Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

AI: Балкан мамлекеттери мигранттарды аяган жок


Сербия менен Македрниянын чек арасында уктап жаткан мигрант. 2-июль, 2015
Сербия менен Македрниянын чек арасында уктап жаткан мигрант. 2-июль, 2015

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму бир катар Балкан өлкөлөрүн мигранттарга карата катаал мамилеси үчүн айыптады.

Уюмдун жаңы баяндамасында жаңжал орун алган Сирия, Ооганстан жана Африка өлкөлөрүнөн Балкан аркылуу Евробиримдикке карай бараткан мигранттар оор тагдырга кабылып жатканы айтылган.

“Миңдеген качкындар, баш калка издегендер, мигранттар, анын ичинде балдар да Балкан өлкөлөрү аркылуу Евромейкиндикти көздөй бараткан кезде бийликтер жана кылмыш топтору тарабынан аёосуз кыянатчылыкка жана опузага, тоноого кабылышкан” деп айтылат Amnesty International уюмунун баяндамасында.

Ооган качкындары. Венгрия-Сербия чек арасында
Ооган качкындары. Венгрия-Сербия чек арасында

Уюмдун Сербия, Македония, Греция жана Венгриядагы өкүлчүлүктөрү изилдөөнү былтыркы жылдын июль айынан быйыл мартка чейин жүргүзгөн. Анда Евробиримдикке кирген мамлекеттердеги миграциялык жана качкын макамын берүү жаатында башкаруунун жетишсиздигинен улам жаңжал токтобой жаткан аймактардан качкан адамдар Сербияда жана Македонияда эч кандай коргоосу жок камалып калганы айтылат.

“Аймакта башкалка издеген качкындардын жана мигранттардын саны көбөйгөндөн улам Сербия менен Македонияга таасири да болууда” деп билдирди Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Гаури ван Гулик. Ал Балкан мамлекеттерин “качкындар жана мигранттар агымын” кабыл алууга чакырды. Бирок Евробиримдик аларды кабыл алууну каалабай тургандай.

Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, көптөгөн мигранттар жергиликтүү полицияга 100 еврого чейинки суммада пара берүүгө мажбур болушкан.

Ошондой эле мигранттар Венгрия менен чек арада серб полициясынын түрткөн, тепкен катаал мамилесин айтышкан. Алардын сөзүнчө беш айлык боюнда бар ооган келин сабалган учур да болгон.

Өткөн аптада серб полициясы 29 полициячыны жана бажы кызматкерлерин кызматынан кыянат пайдалаган деп камакка алды. Аларга мигранттарды чек арадан Венгрияга мыйзамсыз өткөрүү үчүн пара алган деген айып коюлган. Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Гаури ван Гулик жүргүзүлүп жаткан чараларга карабай Сербия жана Македониянын бийликтери мигранттардын жана качкындардын укугун коргоо үчүн мындан да көп аракеттерди жасашы керек деп эсептейт.

Сирия, Ооганстан, Египет, Эритрея, Ирак, Нигерия, Сомали, Судан жана Тунистен Балкан өлкөлөрү аркылуу Евромейкиндикке жол тарткан мигранттар саны акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өстү.

Мигранттар Сербия-Македония чек арасында
Мигранттар Сербия-Македония чек арасында

Уюмдун маалыматында, маселен, Сербия-Венгрия чек арасынан өз алдынча мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кезде кармалгандардын саны 2010-жылдан бери 2500 пайызга көбөйгөн. Мындан беш жыл мурда 23070 киши колго түшсө, алардын саны азыр 60 602 адамдан ашкан.

Балкан өлкөлөрүн кесип Евробиримдикке жетүү Ливиядан Жер ортолук деңизи аркылуу келгенге караганда коопсуз саналат. Качкындар Түркиядан деңиз аркылуу Грецияга барып, андан ары кургактагы жолдор менен Сербияны жана Македонияны басып өтүп, Евробиримдикке мүчө мамлекет Венгрияга жетүүгө аракет кылышат. Жер ортолук деңизи аркылуу келүү мындан кооптуу жана машакаттуу. БУУнун маалыматы боюнча, быйылкы жылы эле Жер ортолук деңизи аркылуу жолго чыккан мигранттардын ичинен 1800дөн көп адам чөгүп өлгөн.

Жаңжал орун алган Сирия, Ооганстан жана Африка өлкөлөрүнөн качкан мигранттар арасында өзгөчө белгилүү болуп жаткан Балкан маршруту Венгрияда баш калка берүү шарттарын катаалдантуу жана Сербия менен чек арага дубал тургузуу демилгесинин көтөрүлүшүнө түрткү болду.

Amnesty International уюму Евробиримдикти миграциялык жана качкын макамын берүү шарттарын кайра ойлонууга чакырды.

XS
SM
MD
LG