Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Лукашенко доллардан баш тартпайт


15-21-декабрь, эл аралык басма сөзгө баяндама

Узаган аптада чыккан дүйнөлүк басылмалардын дээрлик бардыгында Орусиядагы рублдин арзандоосуна байланышкан аналитикалык макалалар жарык көрдү.

Алсак Беларус президенти Александр Лукашенко министрлер кабинети менен чукул жыйынга чогулуп, "мындан ары Орусия менен соода-сатыкта рублди эмес, доллар же еврону колдонгула" деп буйрук бергенин кабарлайт Newsweek журналы.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

“Орусиянын улуттук валютасынын наркы түшкөн сайын биздин экспорттогу кирешебиз да 40 процентке азайып жатканы тууралуу кабар алдым. Мындан ары Орусия менен каржы байланышын жалаң евро же доллар менен ишке ашыруубуз зарыл”, - деген Лукашенко.

Ушул эле басылмада "Орусиянын эң бай 20 ишкери рублдин куну түшкөн эки күндүн ичинде 10 миллиард доллар зыян тартты деген кабар чыкты. Табигый газды соодалаган олигарх Леонид Михельсон 8,7 миллиард каражатынан кол жууган. “Мегафондун” ээси Алишер Усманов 58 процент кирешесин жоготуп, 6,8 миллиард доллар зыян тартты", -дейт Newsweek.

Беларуста чыккан Naviny гезити да Лукашенконун бул чечими орус ишкерлери менен кардарларын оор акыбалга салат деп жазды.

Путин Ким Чен Ынды Москвага чакырды

The Washington Post гезити Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2015-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналып, Москвада өтчү мааракеге бара турганын жазып чыкты.

Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

"Ким Чен Ынды Москвага Владимир Путин өзү чакырганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастады", - дейт макаланын автору Ишаан Зарур. Түндүк Корея лидеринин Москвага баруусу 2011-жылы бийликке келгенден берки алгачкы чет элдик иш сапары болмокчу. “Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусуна тарых да себепкер. Анткени Түндүк Кореяда тоталитардык режимдин курулуусуна Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзу өбөлгө түзгөн. Өлкөсүндөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай, Владимир Путин 2015-жылдын 9-майында Жеңиш майрамынын урматына чоң салтанат өткөрүүнү пландоодо”, - деп жазат The Washington Post гезити.

Түрк журналисттеринин камалуусу сындалды

"Узаган аптада Түркияда жыйырмадан ашуун журналист жана башкы редакторлордун камакка алынуусу эл аралык адам укугун, сөз эркиндигин коргоочу топтор тарабынан катуу сынга алынды" деп жазат The Guardian гезити.

"Заман" гезитинин Экрем Думанлы.
"Заман" гезитинин Экрем Думанлы.

"Түркиядагы бул окуяны Британиянын медиасы да сындоодо. Ошондой эле Human Rights Watch уюму: “Бул окуя сөз эркиндигине урулган чоң сокку” деп баалады. Эл аралык Журналисттер федерациясы: “Басма сөз эркиндиги менен Түркия демократиясына жасалган чоң зомбулук” деп сыпаттады. Ал эми Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоочу комитет, Венадагы Эл аралык басма сөз институту, PEN International, Британиянын улуттук журналисттер бирикмеси да тынчсыздануусун билдирген. Бирок Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мындай кооптонууларды четке кагып, камакка алынган 23 журналист АКШдагы Фетхуллах Гүлен менен байланышы болгондон улам экенин бетке кармоодо", - деп жазат The Guardian.

Гейшалардын кызматы арзандайт

"Жапонияга 2015-жылдан тарта бара турган туристтер үчүн гейшалардын кызматы арзандайт", - деп кабарлайт Asian Nikkei Review басылмасы.

Хаконе Ичиною компаниясы Жапон улуттук маданий мурасы болгон гейшалык кызматты мындан ары чет элдиктерге мурдагыдан арзаныраак сунуштамакчы.

"Мурда гейшалардын кызматы саатына 5 миң йен болсо, апрель айынан тарта 3 миң йенден бааланмакчы. Бул 25 АКШ долларына барабар. Токиого жакын жайгашкан Хаконе шаарына жылына 20 миллиондой турист барып, айрыкча бул шаардагы Фудзияма чокусу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине алынгандан бери чет элден атайылап баргандар арбыган", - деп билдирет Asian Nikkei Review.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG