Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ханзаада 32 млрд. долларын садага чапты


Сауд Арабиясынын ханзаадасы, миллиардер Аль Валид Бин Талал
Сауд Арабиясынын ханзаадасы, миллиардер Аль Валид Бин Талал

Эл аралык басма сөзгө баяндама (29-июнь - 5-июль)

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, Сауд Арабиясынын ханзаадасы Ал Валид бин Талал 32 миллиард доллардык байлыгын кайрымдуулук үчүн бермей болду. Анын бул аракетин дүйнөдөгү дээрлик бардык басылмалар жазды.

Британияда чыккан The Guardian гезити араб ханзаадасынын ири өлчөмдөгү кайрымдуулук каражатын дүйнө кантип пайдаланса болоруна жооп издеген.

2013-жылы Forbes Талал ханзааданын 20 миллиард доллар байлыгы барын, дүйнөдөгү байлардын тизмесинин 26-сабында турарын жазган. Жакынкы Чыгышта падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү ичинен Талалга байлыгы жагынан эч ким караандабайт. Анын Apple, Twitter, Citigroup, Canary Wharf сыяктуу ири компанияларда олчойгон үлүштөрү да бар эле.

"Сауд Арабиясынын падышасы Салмандын тууганы, бул өлкөнү түптөгөн Абдулазиз падышанын небереси Талалдын байлыгын дүйнө эми кантип колдонот? Айрымдар анын бул садагасы ислам дүйнөсүндөгү кыздардын кат-сабатын жоюуга жумшаларын айтууда. Эгер андай болсо 20 миллиондон ашуун кыздын билим алууга жолу ачылмак. Ханзаада өз мээнети менен байыганын дайыма айтып келет. Айтымы, атасы ага мураска 300 миң доллар жана үй калтырган. Калганын 1991-жылдан бери ар кандай баалуу кагаздар рыногунда иштеп жүрүп өзү чогулткан. Деген менен 60 жаштагы ханзааданын 32 миллиард доллардык байлыгын кайрымдуулукка бергенин дүйнө коомчулугу кубаттоо менен кабылдады. Бул дүйнө тарыхындагы эң чоң суммадагы садака катары рекорд койду" деп жазат The Guardian.

Клинтон үчүн акча топтолууда

Ал арада АКШда 2016-жылы өтө турган президенттик шайлоого ат салышчу Хиллари Клинтон үчүн Жорж Сорос, Хаим Сабан баш болгон байлар акча чогултуу аракетин ишке ашырып, 24 миллион доллар топтолгонун жазат The Washington Post гезити. Хилларинин атаандашы, Вермонт штатынын сенатору Берни Сэндерс 15 миллион доллар чогулткан.

"Бардык талапкерлер ичинен Хиллари айымдын каржылык фонду көптүгү айтылууда. Ал былтыртан бери шайлоо үчүн 45 миллион доллар топтогон. Клинтонго акча бергендердин көбү демократиялык партиянын донорлору. Мындан тышкары шайлоочулардан да фондго акча түшүп жатат. Ар бир шайлоочу кеминде 250 доллардан таштаса эле 400 миң шайлоочунун акчасы чогулуп калат" деп жазат The Washington Post.

Өзбекстанда айланган Батыштын учактары

Испаниялык фотожурналист Жей Эй Алмарзанын өзбек туусу куйругунда тартылган Airbus үлгүсүндөгү аскерий учактын сүрөтүн Испаниядагы абамайдандан тартып алуусу Өзбекстан бир нече жылдан берки Батыш санкцияларынан бери алгач ирет аскерий соодага киришкенинен кабар береби деп жазат EurоasiaNet басылмасынын аналитиги Жошуа Кучера.

“C295W маркасындагы аскерий сегиз учак Испаниядан Сауд Арабиясына сатылганы маалымдалган. Бирок Өзбекстандын туусу эмнеге алардын бирөөсүнө жабыштырылганы түшүнүксүз. Адам укуктарынын абалы начар болгондон улам Батыш бир нече жылдан бери Өзбекстан менен аскерий соода-сатыкты токтоткон. Буга чейин бул өлкө Орусиянын аскерий товарын сатып алып келген” , - деп жазат Кучера.

Аялдар тартип менен төрөсүн!

The Wall Street Journal Кытайда аялдар уруксат менен кош бойлуу болсун деген жаңы шарт чыкканын жазып чыкты.

"Чажоу шаарында турмушка чыгып, иштеген аялдар кош бойлуу болордон мурда жетекчилигинен атайын уруксат кагаз алуусу керек. Арыз жазганда алар кош бойлуулугу, төрөтү канчага созуларын, андан кийин кайсы мезгилде жумушка чыгарын так белгилеп көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде алардын арызы жумуш берген компаниянын “төрөт планына” дал келсе, анда уруксат берилет. Дал келбей калса миң юандан ашык айып пул төлөп, иштен чыгып калуу коркунучуна кабылат. Мындай шарттар Кытай коомчулугунда кызуу талкууланып жатат" дейт The Wall Street Journal.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG