Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

Дэвис: "Санта-Барбарага" акча табыш үчүн тартылгам


Дэвис: "Санта-Барбарага" акча табыш үчүн тартылгам
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00

Дэвис: "Санта-Барбарага" акча табыш үчүн тартылгам

Мурдагы Советтер Союзунда 1990-жылдары абдан популярдуу болгон "Санта-Барбара" телесериалында Мейсондун ролун аткарып, көпчүлүккө таанымал болуп калган америкалык белгилүү актер, режиссер Лэйн Дэвис театрда улуу жазуучу Уильям Шекспирдин чыгармаларын жайылтып келатат.

Ушул күндөрү ал Прагадагы Шекспир театралдык тобунун курамында "Ла Манштык адам" мюзиклинде Дон Кихоттун ролун аткарууда. Сахнадагы ишинен тыныгуу маалында "Азаттыктын" Прагадагы студиясына келип маек курду.

"Азаттык": Бизге убакыт таап маектешүүгө макул болгонуңузга ыраазыбыз. Мен сиздин аткарууңуздагы Дон Кихотту жаңы эле көрүп келдим. "Санта-Барбарадан" кийин таптакыр башкача ролдо көргөн ачылыш болду. Сиз көп жылдардан бери атактуу Шекспирдин чыгармаларын театрларда коюп, "Гамлет", "Макбет" жана башка оюндарда башкы ролдорду аткарып келатасыз. Прагага келишиңиз да Шекспирдин чыгармачылыгын колдоо алкагында го?

Лэйн Дэвис: Ооба, мен Прагадагы Шекспир театралдык тобун жетектеп жаткан Гай Робертсон менен бир нече долбоордо иштешкем. Сервантес атактуу "Дон Кихот" чыгармасын Шекспир мыкты чыгармаларын жаратып жаткан доордо жазган экен. Ошондуктан Прагадагы Шекспир тобу Дон Кихот мюзиклин коюп көрөлү деп чечип, мени башкы ролду аткарууга чакырып калышты. Мен ал чакырууну кабыл алдым. Төрт жумадай даярданып, азыр сахнада коюп жатабыз. Баш-аягы Прагада үч айдай турат экемин.

Мейсонго окшоп улам бир аялдын артынан жүгүргөн жокмун. Аялым, эки балам бар.

"Азаттык": Сизди бул ролдо көргөн кызыктуу болду. Кандай болбосун жагдайда, кандай жаман адамдар курчап турса да, өзүн башкача бактылуу, баарына топук сезген Дон Кихоттун образы мыкты берилиптир. Мюзиклде абдан көп ырдайт экенсиз. Ырчылык өнөрдү окудуңуз беле?

Лэйн Дэвис: Университетте окуп жүргөндө вокалдан сабак алгам. Актерлукту окуп бүтүргөндө ырдаганды да мыкты билсең жакшы ролго илинүү мүмкүнчүлүгү эки эсе жогорулайт. Жаш актер кезимде жакшы ырдасам ачка калбасымды түшүнүп, үнүмдү таптап тарбиялап, ырдаганды жакшылап өздөштүрүп алгам.

"Азаттык": Сиз аткарган Дон Кихот кандай шартта, кандай жагдайда болбосун баарына ыраазы, ичинде кыпындай кири жок ак көңүл каарман болгондуктан, азыркы биздин заманда адамдар көбүнчө турмушка нааразы болуп, наалыганды жакшы көрөрү мурункудан да айкын боло түштү мага. Сизге да ошондой сезилеби?

Лэйн Дэвис: Чынында баарыбызда тандоо бар. Биз тегерегибиздеги жалаң терс, ыплас көрүнүштөрдү гана көрүп ошолорго басым жасап жашайбызбы, же ошол эле жагдайда жакшы, жагымдуу нерселерге көңүл бурабызбы? Ар дайым жакшылыкка ишенип жашаган адам өзүн бактылуу сезет. Праганын көчөлөрүндө басып жүрүп бир аз акыр-чикир жатса ошону көрүп, дубалдарга чийилген граффитилерден башканы көрбөй нааразы болушубуз мүмкүн. Же орто кылымдардан бери сакталып калган уникалдуу архитектура, майда таштар шурудай төшөлгөн кооз көчөлөрүн, сулуу, келбеттүү жашоочуларын көрө алабыз. Биздин жашоо дайым эле беймарал, телегейибиз тегиз боло бербейт. Ошентсе да, турмушта Дон Кихоттой болуп ар дайым бактылуу болууну тандасак болот экен.

"Жашоо философиясын Шекспирден үйрөндүм"

"Азаттык": Сиздин мүнөзүңүз, жан дүйнөңүз Дон Кихоттун оптимизмине жакынбы?

Лэйн Дэвис: Кээ бир жактары окшош десем болот. Профессионал актердун жашоо турмушу дайыма эле каалагандай тынч, бир калыпта болбойт, өйдө-төмөнү көп жашоо. Ролдор кээде бар, кээде жок, алар бирде жакса, бирде жакпайт. Акча бирде бар, бирде жок. Ар кайсы жерде көчүп конууга туура келет. Ошонун баарына баш ийип, актердук кесибиңди баарынан жогору койгонго үйрөнөсүң. Ушул кесибиңди сүйүп жашап өзүңдү бактылуу сезгенди үйрөнсөң, анда эч кандай кыйынчылык сезилбей да, байкалбай да калат.

"Азаттык": Шекспирдин көп чыгармаларында аткарып, өзүңүз атайын фестивалдарды да уюштуруп келатасыз. Анын каармандарын эл арасында жайылтып, аткарууңузга эмнелер башкы себеп, же түрткү болууда?

Лэйн Дэвис: Шекспирдин каармандарынын ички дүйнөсү, мүнөзү абдан бай, терең. Жазылган тили да бир укмуш. Шекспирдин каармандарын аткарып атканда сөздөр куюлушуп, ырдап аткандай эле болосуң. Эмоцияларды, ички сезимдерди Шекспирдин тили оргуштатып жүрөгүңдүн түбүнөн сууруп чыгарып берет, азыркы чыгармалар менен салыштырып да болбойт.

Жаш кезимде илгерки кооз костюмдарды кийип, кылыч, найза көтөрүп сахнада ойногон кызык болгон. Кийин Шекспирдин чыгармаларына сүңгүп кирген сайын жашоомдогу эң чоң кумарга айланды.

Мен дин менен иши жок секулярдуу адаммын, бирок ошол эле Библияда, Куранда, башка ыйык китептерде жазылган адамзат үчүн эң негизги баалуулуктарды, жаман адам болуу, жакшы адам болуу кандай экенин, турмушта ак менен караны айырмалай билүүнү дал ушул Шекспирдин чыгармаларынан үйрөндүм.

"Азаттык": Дон Кихотту аткарып атканда бир эпизоддо сиздин жүзүңүздөн каарманыңыз периштеге айланып бараткандай сезилди. Өзүңүзгө байкалабы ошондой кубулжуган көрүнүш?

Лэйн Дэвис: Кээде актер менен театрдагы көрүүчүлөр ортосундагы байланыш ушунчалык бекем болуп, өзуңдү башкача сезип кетесиң. Дал ошондой учурлар актер үчүн кесиптин башкы маңызы, керек болсо ошондой байланыш, ошондой учурлар үчүн жашап иштейсиң. Андай чыгармачыл эргүүнү сөз менен түшүндүрүп жеткирүү да мүмкүн эмес.

"Мейсондун ролунда жашоого туура келди"

"Азаттык": 1990-жылдары Советтер Союзунда абдан популярдуу болгон "Санта-Барбара" телесериалында Мейсондун ролун аткаргансыз. Биз жакта сизди көпчулүк ошол ролуңуз аркылуу таанышат. Жанараак Кыргызстанга да баргам дедиңиз. Кандайча барып калдыңыз эле?

Лэйн Дэвис: Ооба, мен мындан сегиз жыл мурдараак Бишкекке, Ысык-Көлгө баргам. Кыргызстандык белгилүү режиссер Болот Шамшиев жакшы досум болот. Биз биринчи Казакстанда жолугуп достошуп калдык. Ошондон бери Болот, анын үй-бүлөсү менен досторчо байланышып турабыз. Мен саякаттаганды жакшы көрөм, кесибим аркылуу көп таланттуу кишилер менен таанышып достошуп калдым.

"Азаттык": Орусия, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстанда болуптурсуз. Актердук чеберчиликте айырмачылык бар бекен Америка менен бул өлкөлөр ортосунда?

Биздин жашоо дайым эле беймарал, телегейибиз тегиз боло бербейт. Ошентсе да, турмушта Дон Кихоттой болуп ар дайым бактылуу болууну тандасак болот экен.

Лэйн Дэвис: Актерлук кесип, чеберчилик бардык жерде эле бирдей. Азыр Америкада деле көпчүлүк актерлор атактуу Константин Станиславскийдин ыкмасын башкы пайдубал катары өздөштүрүп окушат. Станиславский бардык тааныган актерлорунан тажабай "ушул ролду кантип аткарасыз?" деп сурай берип, алардын айткандарын анализдеп, жалпы система иштеп чыккан. Дүйнө жүзү азыр Станиславскийдин актердук чеберчилик системасы деп таанышат, окушат.

"Азаттык": "Санта-Барбарадагы" ролуңуз чыгармачылыгыңызда кандай орун ээлейт? Ал сериал СССРдегидей эле Америкада да популярдуу болду беле?

Лэйн Дэвис: Америкада популярдуу эле болгон, бирок СССРдегидей эмес. Ал сериалга акча табыш үчүн эле катышып калгам. Беш жылдай ошол сериалда Мейсондун ролун аткарып иштедим. Башында ушунчалык узак болот деп ойлогон эмесмин. Бир аз акча таап иштеп алайын деп ойлогом, кийин узарып кетип, ал ролдо жашоого туура келди.

"Азаттык": Андагы каарманыңыз Мейсондун мүнөзү сизге жакынбы?

Лэйн Дэвис: Жок (күлөт). Бактыга жараша, мен эч качан алкоголду Мейсондой көп ичкен жокмун. Экинчиден, ага окшоп улам бир аялдын артынан жүгүргөн жокмун. Аялым, эки балам бар. Аялым башынан эле белгилүү студияда музыкалык редактор болуп иштейт, актриса эмес.

Бир уулум "Санта-Барбарага" жаш кезинде тартылып калып, ошол бойдон актер болуп кетти. Экинчиси биомедицина боюнча адис, абдан акылдуу жигит. Мейсондун мүнөзү мага көп жагынан жат десем да болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG