Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Аялдардын коомдогу баа-баркы кандай?


Дүйнөлүк Экономикалык форум аялдар менен эркектер ортосундагы теңдик тууралуу жылдык отчетун жарыялады. Кыргызстан бул тизмеде 51-орунду ээледи.

2006-жылдан бери жарыяланып келаткан Гендердик теңдик индекси 4 көрсөткүчтөн түзүлөт: Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү, саясатка таасир этүү, маанилүү саясий чечимдерди кабыл алган кызматтарды ээлөө мүмкүнчүлүгү, ден соолугу жана өмүрүнүн узундугу.

Дүйнөлүк Экономикалык форумдун директору Клаус Швабдын айтымында, гендердик теңдик - бул моралдык гана маселе эмес, анын экономикалык өнүгүү үчүн мааниси өтө чоң. Өлкөнүн өнүгүп өсүшү үчүн аял затынын интеллектуалдык жөндөмүн, адискөйлүгүн кеңири пайдаланыш керек.

Исландия быйыл да аялдар менен эркектер ортосундагы теңдик боюнча биринчи орунду ээледи. Андан кийин Норвегия, Финляндия жана Швеция турат.

Кыргызстан болсо 134 өлкөнүн арасынан аялдардын статусу боюнча 51-орунга жайгаштырылган.

Социология илимдеринин кандидаты Топчүгүл Шайдуллаева Конституцияга ылайык, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү аялдар менен эркектердики бирдей, мектептерде, жогорку окуу жайларында да кыздар балдардан калбай жакшы окушат дейт.

“Бирок андан ары карьералык өсүшүн камсыз кылууда, квалификациясын жогорулатууда айырма бар. Аялдар үй-бүлөлүк турмушуна байланыштуу билимин андан ары өркүндөтүшпөйт. Көп кыз-келиндер балалуу болгондон кийин үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүүнү ойлоп калышат. Көпчүлүгү ошол түйшүктөн арыла албай, мүмкүнчүлүгү чектелип калат”, - дейт социолог.

Сентябрдын этегинде Нью-Йоркто БУУнун глобалдуу өнүгүүгө арналган саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан президенти Роза Отунбаева аялдар менен эркектер ортосундагы теңдик чөйрөсүндө олуттуу прогресс байкалып жатканын айтып, мисал катары жогорку кызматтарда аял затынын адискөй өкүлдөрү көбйөгөнүн келтирген.

Топчүгүл Шайдуллаева аялдардын активдүүлүгүн жарандык сектордон көрсө болот деп эсептейт. Ал эми Шайлоо кодексинде атайын жобо болбосо, аялдардын өкүлдөрү партиялардын тизмелерине кирбей да калышмак деген оюн жашырбайт:

“Ушул жобо да аялдар кыймылынын аракеттери менен киргизилген. Ошол талаптын жазылып калганынан гана аялдар партиялык тизмеге ар бир төртүнчү болуп кирип келатат. Шайлоо кодексинде ушул талап жазылбаганда бүгүнкү күндө биздин парламенттин курамы таптакыр башкача болмок. Себеби аялдардын парламентке умтулууга эркектердикиндей мүмкүнчүлүктөрү жок. Кыргызстандын шартында партиялык тизмеге кирүүгө экономикалык мүмкүнчүлүк болуш керек”.

Быйылкы отчетто акыркы саптарга Пакистан жайгаштырылды. Ал өлкөдө аялдардын маянасы эркектердикине караганда 5 эсе аз. Аялдар арасындагы жумушсуздук эректерге караганда жогору. Пакистан тарыхында аялдар жогорку кызматтарды ээлеп келгени менен алардын саясий процесстерге катышуусу өтө төмөн, өмүр узундугу жагынан да эркектерден артта калышкан.

Баяндаманын авторлорунун бири Рикардо Оссман белгилегендей, коом үй-бүлөө күтүп же балалуу болгон аялдарга экономикалык турмушка аралашууга шарт түзгөндө гана гендердик теңсиздикти жоюуда прогресске жетишсе болот.

XS
SM
MD
LG