Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

Малдын чаңы ден соолукка пайдалуу


Малдын чаңы кээ бир оорулардан сактайт. Рак клеткаларын кайра ордуна келтирүү жолу табылды. Ал эми АКШда малдын таштандысынан эко-керосин жасашкан.

Белгиялык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, көп мал кармаган үйдө же фермада өскөн адам астма сыяктуу аллергиялык дарттарга аз чалдыгат.

Белгилүү болгондой, көптөгөн аллергиялык оорулар узак убакыт чаң жутуп жүргөндөн пайда болот. Деген менен Белгиядагы биотехнологиялык институттун илимпоздору фермада же мал көп кармалган жердеги чаңдын түзүмү башкача экенин аныкташкан.

Окумуштуулардын айтуусунда, фермаларда пайда болгон чаң адамдын организминде астма жана бир канча аллергиялык дарттарга каршы тура турган А20 протеиндин пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ошонун негизинде адамдын иммунитети күчтүү болуп айрым дарттардан оолак болот. Мындай бүтүмгө илипоздор 2000ге жакын фермада өскөн өспүрүмдөрдү текшерип көргөндөн кийин келишкен.

Изилдөөчү топту жетектеген профессор Хамида Хаммаддын оюнда, учурда окумуштуулар фермалардагы чаңдын түзүмүндө кайсы зат дарттан коргоочу протеинди пайда кыларын изилдөөдө. Анын айтуусунда, эгер бул зат аныкталса, анда астма сыяктуу оорулардын вакцинасын жасоого шарт түзүлөт.

Рак клеткалары жакшы клеткага айланат

АКШдагы Майо клиникасынын адистери адам денесиндеги рак клеткаларын кадимки клеткага айландыруу жолун изилдеп чыгышты. Бул кабар Nature Cell Biology журналында жарыяланган макаладан маалым болду.

Аталган журналдагы маалыматка ылайык, изилдөөчү топ микро РНК(Рибонуклеин кислотасы) иштеп чыгуу процессинде ракка айланып бараткан клеткаларды кайра кадимки абалына кайтаруу жолун иштеп чыккан.

Изилдөөнү жетектеген адис Панос Анастасиадистин айтуусунда, денеде РНКлардын иштелип чыгуусу ордунда болсо, бул рак клеткаларынын өсүшүн токтотконго табигый инструмент болуп берет. Муну окумуштуулар белоктор менен биологиялык микропроцессорлордун аралашуу кубулушун көзөмөлдөп жатып байкап калган.

Адистердин пикиринде, бул ачылыш рак оорусу менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасына жол ачат. Алгачыкы ирет бул ыкма рактын агрессивдүү түрлөрү менен күрөшкөнгө колдонулуп, жакшы жыйынтык берген.

Тезектен керосин жасалат

Ал эми калифорниялык илимий изилдөөчүлөр бодо малдан бөлүнүп чыккан көңдөң эко-керосинди жасап чыкканы маалымдалууда. Учурда бул "жашыл" керосинди колдонгонго кызыккан ишканалар көбөйүүдө.

Окумуштуулардын белгилешинче, малдын кыгындагы бактериялар газ бөлүп чыгарат, ошол газдан жасалган суюк отунду учактар керосиндин ордуна колдонсо болот.

Буга чейин бул эко-керосинди адам ташуучу United Airlines компаниясы жана өлкөдөгү кээ бир аскердик учактар кадимки керосин менен аралаштырып колдонуп келген.

Мындан сырткары жакында эле FedEx жана Southwest Airlines учак ишканалары да "жашыл" керосинди колдонгонго сертификат алганы белгилүү болду.

Маалыматтарга ылайык, учурда өлкөдө биокеросин өндүрүп чыгарган компанияларга бодо малдын таштандысы менен, келишимдин негизинде фермелер камсыз кылып турат.

XS
SM
MD
LG