Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Каримованын көз жашы Европага жетти


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө баяндама (25-31-август)

Washington Post гезитинин журналисти Рик Ноак “Өзбекстандын камактагы канбийкесинин кызыктуу окуясы” аттуу макала жазып, анда Ислам Каримовдун авторитардык бийлигин Түндүк Кореядагы саясий режимге окшоштурат. “Каримов корей лидерлериндей өзүнө атаандашкандарды, каяшка айткандарды камап, соттоп жана өлтүрүп келет. Эми анын башкы атаандашы өз канынан жаралган кызы болууда. Февраль айынан бери эмне болгону дайынсыз Гүлнара Каримованын жардам сурап кыйкырган үнү Би-Би-Сиден чыккандан кийин, аз убакыт мурда гана Өзбекстанды титиретип турган кубаттуу саясий, экономикалык адамдын, өлкөдөгү эӊ атактуу камактагы канбийкеге айланганын биле алдык”, - деп жазат автор.

Британияда чыккан Economist журналы да Каримованын азыркы абалына кеӊири сереп салды. Өзбек диктаторунун “твиттерчи” кызынын жашоосундагы кыйынчылык Борбор Азиядагы эӊ кызыктуу окуялардын бири болду. Анын атасы өлкөнү баш көтөртпөй кармап туруусунан улам каалаганын кыла алган деӊгээлге көтөрүлгөнүн сынчылар, анын ичинде Ташкендеги Британиянын мурдагы элчиси менен кызматтан кеткен өзбек расмийлери да ырастап келишет.

Ошентсе да, Гүлнара Каримовага жан тартууга болбойт. Атасы өлкөдөгү мугалим, окуучу, догдурларды пахта тергич кулдай иштетип жатканда Гүлнара Бириккен улуттар уюмунун Женевадагы кеӊсесинде Өзбекстандын Адам укуктары боюнча элчиси болуп иштеп, мекениндеги болгон байлыкты өзүнө чогултуп, экономикалык, саясий кудурети артып турчу.

76 жаштагы Ислам Каримовдун саламаттыгы начарлады деген кабарлар 2013-жылдын декабрынан бери айтылып, анын ордун Гүлнара Каримова басышы ыктымал деген имиштерден кийин эле “принцессаны” камакка алышты деп жазат Economist журналынын аналитиги.

Чет элдикке үйлөнгөн кытайлардын чатагы

Экономикалык өнүгүүдөн улам байгер кытай эркектери чет элдик аялдарга көп үйлөнүп, бирок балалуу болгондон кийин акча, үй сыяктуу мүлк талашкан учурлар арбын катталып жатканын Кытай Жогорку Соту China Daily гезитине билдирди. 2013-жылы чет элдик аялга үйлөнгөн 5 272 киши сотко арызданган. Ажырашкандардын дээрлик бардыгы үй, кыймылсыз мүлккө жана бала багууга болгон укукту бөлүшө алышпаганы маалымдалат.

Жогорку Соттун башкы кызматкери Янг Йонгзиндин айтымында, кытай маданияты башкалардан кескин айырмалангандыктан, бөлөк улутка үйлөнөрдөн мурда эркектер айрым маселелерди колуктусу менен мурдатан чечип алышса жакшы болмок. Кытай эркектеринин көбү Улуу Британия, АКШ, канадалык аялдарга үйлөнүүдө.

Аракты эӊ көп ичкен улут – белорустар

Орусия 15,1 литр менен үчүнчү орунга чыкты
Орусия 15,1 литр менен үчүнчү орунга чыкты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө алкоголдук ичимдиктерди эӊ көп ичкен 10 улуттун тизмесин чыгарды. Көч башында жылына ар бир киши 17,5 литр арак ичип, белорустар турат деп жазат Market Watch аналитикалык басылмасы. Белорустардан кийин 16,8 литр ичип, молдовандар турса, Литва 15,4 литр, Орусия 15,1 литр менен үчүнчү орунга чыкты. Аталган өлкөлөрдө адам өлүмүнүн 35 проценти алкоголдук ичимдиктерден улам келип чыгууда. Орусия менен Болгария калкынын 17,5 проценти арактан улам келип чыккан оор илдеттерден жабыркайт.

Машинеде баласын унутуп калгандар

16 айлык уулун машинеге унутуп таштап кетип айрылып калган жубайлардын окуясы батыштын бардык басылмаларында эӊ көп окулган тизмекте орун алды. The Daily Mirror гезитинде Швейцариянын Ла Чокс де Фондс аттуу шаарчасында жубайлар эртеӊ менен жумушка барышып, арткы орундуктагы баласын бала бакчага таштаганды унутуп, ага кошумча аны машиненин ичине таштап кетишип, кечинде кеӊседен чыккандан кийин жансыз денесин табышканы маалымдалды. Наристенин ата-энесине кылмыш иши козголду. Бир нече апта мурда эле Америка Кошмо Штаттарынын атуулу Жастин Харрис да 22 айлык уулун жети саат бою машинеге таштап койгон. Бала чарчап калып, жоопкерчиликсиз ата адам өлтүрүү беренеси менен камакка алынган болчу дейт The Daily Mirror.

Шайлоочунун добушу - бир фунт

​Дүйнөдөгү атактуу eBay интернет дүкөнүндө Шотландиянын көз карандысыздыгына байланышкан референдумдагы добуштун баштапкы баасы 1 фунт деп сатыкка койгондор изделүүдө деп кабарлайт The Independent гезити. 18-сентябрга чейин референдумдагы “ооба” деп добуш берүүнүн баасын кийин аукционго катышкан колдонуучулар 10 фунтка чейин көтөрүшкөн. Шотландиянын полициясы мындай жорукту мыйзамга жат катары кабылдоодо дейт аталган басылма.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG