Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Жо Байден Киевге барды


Жо Байден Киевге келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Жо Байден Киевге келди, 21.04.2014

АКШнын вице-президенти расмий маалыматтарга караганда, эки күндүк сапары маалында Украинага берилчү техникалык көмөк тууралуу жарыяламакчы.

Эки күндүк иш сапардын алкагында Байден убактылуу президент Олександр Турчинов, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк жана 22-апрелде Жогорку Раданын өкүлдөрү менен жолугат.

Ак үйдөн белгилүү болгондой, Байден жаңы украин бийлик өкүлдөрү менен экономиканы стабилдештирүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракетин, энергетика көйгөйлөрүн, жана чыгыш Украинадагы сепаратистик күчтөр менен болгон кагылышууну талкуулайт.

20-апрелде Украинанын чыгышындагы Славянск шаарынын четиндеги орусиячылдардын бекетине куралчан адамдар кол салганда аткылашуу болуп, эки жактан тең адамдар өлгөн. Кол салгандар ким экени аныкталган эмес.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич украин бийликтери “улутчулдар жана экстремисттер” менен күрөшүүнү каалабайт деп нааразылык билдирди.

- Славянскта болгон окуя Украинанын бийликтери дагы эле “экстремисттерди” ооздуктоону каалабай жатканын көрсөттү. Бул 17-апрелде Женевада кол коюлган төрт тараптуу макулдашуудан кийин болгону өтө таң калдырат. Ал документте “ зомбулуктун бардык түрүн, коркутуп-үркүтүүнү жана чагымдарды токтотуу керек” деп айтылган. Москва Украинадан алган жоопкерчиликти так аткаруусун талап кылат.

Аймактын орусиячыл бийлиги бул иш “Оңчул сектордун” өкүлдөрүнүн колунан келгенин далидөөчү документтерди жана башка материалдарды көрсөтүүгө даяр экенин айтышууда.

“Оңчул сектор” кыймылы болсо мындай айыптоолорду четке кагып, тескерисинче Орусиянын атайын кызматтарынын кылганы деп күнөөлөштү.

Украинанын коопсуздук кызматы болсо эч бир украиналык уюм кол салууга тиешеси жоктугун билдирди.

Бул окуяны “үчүнүчү” күчтөр жасашы мүмкүн деген божомол дагы айтылып келет.

Ал арада Славянск шаарынын башчылыгына өзүн өзү шайлап алган, сепаратисттердин орусиячыл лидери Вячеслав Пономарев коменданттык саат киргизип, Орусиянын тынчтык күчтөрүн жиберүүнү президент Путинден суранды.

Учурда Славянскты кошкондо чыгыш Украинанын орус тилдүү аймагындагы он администрациялык имарат орусиячыл сепаратисттердин кол алдында турат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Украинанын чыгышындагы куралчан топторду таркатууга багытталган эл аралык пландын жүрүшүн жана коомдук имараттарды мыйзамсыз басып алууну токтотууну көзөмөлгө алуу үчүн бара тургандыгы 20-апрелде айтылган.

Мындай планга 17-апрелде Женевада өткөн төрт тараптуу макулдашуунун негизинде Евробиримдик, Украина, Орусия жана АКШнын расмий өкүлдөрү кол коюшкан.

Америкалык эки сенатор Москва чыгыш Украинадагы окуяларды ырбатууну токтотпосо, Орусияга каршы экономикалык санкцияларды дагы катаалдатууга чакырды.

Сенаттын эл аралык иштер боюнча комитетинин өкүлү Боб Коркер 20-апрелдеги телекайрылууда Кремлге каршы санкциялардын ичине “Газпром” сыяктуу ири энергетикалык компанияларды жана банк секторун киргизүүнү белгиледи. Ушул эле комитеттин дагы бир өкүлү, сенатор Крис Мерфи Орусиянын нефтехимиялык тармагына дагы кысымды күчөтүүнү кошумчалады.

Ал арада АКШнын NBC телеканалына берген маегинде Украинанын премьер-министринин милдетин аткаруучусу Арсений Яценюк Орусия Украинанын ички саясатына кийлигишүү менен глобалдык туруктуулукту бузуп жатат деп айыптады.

"Биринчи жолу ыйык Пасха майрамында Украина башкалар тарабынан экиге бөлүнүп, кыйын абалда турат. Эгер биз бир болсок, жарык кайра жанып, Украина калыбына келет” - деген Яценюк Путин Советтер Союзун кайра түзгүсү келип жатат деп кошумчалады.

Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк болсо украин премьеринин билдирүүсүн “калп” деп дароо четке какты.

Пасха майрамында Ватиканда Рим Папасы Франциск Украинадагы зомбулукту токтотууга чакырып тилек кылды.

XS
SM
MD
LG