир чака күрүч алып барып беришип, башкаларды да ошого чакырышууда.

Бул иш-чарадан Кыргызстан да четте калган жок. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары, шоу жылдыздар бири-бирин ушул “чакадагы муз эрегишине” чакырып, видеолорду интернетке коюшуп, кээ бири АКШдагы ассоциацияга кайрымдуулук салым кошконун жазышса, кээ бири Кыргызстандагы эле муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук кылганын айтып жатышат.

Кытай менен Европада бизнестин өнүгүшү басаңдады

Өткөн жуманын аягында жарыяланган маалыматтар боюнча, август айында Кытай менен Европанын бизнес өнүгүүсү басаңдай баштады. Баалардын төмөндөшүнө карабай, Еврозонадагы бизнес иш-аракеттери бул айда күтүлгөндөгүдөн жайыраак. Орусиянын санкцияларынын толук кандуу күчүнө киришине чейинки эле көрүнүш ушундай болуп жатат деп жазат Reuters.

Ал эми Кытайда болсо өндүрүш тармагы үч айлык эң төмөнкү деңгээлди көргөздү. Жапонияда фабрика секторунун күч ала баштаганына карабай, экономикасынын калыбына келиши өтө жайбаракат жүрүүдө. “Бул көрүнүштүн баарын чогуу алып карап көрсөк, дүйнөлүк экономиканын жүрөгү катуу сокпой жаткандай”,- дейт "Коммерцбанктан" өкүлү Петр Диксон.

Европа жана Батыштагы башка өлкөлөр Украинадагы окуялардан улам Орусияга санкцияларды киргизип, кайра Владимир Путинден жооп иретинде катаал экономикалык чараларга кабылган болчу.

Европадагы компаниялар кыйынчылыктарга кабылганы кадимкидей байкала баштады. Мисалы, дүйнөдө экинчи орунда турган, спорт кийимдерин жана жабдыктарын чыгарган Германиянын атактуу "Адидас" компаниясы рублдин төмөндөөсүнөн жана орусиялык кардарлардын мамилесинин өзгөрүшүнөн улам башталган кесепеттерди эске алып, пландалган киреше көлөмүн кыйла азайтты. Ал эми сыра чыгарган Heineken компаниясынын соодасы Орусияда соңку бир ай ичинде эле бир нече пайызга төмөндөдү.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG