Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04

Рахмон кара хижаб кийгендерди сындады


Эл аралык басма сөзгө баяндама (30-март-6-апрель).

1-апрель - Энелер күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө хижаб кийип жүргөн кыз-келиндерге карата катуу сын айтты. Бул тууралуу Euroasianet басылмасында чыккан макалада айтылат.

“Рахмон хижаб кийүү тажиктерге жат көрүнүш деп айтып, айрыкча кара хижабчандарга кескин сын такты. Анын бул сөзүнөн кийин дароо эле өлкөдө исламий кийимдерди саткан дүкөндөрдү расмий органдар кысымга алып, мамлекеттик телеканалдан "хижабды сойкулар гана киет" деген кабарлар таркай баштады”, - деп жазылган макалада.

Тажикстан элинин дээрлик баары ислам динин тутат. Ошентсе да Эмомали Рахмон элди тажик улуттук өзгөчөлүгүн сактоого ар дайым чакырып келет. Дүйшөмбү шаарында хижаб саткан бардык дүкөндөр Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан тинтүүгө алынып, салык кызматтары мындай жайларга төлөмдөрдү бир нече эсеге көбөйтүп жиберди. Ал арада айрым аялдар хижаб кийгендердин укугу бузулуп жатканын аталган басылмага билдиришкен. 2007-жылы Тажикстанда мектеп окуучуларына хижаб кийүүгө тыюу салынган.

Ар бир онунчу европалык мусулман болот

Орусиядагы айт намаз
Орусиядагы айт намаз

Америкада жарыяланган “Дүйнөлүк диндердин келечеги” аттуу изилдөө 2050-жылга чейин жер жүзүндө христиандар эмес, ислам динин туткандардын саны көбүрөөк болорун кабарлады. Бул тууралуу дээрлик бардык эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Британиянын The Independent гезити мындан бир нече жылдан кийин Европадагы калктын ар бир онунчусу мусулман болорун кабарлайт. 2010-жылга чейин христиан динине киргендердин саны 2,9 миллиард болуп, ислам 1,6 миллиард адамы менен экинчи орунда турган. Бирок бир нече жылдан кийин дүйнө калкынын 31 пайызы мусулман болору божомолдонууда. Ал арада индуизм динине киргендердин саны да артып, 1,4 миллиардга жетмекчи.

Жогорудагы изилдөөгө катышкан окумуштуулардын бири Конрад Хэкетт New York Times гезитине маек куруп, 2050-жылдан кийин Европанын аты “Евроарабия” болуп өзгөрүшү ыктымал деген. Мусулмандардын мынча тездик менен көбөйүү себебин илимпоздор алардын төрөлүү санынын жогору экендигине байланыштырууда. Себеби ар бир христиан аял эң көп дегенде эки бала төрөсө, мусулмандар үчтөн ашык балалуу болушууда.

Түрк бийлиги Голливуд жылдызын кубалады

Голливуддун атактуу актрисасы Жулианна Мур Түркиянын туризмин чагылдырууга байланыштуу жарнамалык тасмада роль жаратмак. Бирок Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана айрым депутаттарынын талабы менен америкалык актриса тасмадан четтетилип, аталган долбоор ишке ашпай калганы калды деп маалымдайт Hurriyet Daily басылмасы.

Түрк бийлиги Жулианна Мурга “таланты жок актриса” деген баа берген. Улутчулдар кыймылы партиясынын Түркия парламентиндеги өкүлү Рухсар Демирел: “Эмнеге Түркияны чет элдик аялдын аты жана денеси менен жарнамалашыбыз керек?”, - десе, Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматташтык министри Айшенур Ислам: “Эмне үчүн Голливуддун бир жылдызына Түркияны таанытып бер деп толтура акча төлөөгө милдеттүүбүз?” – деген.

Жапония кыштактары элсиз калууда

Foreign Affairs журналы акыркы санында Жапонияда эл калбай калган кыштактардын көйгөйүн көтөрдү. Нагоро аттуу айылда мындан бир нече жыл мурда 10 миң тургуну бар болсо, азыр 35 гана адам калган. Анда жашаган Аяно Цукими аттуу карыган аял айылдагы кишилерди жоктотпоюн деген максатта киши бою келген жүздөгөн куурчактарды жасап, айылдагы ар кайсы жерге коюуда. Учурда он куурчакка бирден гана киши туура келип калган.

Жапырт шаарга көчүүдөн улам азыр жапон калкынын төрттөн үч бөлүгү ири калааларда жашайт. "Бул өлкөдө айылдар бара-бара жоголору күтүлүүдө" дейт Foreign Affairs.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG