Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Газада БУУнун мектеби аткыланды


Газа тилкесине чек аралаш жерден Израил армиясы артиллериядан атууда, 30-июль, 2014
Газа тилкесине чек аралаш жерден Израил армиясы артиллериядан атууда, 30-июль, 2014

Израилдин армиясы 16 миң кишини аскерге кошумча чакырды. 8-июлдан бери армияга 86 миң такоолдогулар келип кошулду. Улуттар Уюму качкындар баш калкалаган мектепти аткылоону “кечиримсиз” иш деди. Муну АКШнын Мамлекеттик департаменти дагы айыптаганы менен Израилдин аты аталган жок. Израил армиясы болсо мектептин жанындагы согушкерлерге каршы сокку урганын билдирди.

Бейшембиде Газада байкоо салган пилотсуз учактардын үнү, бомбанын жарылганы менен артиллериядан атылган октун дүңгүрөгөнү угулуп турду. Газанын борбордук көчөсүндө анда-санда көрүнгөн жөө кишилер менен бирин-серин автоунаалардын жүргөнү гана болбосо, тургундарга үйдөн чыкпай отуруу эскертилген. Израил менен Газанын ортосундагы атайын тилкеде эшектер менен төөлөр танктарга аралашып жүк ташып жүргөнү көрүнөт. Газанын жашоочулары адатта кечке жуук израил армиясынын абадан урган соккулары башталып, түн ичинде жана таңга жуук атышуу жанданаарын айтышат.

Шаршембиде Израил төрт сааттык тыныгуу жарыялады. Бул маалда палестиндер курал-жабдыгын толуктап, медициналык жардам алчулар догдурга кайрылып, сөөктөрдү жерге берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок тыныгуу жарыялангандан жарым сааттан кийин эле атышуулардын үнү кайра угула баштады.

Израилдин армиясы төрт сааттын ичинде өз аймагына 26 ракета атылганын, Ашкелон жана Нетивот шаарларынын үстүнөн ракеталар жок кылынганын билдирди.

8-июлда Изарил аскерий операция баштагандан бери 200 миңден ашуун палестин качкындар 85тей атайын жайларда убактылуу баш калкалап отурат.

Качкындар жайгашкан Улуттар Уюмунун Газадагы мектеби шаршембиде аткылоого кабылгандан кийин кеминде 16 киши жок болду. Күбөлөрдүн айтканына караганда, мектепке тийген снаряд имараттын дубалдарын талкалады.

Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Боб Тернер Би-би-си кызматына кычкындар коргологон мектепти аткылоо эч кандай эскертүүсүз эле башталганын айтты. Дүйнөлүк уюмдун дагы бир өкүлү Крис Ганнесс Израил аскерлерине мектепте качкындар жайгашканы жөнүндө 17 жолу маалымат берилгенине карабай, аны аткылоо «дүйнөгө маскара болуу» деп айтты. «Улуттар Уюмунун карамагындагы жайларга кол тийбестикти сактоого жаңжалдын эки тарабындагыларды тең чакырабыз» деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху “Улуттар Уюмунун баш катчысы бул окуяга чейин эле Газадагы эки мектепте курал-жарак кампасы бар экендигин айтып, ХАМАСты мектептерди бутага айлантып жатканы үчүн айыптаган” деп билдирди. Израил ХАМАС кыймылы мектептерди атайын коңулга айлантып, ракеталарды атып жатат деп күнөөлөгөн. Шейшембиде Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Газадагы мектептен курал-жарак сакталган кампа табылганын билдирип, бирок мектептин атын жана кампа кимге караштуу экенин айтышкан эмес.

Газада БУУнун мектеби аткыланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

Палестиналык качкындар бир жагынан Израилге курал-жарак берип, колдоо көрсөтүүдө деп Батышты айыптаса, экинчи жагынан тышкы дүйнө анын ичинде араб өлкөлөрү көңүл бурбай жатканына нааразы. Шейшембиде Израилдин аскерий жетекчилиги өз армиясын оор курал-жарак менен жабдый тургандыгын билдирди.

Кошмо Штаттар 47 миллион доллар гуманитардык жардам бөлүүгө милдеттеме алды, анын 15 миллион доллары Улуттар Уюмунун агенттиктерине палестиналык качкындарга жардам берүү үчүн берилет.

Палестинанын ФАТХ, ХАМАС жана «Ислам жихады» топторунун өкүлдөрү келаткан күндөрү Каирде жолугуп, элдешүүнү талкуулашары маалымдалды.

8-июлда Газа тилкесинде башталган аскерий операциялардан бери 1300дөн ашуун палестиндер, көбү бейкүнөө адамдар жок болду.

Израил тараптап болсо 50дөн ашуун аскер, эки карапайым жаран жана Таиланддан келген жумушчу набыт болду.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG